Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган оппозицияны алардын “коррупция дөңгөлөгү” ачыкка чыккандан кийин “көчө террорун” токтотууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
“Мен Республикалык элдик партиянын (Түркиядагы негизги оппозициячыл партия – ред.) жетекчилигине эскертем, силер деңгээлди канчалык төмөндөтсөңөр да пайдасы жок, паста түтүктөн агып чыгып атат. Силердин коррупция дөңгөлөгүңөр ачыкка чыкты. Баткакты оңго-солго чачканды токтоткула, көчө террорун токтоткула… Бизди да жана улутубузду да өзүңөрдүн башыңар малынган чуңкурга сүйрөп кирүүгө аракет кылбагыла. Эгерде өзүңөрдү сыйласаңа, чынчыл жана ачык болгула”, – деди түрк лидери шаршемби күнү парламентте сүйлөгөн сөзүндө.
Эрдоган оппозицияга кайрылып жатып, белгилүү орус жазуучусу Александр Солженицынга таандык болгон белгилүү бир фразаны келтирди: “Алар калп айтып жатышат. Биз алар жалган сүйлөп жатканын билебиз. Алар биз алардын калп айтып жатканын биле турганыбызды да билишет”.
Түрк лидери ошондой эле полицияны провокация кылган беткапчан демонстранттарды “террорчулар” деп атады.
Стамбулдун камакка алынган мэри, эң ири оппозициялык Республикалык элдик партиянын (CHP) мүчөсү Экрем Имамоглуну колдогон нааразылык акциялары өткөн аптадан бери Анкара, Стамбул, Измир жана башка бир катар шаарларда уланууда. ЖМКлардын жазганына караганда, Түркиянын соту 23-мартта коррупцияга шектелген Имамоглуну камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок экинчи террордук иш боюнча тергөөнүн алкагында камакка алуу өтүнүчү четке кагылды. Имамоглу менен бирге мэриянын бир катар жогорку даражалуу кызматкерлери камакка алынган.