Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, мурдагы Билим берүү жана илим министри, журналист жана жазуучу Каныбек Иманалиевдин кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, жаратылыш байлыктарын даңазаланган “Кыргыздар” аталышындагы китеби фарсы тилине которулду.
Китеп Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү тарабынан “Fars News” агенттиги менен кызматташтыкта басылып чыгарылды.

3 of 3
-+

“Кыргыздар” китеби орус, кытай, немис, араб, англис, француз, япон жана түрк тилдеринде да жарык көргөн. Эми минтип чыгарма фарсы тилине да которулуп, окурмандарга тартууланды.
Т
Чыгарманы фарсы тилине Жовид Мирзоев которгон. Китеп алгач 200 тираж менен чыкты.
Иманалиевдин китебинде кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары даңазаланат. Чыгарма ошондой эле бир канча эл аралык китеп жарманкелерде сыйлык алган.
Алгач китептин 14 томдугу, андан соң 20 жана 40 томдугу жарык көргөн. Кырк томдук китеп 30 миңдей барактан, 9 млн сөздөн турат. Анын ичинде миңден ашык автор бар.
“Кыргыздар” тарыхый китебинин алгачкы 1-2-томдуктары 1990-жылдары жарык көргөн. Анын башында жазуучу Кеңеш Жусупов турган.