Кыргызстан Газанын азап чеккен эли үчүн эмне кыла алат?

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан 52 миң 365 киши набыт болду, алардын басымдуу бөлүгү аялдар жана балдар. Миңдеген сөөктөр дагы эле кыйраган үйлөрдүн, мечиттердин, мектептердин жана ооруканалардын урандыларынын астында жатат, тынымсыз аткылоодон улам аларды алып чыгууга мүмкүн эмес. Бул жөн гана гуманитардык катастрофа эмес – бул БУУнун 1948-жылдагы Конвенциясында бекитилген геноциддин аныктамасына кирген элди системалуу түрдө жок кылуу.

2024-жылдын 18-мартында Израил массалык бомбалоону кайра баштады жана ошол эле учурда Газаны толук блокадага алды: тамак-ашка, сууга, дары-дармекке жана гуманитардык жардамга жетүүгө бөгөт коюлган. Эки айдан ашык убакыттан бери эки миллион адам, анын ичинде 600 миң бала ачарчылыктын жана абсолюттук үмүтсүздүктүн шарттарында жашап жатат. Эл аралык укук, анын ичинде Женева конвенциялары жана Эл аралык кылмыш сотунун Рим статуту мындай аракеттерди ачык түрдө согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар катары классификациялайт.

БУУнун ондогон резолюцияларына, Эл аралык соттун буйруктарына жана ок атышууну токтотууга коомчулуктун чакырыктарына карабастан, Газадагы кырдаал курч бойдон калууда.

Ал эми Кыргызстан адилеттүүлүктү, эл аралык укукту тарыхый урматтаган, мусулман өзгөчөлүгүн сактаган өлкө катары так позицияны карманды.

Кыргыз Республикасы Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин расмий айыптаган Борбор Азиядагы саналуу өлкөлөрдүн бири болуп калды.

2023-жылдын декабрь айында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) саммитинде президент Садыр Жапаров Израилдин карапайым элге кол салуусун айыптап, Палестина элин каттуу колдой тургандыгын билдирген. Ушундай эле билдирүүнү вице-премьер-министр Эдил Байсалов да эл аралык чөйрөлөрдө айтып, эл аралык гуманитардык мыйзамдарды сактоо зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан Палестинанын элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик банк эсебин ачты – бул реалдуу кадамдан кийин системалуу жана юридикалык колдоо көрсөтүлүшү керек.

Израилдин кылмыштары: фактылар, резолюциялар жана эл аралык укук

2023-жылдын 7-октябрынан бери 52 365тен ашуун адам каза болду. Имараттардын урандылары астында миңдеген адамдын сөөгү калууда. 18-марттан бери Израил массалык бомбалоолорду кайра баштап, Газа тилкесин толук блокадага алды. Эки айдан ашык убакыттан бери ал жакка гуманитардык жардам жеткирилген жок. Массалык ачарчылык башталды.

Бул аракеттер Женева конвенцияларынын, Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутунун жана БУУнун геноцид конвенциясынын (1948) беренелерине туура келет. Эл аралык кылмыш соту Израилдин расмий өкүлдөрү жасаган согуш кылмыштары жана геноцид боюнча тергөө ишин баштады.

2024-жылдын январында Эл аралык сот Израилдин аракеттери геноцидге барабар болушу мүмкүн деген чечим чыгарган.

Хьюман Райтс Вотч жана Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматы боюнча, төмөнкүлөр катталган:

• мектептерди, мечиттерди, ооруканаларды жардыруу;
• согуштун ыкмасы катары ачкачылыкты колдонуу;
• гуманитардык жардамга бөгөт коюу.

Кыргызстандын этикалык тандоосу: Израил менен ажырашуубу же унчукпай катышуубу?

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 72 биргелешкен кыргыз-израил ишканасы катталган.

2024-жылы Израил кыргызстандык компаниялардын баалуу кагаздарына эң ири чет элдик инвестор болуп калды. Кыргызстандын Финансылык көзөмөл органынын маалыматы боюнча, жылдын тогуз айында израилдик инвесторлор 13,5 миллиард сом инвестициялашкан, бул акцияларга жана облигацияларга бардык чет элдик инвестициянын 64,8% түзгөн.

Бирок, этикалык суроо туулат: аракеттери согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар катары иликтенип жаткан өлкөнүн бийлиги менен ишкердик жана маданий кызматташтыкты улантууга болобу?

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр – Түштүк Африка, Боливия, Мальдив аралдары, Колумбия, Чили – буга чейин Израил менен байланышын үзүп же тоңдурган, элчилерин чакыртып алган жана соода чектөөлөрүн киргизген.

Кыргызстандын адам укуктары жана гуманитардык укук жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен экономикалык максатка ылайыктуулугун гана эмес, ошондой эле кызматташуунун этикалык аспектилерин да баалоо маанилүү.

Газадагы уланып жаткан гуманитардык кризистин шартында карапайым калктын азап-кайгысы көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан потенциалдуу геноцид катары таанылган деңгээлге жеткенде, эл аралык укуктун жана гумандуулуктун принциптерин бөлүшкөн ар бир өлкө өз позициясын аныкташы керек.

Кыргызстан адилеттүүлүктү, адам укуктарын жана элдердин тилектештигин сыйлаган мамлекет катары Палестина элинин өмүрүн жана кадыр-баркын коргоого олуттуу салым кошо алат. Ал эми бул тарыхта кала берет.

Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына да, эл аралык милдеттенмелерине да шайкеш келүүчү мүмкүн болгон кадамдар:

Мыйзам чыгаруу деңгээлинде:

• Израил менен соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты зордук-зомбулук токтоп, укук тартиби орногонго чейин убактылуу токтотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралсын.

• Аскердик операцияларга катышкан чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүнө коюлган чектөөлөрдү жана эл аралык гуманитардык укуктун мүмкүн болуучу бузууларын талкуулоо.

• Кош жарандыгы бар Кыргызстандын жарандарынын эл аралык укукту бузгандыгы үчүн айыпталган өлкөлөр тарабында чет элдик куралдуу кагылышууларга катышуусуна жол берилбестиги жөнүндө жобону мыйзамдарда тактоо.

2. Юридикалык деңгээлде:

• Газада жасалган кылмыштарды иликтөөнү жана мүмкүн болгон куугунтуктоону колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын атынан Эл аралык Кылмыш Сотуна (ЭКС) расмий кайрылууну даярдоо.

• Маалымат чогултуу, эл аралык уюмдар менен координациялоо жана эл аралык аренада укуктук демилгелерди илгерилетүү үчүн юристтерден жана укук коргоочулардан турган эксперттик топту түзүүгө көмөктөшүү.

3. Жарандык коомдун деңгээлинде:

• Кыргызстандын жарандарынан Газадагы зомбулукту токтотууга жана эл аралык тилектештикти чыңдоого чакырган кол топтоо демилгесин колдоо.

• Палестинадагы гуманитардык кырдаал тууралуу объективдүү жана ишенимдүү маалыматты жайылтууга багытталган маалыматтык кампанияларды иштеп чыгуу – ЖМК, билим берүү долбоорлору, маданий иш-чаралар жана жарандык катышуу платформалары аркылуу.

Газадагы үрөй учурарлык окуялардын фонунда, дүйнө жүзү боюнча дээрлик бир жарым миллиард мусулман эки миллион бир туугандарынын өлтүрүлгөнүн көрүп, трагедияны токтото албай жатышат. Бул жөн эле саясий катастрофа эмес – бул абийир менен намыстын сыноосу.

Кыргызстан четте калбай турган өлкө болушу мүмкүн.

Чындыкты айтуудан коркпогон, эзилгендерди коргоого кадам таштаган өлкө.

Кыргызстан бүгүн моралдык тандоо алдында турат. Ооруканаларды, мектептерди талкалаган, балдарды өлтүргөн, сууга, тамак-ашка жол тоскон расисттик мамлекет менен “көпүрөлөрдү” кура алабызбы? Же жашоо укугунан ажыраган элди колдоп, чындыктын, ынтымактын, намыстын жолун тандайбызбы?

Кыргызстандын үнү адилеттүүлүк маселеси боюнча дүйнөлүк позициянын бир бөлүгү боло алат. Ал эми ар бир кыргызстандык – юрист болобу, депутат болобу, дарыгер болобу, студент болобу – бүгүнкү күндө Газа урандыларынын астында унчукпай тургандарды коргоп, адилетсиздикке каршы күрөшкө салым кошо алат.

Кадыр Маликов,

“Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору.