2040-жылга чейин Борбор Азиядагы мөңгүлөр тездик менен эриши мүмкүн деп илимпоздор эскертүүдө. Бул божомолдор 16–17-сентябрда өткөн «Климаттын өзгөрүшү шартында тоо мөңгүлөрүн мониторинг кылуунун инновациялык ыкмалары жана гляциологиянын актуалдуу маселелери» аттуу илимий конференцияда айтылды.
Эл аралык конференция илимпоздорду, адистерди жана саясатчыларды чогултуп, гляциологиянын инновациялык ыкмаларын, акыркы илимий жыйынтыктарды жана практикалык тажрыйбаны талкуулады. Анда белгиленгендей, мөңгүлөрдү мониторинг кылуу климаттын өзгөрүшү менен гана эмес, кургакчылыкка каршы күрөш, суу ресурстарын бөлүштүрүү жана «Суу–Энергия–Азык-түлүк–Экосистема» (WEFE Nexus) концепциясынын алкагында интеграцияланган пландоо менен да байланыштуу. Иш-чаранын максаты — региондук кызматташтыкты өнүктүрүү, криосфераны байкоо боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана мөңгүлөр боюнча маалыматтарды ресурстарды башкаруунун көп тармактуу системаларына интеграциялоо.

Дониёр Тургунов, Гидрометеорология илимий-изилдөө институтунун директору:
«Акыркы 10 жылда мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши байкалууда. Эгер тенденция улана берсе, 2050-жылга чейин Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн аянтынын 50%ын жоготушубуз мүмкүн. Алардын сакталышы үчүн эмне кылыш керек? Бул — нивалдык зоналарда жасалма ландшафттарды түзүү жана жасалма мөңгүлөрдү калыптандыруу».

Аброр Гафуров, Германиянын Жер жана суу изилдөө борборунун өкүлү:
«Мөңгүлөрдүн эриши уланууда жана кылымдын аягына чейин мөңгүлөр кескин кыскарат. Эсептөөлөргө ылайык, 2100-жылы азыркы көлөмдүн болгону 20–30%ы калат. Бирок маанилүү түшүнүк бар — tipping point, мөңгүлөрдүн максималдуу суу берүүсү. Азыр дарыяларда суу көп, мурдагыдан да көп. Бирок муз массасы кескин азайганда, суунун көлөмү да түшүп кетет. Биздин эсеп боюнча Борбор Азия үчүн бул учур 2040-жылдарга туура келет. Бизде даярданууга болжол менен 15 жыл бар. Чечимдер: сууну рационалдуу колдонуу, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, запастарды көзөмөлдөө жана башкаруу стратегияларын иштеп чыгуу».

Темур Хужаназаров, Киото университетинин илимий кызматкери:
«Биз 2016-жылдан бери мөңгүлөрдү байкап жатабыз, алардын көбү Кыргызстан менен Тажикстанда жайгашкан. Эгер аларды изилдебесек, Сырдарья жана Амударьяга канча суу келип жатканын так аныктоо мүмкүн эмес. 2025-жылы кар аз болгондуктан мөңгүлөр өзгөчө тез эриди. Өз көзүм менен алардын кыйла азайып кеткенин көрдүм. 2024-жылы болсо алар эки эсе жай эриди. Абал тынчсыздандырат. Мындан тышкары, саясий факторлор да таасир этет: Афганистанда чоң каналдын курулушу Өзбекстанга, Түркмөнстанга жана Арал деңизинин аймагына суу агымын азайтат».
Даярдаган: Шокир Шарипов.
Булак: kun.uz