Трамп БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Иран тууралуу канча калп айтты?

АКШнын президенти Дональд Трамптын шейшемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзү дипломатиялык билдирүү эмес, тескерисинче калп жана бурмалоолорду көрсөтүү болду.

Анын Иран тууралуу айткандары дал келбестиктерге, ашкере калп айтып ийүүгө жана ачык жасалма жоромолдорго толуп, Ислам Республикасын коркунуч катары көрсөтүүгө, ошол эле учурда Вашингтондун Батыш Азиядагы кыйратуучу аракеттерин жашырууга багытталды.

Төмөндө Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып Иран жөнүндө айткан үч негизги калп айтканы келтирилген:

1. Иран «терроризмди колдоочу» өлкө

Трамп Иранды «дүйнөдөгү башкы терроризмди колдоочу өлкө» деп көптөн бери айтылып келе жаткан айыптоону кайталады. Бул доомат Вашингтондо экономикалык согушту, санкцияларды жана регионалдык агрессияны актоо үчүн колдонулуп келет.

Бирок ал Батыш Азиядагы туруксуздукту түзүп жаткан дал АКШ экенин — Иракка басып кирүүдөн тартып Ливияны кыйратууга чейин жана Йемендеги кандуу согушта Сауд Арабиясына курал берип жатканына көз жумду. Бул жалган айыптоону кайра көтөрүү менен Трамп зордук-зомбулуктун жана экстремизмдин жайылышындагы Американын ролун жашырууга аракет кылды.

2. Вашингтон Иран менен «өнөктөш болууну» каалаган

Трамп, эгерде Иран өзүнүн ядролук программасын токтотсо, АКШ ага «толук кызматташтык» сунуштаганын айтты. Бул адаштыруучу билдирүү. Ирандын ядролук ишмердүүлүгү тынчтык мүнөзгө ээ жана мыйзамдуу, аны Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) көзөмөлдөп, Тегеран ядролук курал жасап жаткан жок деп көп ирет тастыктаган.

Эң башкысы — Трамп өзү 2015-жылдагы ядролук келишимден (Жалпы кеңири аракеттер планы, СВПД) бир тараптуу чыгып кеткен. Ал келишим буга чейин эле Ирандын программасына катаал чектөөлөрдү киргизген болчу. Демек, анын «сунушу» чыныгы кызматташтык эмес, Иранды өзүнүн мыйзамдуу укуктарынан баш тартууга мажбурлоо аракети болгон.

Трамп БУУда сүйлөгөндөн бир нече күн мурун, Коопсуздук кеңеши Иранга каршы санкцияларды кайра киргизүү резолюциясын колдой алган жок. Бул кадамдан кийин Улуу Британия, Франция жана Германия «snapback» механизмин иштетип, Иранды келишимди бузду деп айыпташкан.

Тегеран бул аракетти «мыйзамсыз» деп атап, АКШ 2018-жылы эле келишимден чыгып кеткенин эске салды. Иран бийлиги европалык мамлекеттерди Вашингтондун санкция саясатын колдогондугу үчүн айыптап, алар өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбай жатканын билдирди. Ошондой эле, Ирандын ядролук программасы тынчтык мүнөздө экенин, милдеттенмелердин азайышы Батыштын талаптарды бузганына жооп гана экенин баса белгилешти.

3. Иранда ядролук курал калбай калды

Трамп жалган сөз айтып, «менин тушумда Ирандын ядролук потенциалы жок кылынды» деп мактанды. Чындыгында болсо, ирандык расмий адамдар өлкө 12 күндүк согуштан кийин деле техникалык билимге жана ядролук мүмкүнчүлүктөрүн кайра калыбына келтирип, кеңейтүүгө зарыл болгон инфраструктурага ээ экенин бир нече ирет билдиришкен. Программа жок кылынган эмес, эл аралык көзөмөл алдында өнүгүүсүн уланткан.

БУУнун Башкы ассамблеясындагы Трамптын сөзү дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүү аракети эмес, тескерисинче Иранды коркутууга жана ички аудиторияга жагынууга багытталган саясий театр болду. Коркунучтарды чоңойтуп көрсөтүп, негизсиз айыптоолорду кайталоо менен ал өзүн Иранга каршы туруштук бере алган жалгыз лидер катары көрсөтүүгө аракет кылды. Чындыгында болсо, анын «максималдуу басым» кампаниясы максатына жеткен жок, АКШны эл аралык изоляцияга түртүп, Ирандын өз алдынча жол менен баруу чечкиндүүлүгүн гана бекемдеди.

Фарамарз Кухпайи