Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди Оман АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган «Тынчтык кеңешине» кошулбай турганын жана Израиль менен мамилелерди жөнгө салбай турганын билдирди.
Бул тууралуу Fars News агенттиги омандык ЖМКларга шилтеме берип кабарлады.
«Согуштун чыныгы максаты — Иранды алсыратуу, аймактын саясий түзүлүшүн өзгөртүү жана араб өлкөлөрүнүн Израиль менен мамилелерин жөнгө салуу процессин алдыга жылдыруу. Бул кеңири пландын бир бөлүгү болуп саналат. Анын ичинде Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөө жана бул долбоорду колдогон мамлекеттерди же уюмдарды алсыратуу максаты бар», – деди аль-Бусаиди.
Ал АКШ менен Израилдин Иранга жасаган чабуулдары акыркы жылдары болуп келген кооптуу мыйзам бузуулардын жаңы баскычы болуп саналарын, бул аймактагы ондогон жылдар бою туруктуулукту сактап келген укуктук тартипке коркунуч жаратарын билдирди.
Министрдин айтымында, Оман Трамп демилгелеген “Тынчтык кеңешине” кошулбайт жана Израиль менен мамилелерди жөнгө салбайт.
«Аймак боюнча белгилүү бир план бар жана анын жалгыз максаты Иран эмес. Аймактагы көптөгөн оюнчулар муну түшүнүшөт, бирок АКШны ыраазы кылуу анын саясаттарын өзгөртүшү мүмкүн деп үмүт кылышат», – деди ал.
Министр Оман аймактагы согушту токтотууга жана дипломатияга кайтууга жол ачууга аракет кылып жатканын билдирди.
Ал кошумчалагандай, согуштун улануусу Оманга да, коңшу мамлекеттерге да, ал тургай америкалыктардын өз кызыкчылыктарына да пайда алып келбейт. Дүйнөлүк экономика мунун баасын мунайдын кымбатташы жана жеткирүү чынжырларынын бузулушу аркылуу төлөйт.
«Менин оюмча согуш жакында аяктайт, бирок биз эң жаман сценарийге да даяр болушубуз керек», – деп билдирди Аль-Бусаиди.
Эске салсак, февраль айынын башында АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен Ирандын өзөктүк маселеси боюнча үч жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бул сүйлөшүүлөр 2025-жылдын июнь айындагы Израиль менен АКШнын Иранга каршы чабуул жасагандан кийинки алгачкы сүйлөшүүлөр болгон.
Омандын тышкы иштер министриБадр ал-Бусаиди сүйлөшүүлөрдө “олуттуу жылыш” бар экенин билдирип, төртүнчү айлампа өтөрүн жарыялаган. Бирок 28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы чабуул башташкан.
Омандын тышкы иштер министри Израил менен АКШнын Иранга каршы аракеттерин мыйзамсыз деп атаган.