Американын Демократиялык партиясынан сенатор Крис Мёрфи АКШ администрациясынын Иранга каршы аскердик аракеттерин катуу сынга алып, бул согуш жарыяланган максаттардын бирине да жеткирбей турганын билдирди.
Pars Today агенттиги IRNA маалымат агенттигине таянып кабарлагандай, сенатор АКШ президенти Доналд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен өткөн жабык жыйналыштан кийин ушундай билдирүү жасаган.
Сенатордун айтымында, эки саатка созулган жашыруун жыйындан кийин согуштагы абал толугу менен координациясыз жана башаламан экени белгилүү болгон.
«Мен согуш тууралуу эки сааттык жабык жыйындан чыктым. Ал жерде бул согуш толук башаламан экендиги жана так пландын жоктугу тастыкталды. Пландын координациясы ушунчалык начар болгондуктан, Трамптын өкмөтү жарыялаган максаттардын бирине да жете албай турганы ачык көрүнүп турат», — деди сенатор.
Мёрфи АКШнын аба соккулары Ирандын өзөктүк программасын жок кыла албай турганы мурда эле белгилүү болгонун да айтты.
Коннектикут штатынан шайланган сенатордун айтымында, Трамптын администрациясы бул операцияда “режимди алмаштыруу” максаты жок экенин да ырастаган.
«Мындай шартта америкалык салык төлөөчүлөрдүн миллиардаган доллары коротулат жана көптөгөн америкалыктар каза болушу мүмкүн», — деди ал.
Сенатор ошондой эле операциянын негизги максаттары катары Ирандын ракеталарын, дрон өндүрүш заводдорун жана аскердик инфраструктурасын жок кылуу көрсөтүлгөнүн айтты. Бирок анын айтымында, бомбалоолор токтогондон кийин Иран кайрадан курал өндүрө баштайт, ошондуктан согуш узакка же чексизге созулушу мүмкүн.
Мёрфи ошондой эле Иран Ормуз кысыгын жабуу коркунучу тууралуу айтып, АКШ администрациясы учурда бул кысыкты кайра кантип коопсуз ачарын так билбей жатканын белгиледи.