Иран 11-март күнү кечинде Ливандын “Хезболла” тобу менен биргеликте Израилдеги 50дөн ашык бутага сокку урушту.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу муну менен чабуулдардын 40-толкунун жүргүзгөнүн корпустун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусу жаза Хезболла күчтөрү беш саатынын ичинде Израилдеги 50дөн ашык бутага сокку урушкан.
Биргелешкен операциянын жүрүшүндө Ислам революциясынын сакчылар корпусу “Гадр”, “Эмад”, “Хейбаршекан” жана “Фатх” ракеталарын колдонду. Ал эми “Хезболла” ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонгон.
Бул чабуулда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы Азрак (Иордания) жана Аль-Харж (Сауд Арабиясы) базалары да бутага алынган.
Израилдин “Темир купол” ракетадан коргонуу системасы “Хезболла” кыймылы учурган 100 ракетанын жарымын гана тосуп алганын New York Post гезити Израилдин аскердик булагына шилтеме берип билдирди.
Тема боюнча

Ирандын Минаб мектебиндеги кыргын үчүн АКШ жооптуу экенин тергөө тастыктады
Буга чейин BBCнин журналисти Касра Нажи Тель-Авивден түз эфирде маалымат берип, кечээ түнү Ирандын жана ливандык Хезболла кыймылынын ракеталык чабуулдарынан болгон жардыруулардан улам Тель-Авивдин асманы жарык болуп, жардыруулардын үнү катуу болгондуктан бүт шаарга угулуп турганын билдирди.
Ал белгилегендей, Хезболланын ракеталары коргонуу системаларынын бардык катмарларынан бат өтүп кетип, зыян келтирди. Ал тургай эскертүүчү аба коңгуроолору да иштеген эмес.
28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы чабуул баштаган. Бул кол салуудан Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи каза болуп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына соккуларды жасоодо.