Турсунбай Бакир уулу: “Аль-Кудс” күнү мусулмандарды бириктирген демилге

Жыл сайын Ыйык Рамазан айынын акыркы жума күнү бүткүл дүйнө жүзүндө Палестина элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүнө тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнү белгиленип келет. Бул күн Ирандын биринчи Жогорку лидери, Ислам революциясынын негиздөөчүсү Рухолла Хомейни тарабынан демилгеленген.

Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялар, мусулмандардын биримдиги, Палестина маселеси жана Аль-Кудс күнү тууралуу коомдук ишмер, саясатчы, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты жана Малайзиядагы мурдагы элчи Турсунбай Бакир уулу ой бөлүштү.  

Анын айтымында, АКШ менен Израиль Иранга кол салып, аятолла Али Хаменеини өлтүрүшкөндөн кийин көп адамдардын көз карашы өзгөрдү. Айрыкча буга чейин Ирандын чыныгы ниетине, Хаменеинин чыныгы айткан сөздөрүнө ишенбей келгендердин көзү ачылды.

Себеби буга чейин Ирандын жана жалпы ислам дүйнөсүнүн душмандары мусулмандарды шииттер жана сунниттер деп бөлүп-жаруу үчүн ар кандай ушак-айыңдарды таратып келишкен. Алар Иран менен Израиль чындыгында бир максатты көздөйт, экөө тең сунниттерге каршы, ал эми алардын тиреши болгону көрсөтмө үчүн деген сыяктуу дооматтарды көп айтып келишкен.

“Бүгүнкү күндө аятолла Али Хаменеинин шейит болушу мындай жалаа жана негизсиз айыптоолорго жооп болуп, көптөгөн душмандардын оозун жапты. Азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө акыл-эстүү адамдар Иранга колдоо көрсөтүп жатышат. Көпчүлүк адамдар Хаменеинин АКШ менен Израиль тарабынан өлтүрүлүшүнө кайгыруу менен карашууда”, деди Бакир уулу.

Ошондой эле ал Иран тарабынан сунушталган маанилүү демилгелердин бири палестиналыктарды колдоо максатында негизделген Аль-Кудс күнүнө да токтолду.

Ал белгилегендей, 1982-жылы Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Хомейни Рамазан айынын акыркы жумасын Палестина элине тилектештик жана колдоо билдирген эл аралык Аль-Кудс күнү деп жарыялоону сунуштаган. Бул демилгени дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү колдошкон. Кыргызстан да четте калган эмес.

“Биздин өлкөдө да Аль-Кудс күнү “Эркин Кыргызстан” партиясы жана активдүү мусулмандар тарабынан белгиленип келет. Көп учурларда бул демилгени колдоо иретинде митингдер жана ар кандай акциялар уюштурулуп келген. Быйыл да аятолла Хомейнинин демилгесин колдоп, жума намазында мечиттерде Палестина эли үчүн дуба кылуу пландалууда”, – деди саясатчы.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Палестина элине тилектештик билдирген Аль-Кудс күнү мусулмандарды бириктирүү максатында демилгеленген. Анын пикиринде, бөлүнүп-жарылган мусулмандарды бириктире турган негизги маселелердин бири — Палестина көйгөйү. Айрыкча мусулмандар үчүн ыйык болгон Аль-Акса мечити бул маселеде өзгөчө мааниге ээ.

Жөөттөрдүн мамлекети жасалма, алар Палестина элин геноцид кылып, жерин басып алганы баарына маалым, ошондуктан Палестина эли 1948-жылдан бери 78 жыл бою жөттөргө каршы өз укуктары үчүн күрөшүп келишет. Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Хомейни палестин элинин күрөшүн адилеттүү боштондук үчүн болгон күрөш катары баалап, мусулмандарды бир үммөт катары Палестинаны колдоого чакырып, Аль-Кудс күнүн демилгелеген.

Ал кошумчалагандай, узак убакыт бою мусулмандарды бириктирген негизги маселе Палестина көйгөйү болуп келген. Азыркы учурда Израиль менен АКШ Иранга каршы сокку урган шартта мусулмандарды бириктире турган дагы бир маанилүү маселе — Иранды колдоо жана коргоо маселеси пайда болду.

“Биз дубаларыбызда Иран элине тынчтык жана жеңиш тилейбиз. Рамазан айында кылган дубаларыбыз кабыл болуп, Иран бул согушта Америка менен Израилди жана аларды колдогондорду жеңет деп үмүттөнөбүз. Жеңиш Иран тарабында болот”, – деп жыйынтыктады Турсунбай Бакир уулу.