Бүгүн, 13-март Ирандын борбор шаары Тегеранда жана өлкөнүн башка шаарларында палестиналыктарга тилектештик билдирген Эл аралык “Аль-Кудс” күнүнө карата масштабдуу жөө жүрүш өтүп жатат. Миллиондогон ирандыктар Израилдин кылмыштарын айыптап, Палестинанын эзилген элине колдоо көрсөтүүдө.

1 of 10

Жыл сайын бул күн Иран боюнча масштабдуу белгиленип, жүз миңдеген адамдардын катышуусунда Палестинаны колдогон, Израилди айыптаган ири митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт.
Быйыл да Аль-Кудс күнү Израиль менен АКШнын чабуулдарына карабай өлкө боюнча жылдагыдай масштабуу өтүп жатат. Жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар колдоруна Иран менен Палестинанын желектерин көтөрүп чыгып, Израиль менен анын колдоочусу АКШга каршы ураандарды чакырышууда.
Жүрүшкө карапайым эл менен катар, жогорку даражалуу расмий адамдар жана аскер адамдары да чыкты.
https://www.facebook.com/plugins/post.php?href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2FEurasiabugun%2Fposts%2Fpfbid0WE8LyquKjJ28FeH7fqC4tgnRkXu15VVXUKi3yeatLorLCc8pNFhRQ6qzK4JMsxFHl&show_text=true&width=500
Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык “Аль-Кудс” күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген.
Иран Ислам революциясынын негиздөөчүсү Аль-Кудс күнүн Исламдын кайра жаралуу күнү, эзилгендердин текеберлерге каршы турган күнү жана мусулмандардын Кудусту сактап калууга болгон чечкиндүүлүгүнүн күнү деп атаган.