Пентагондун баалоосу боюнча, Иран менен согуштун алгачкы алты күнүндө 11,3 миллиард доллар сарпталган

АКШ президенти Доналд Трамптын администрациясынын эсеби боюнча, Иранга каршы уланып жаткан согуштун алгачкы алты күнүндөгү чыгымдар 11 миллиард доллардан ашкан. Агрессивдүү согушка бүгүн 13 күн болду. 

Бейшемби күнү NBC News Пентагондун өкүлдөрүнө шилтеме берип кабарлагандай, Конгрессте өткөн жабык брифингде алар Ирандагы согуштун алгачкы алты күнү 11,3 миллиард доллардан ашык каражат сарптагандыгын билдиришкен.

Алардын айтымында, бул сумма согушка байланышкан бардык чыгымдарды камтыбайт. Жакын арада АКШ Конгресси бул үчүн дагы миллиарддаган доллар бөлүп бериши мүмкүн.

Брифинг учурунда — бул тууралуу алгач The New York Times жазган — администрация өкүлдөрү сенаторлорго соккулардын алгачкы эки күнүндө эле 5,6 миллиард долларлык ок-дары колдонулганын маалымдашкан.

Сенатор Крис Кунс журналисттерге бул сумма мындан да чоң болушу мүмкүн деп эсептей турганын айтты.

«Менин оюмча, колдонулган ок-дарынын жалпы көлөмү бул көрсөткүчтөн кыйла көп. Эгер колдонулган ок-дарыларды кайра толуктоо баасын гана эсептесек, ал 10 миллиард доллардан ашып кетет», — деди Кунс.

Конгресс мүчөлөрүнүн айрым жардамчыларынын айтымында, Ак үй жакында Конгресске «Каар» операциясын каржылоо үчүн кошумча каражат бөлүү өтүнүчү менен кайрылышы күтүлүүдө.

Айрым расмий адамдар бул сумма 50 миллиард долларга жетиши мүмкүн деп эсептешсе, башкалары агрессиянын масштабы жана интенсивдүүлүгүн эске алганда бул баа төмөн болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Шаршемби күнү Кентукки штатына болгон сапары учурунда Трамп согушту каалабай турганын айткан, бирок АКШ «ишти аягына чыгаруу» үчүн операцияларга катышууну улантарын белгилеген.

Бул агрессиянын натыйжасында азыркыга чейин Иранда 1400дөн ашуун тынч тургун, анын ичинде балдар да каза болгон.

АКШ аскерлеринин маалыматына ылайык, согуш учурунда жети америкалык аскер кызматкери каза болуп, дагы 140ы жаракат алган. Бирок ирандык расмий өкүлдөр АКШ тараптан каза болгондордун саны жүздөп саналышы  мүмкүн экенин айтышууда.

АКШ Конгрессинин мүчөлөрү толук масштабдагы согуш АКШнын аскердик запастарын түгөтүп коюшу мүмкүн деп тынчсыздануусун билдиришти. Азыркы учурда аскердик өнөр жай деле суроо-талапка араң жетишип жатканын белгилешет.

Өткөн жумада Трамп жети коргонуу компаниясынын жетекчилери менен жолугушкан. Ошол эле учурда Пентагон аскердик запастарды толуктоо үчүн аракет кылып жаткан.

АКШнын Иранга каршы согушуна байланыштуу белгисиздик күч болуп турган шартта, мыйзам чыгаруучулар администрация өкүлдөрүнөн Трамптын согуш боюнча пландары тууралуу — эгер андай пландар бар болсо — ачык жана ант берип маалымат берүүнү талап кылышууда. Ошондой эле согуш канча убакытка созулушу мүмкүн экенин түшүндүрүп берүүнү суранышууда.

Ал эми ирандык жогорку даражалуу аткаминерлер согуш качан бүтөрүн Вашингтон эмес,  Тегеран аныктай турганын баса белгилешкен.