Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Палестинага тилектештик билдирген Аль-Кудс күнүндө жөө жүрүшкө эл менен бирге чыкты.
Бүгүн, 13-март Ирандын борбор шаары Тегеранда жана өлкөнүн башка шаарларында палестиналыктарга тилектештик билдирген Эл аралык “Аль-Кудс” күнүнө карата масштабдуу жөө жүрүш өтүп жатат. Миллиондогон ирандыктар Израилдин кылмыштарын айыптап, Палестинанын эзилген элине колдоо көрсөтүүдө.
Бүгүнкү жүрүшкө эл менен катар жогорку даражалуу расмий адамдар жана аскер адамдары да чыкты. Алардын арасында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да бар. Видеодон президент жан сакчыларысыз, аба ырайы жаанчыл болгонуна карабастан чатыры жок, эл менен кошо жүргөнүн көрүүгө болот.
Жүрүш учурунда көпчүлүк адамдар президентке жакындап, сүрөткө түшүп, колдоо сөздөрүн айтышкан.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=400&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F830816383356430%2F&show_text=false&width=600&t=0
Жыл сайын бул күн Иран боюнча масштабдуу белгиленип, жүз миңдеген адамдардын катышуусунда Палестинаны колдогон, Израилди айыптаган ири митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт.
Быйыл да Аль-Кудс күнү Израиль менен АКШнын чабуулдарына карабай өлкө боюнча жылдагыдай масштабуу өтүп жатат. Жөө жүрүшкө чыккан ирандыктар колдоруна Иран менен Палестинанын желектерин көтөрүп чыгып, Израиль менен анын колдоочусу АКШга каршы ураандарды чакырышууда.