АКШ менен Ирандын ортосундагы азыркы ок атышууну токтотуу боюнча келишим ар кандай факторлордон улам оңой эле бузулушу мүмкүн. Бирок дүйнө кандай болгон күндө да Тегерандын мурда дүйнөлүк мунай экспортунун бештен бири өткөн Ормуз кысыгынын үстүнөн таасирин сактап калганын эске алууга аргасыз болот.
Мындай пикирин Япониянын Коргоо министрлигине караштуу изилдөө институтунун кызматкери Томоаки Ёсида Yomiuri гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Иран АКШга чарчоого алып келген согушту таңуулай алды, бул Вашингтондо согуштук аракеттерден чарчоо сезимин жаратты. Натыйжада Тегеран жеңиш жарыялап, согуш аракеттерин токтотууга ылайыктуу учур келди деген тыянакка келди. Анткени өлкө ичинде жогорку руханий лидердин жана башка жетекчилердин каза болушу шартында жаңы башкаруу системасын, аскер жетекчилиги астында түзүү зарылчылыгы бар. Иранды бул жагынан орточулук кылган Пакистан аркылуу Кытай да колдогон болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
«Ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр абдан татаал өтүшү ыктымал, — деп божомолдоду Япониянын аскердик ведомствосунда Жакынкы Чыгыш боюнча адис катары белгилүү Ёсида.
Ал белгилегендей, эгер узак мөөнөттүү тынчтык келишимине жетишилип, Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден төлөм ала баштаса да, Тегерандын ракета-ядролук мүмкүнчүлүктөрү жана аймактагы каршылык күчтөрдү колдоосу боюнча талаш-тартышта, тунгуюкта калышы мүмкүн.
Анын пикиринде, Израиль да Ливандагы соккуларды токтотуу талабын аткарууга шашылбайт, анткени ал унчукпай туруп тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар.
«Ормуз кысыгы Ирандын таасири астында турганда кырдаал сакталууда, — деди Ёсида.
Анын айтымында, бул жаңы реалдуулук болуп калды жана дүйнөдөн коопсуздук менен экономикалык саясатка болгон мамилени кайра карап чыгууну талап кылат.
АКШ президенти Дональд Трамп 7-апрелде Иран менен эки тараптуу эки жумага ок атышпоону токтотуу тууралуу жарыя кылды. Анын айтымында, бул чечим Иран Ормуз кысыгын ачууга даяр экенин билдиргенден кийин кабыл алынган. Тегеран болсо өз кезегинде, эгер Иранга каршы соккулар болбосо, «коргонуу чабуулдарын» токтотууга макул болгонун билдирген. Ортомчу катары чыккан Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тараптарды 10-апрелде сүйлөшүүлөргө чакырды.