Ормуз кысыгынын айланасындагы чыңалуу канчалык узакка созулган сайын, бул кризис мындан ары жөн гана аймактык жаңжал эмес экени ошончолук айкын болууда. Башында бул геосаясий талаш болуп көрүнгөн, бирок азыр ал акырындап дүйнөлүк басымга — адамдардын күнүмдүк жашоосуна, керектөөсүнө жана кыймылына таасир эткен факторго айланып баратат.
Британ маалымат каражаттарынын эки билдирүүсүндө кризистин кесепеттери аэропорттордон ашканаларга чейин кандайча жайылганы көрсөтүлгөн.
The Independent гезити дүйнөлүк авиация тармагы катуу басымга туш болуп жатканын билдирет. Негизги себеп — учак күйүүчү майынын баасынын кескин өсүшү. Ал бир нече жуманын ичинде бир баррели үчүн 85–90 доллардан 150–200 долларга чейин көтөрүлгөн. Күйүүчү май чыгымдардын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн тармак үчүн бул олуттуу сокку болуп саналат.
Кесепеттери тез эле байкалды: каттамдардын жокко чыгарылышы, мүмкүнчүлүктөрдүн кыскарышы жана билет бааларынын кымбатташы. Европа бул толкундоонун борборунда турат, анткени анын авиациялык күйүүчү майынын болжол менен 75 пайызы Жакынкы Чыгыштан келет. Ошондуктан Европа Комиссиясы мүчө өлкөлөр арасында күйүүчү майды бөлүштүрүүнү жакшыртуу жолдорун карап жатат.
Корпоративдмк деңгээлде да реакциялар олуттуу. Lufthansa алты ай ичинде күйүүчү майды үнөмдөө максатында 20 миң каттамды жокко чыгарганын билдирди. United Airlines компаниясынын жетекчилери да билет баалары 15–20 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн экенин айтышты. Азия, Европа жана Африкадагы башка авиакомпаниялар да чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу каттамдарды кыскартуу же кошумча төлөмдөрдү киргизүү аркылуу жооп берүүдө.
Кризистин географиялык масштабы маанилүү. Европадан Азияга, Африкадан башка аймактарга чейин дээрлик эч бир регион анын кесепеттеринен четте калбай жатат. Жүргүнчүлөр үчүн бул кымбаттаган чыгымдар, азайган мүмкүнчүлүктөр жана сапарларды пландаштыруудагы белгисиздик дегенди билдирет.
Индия: кризис дасторконго жеткенде
Financial Times Индиядагы кырдаалга токтолуп, суюлтулган газдын тартыштыгы адамдардын күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасир этип жатканын маалымдады.
Бул кризистин тамыры Индиянын Жакынкы Чыгыштан энергетика импорттоого болгон күчтүү көз карандылыгында жатат. Өлкөнүн импорттолуучу газдын болжол менен 90 пайызы ушул аймактан келет жана анын чоң бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу өтөт. Натыйжада бул жолдун үзгүлтүккө учурашы газдын тартыштыгына, баанын өсүшүнө жана күнүмдүк жашоодо сезилерлик өзгөрүүлөргө алып келди.
Ресторандар менюларын кыскартууга же электр плиталарын, көмүрдү жана отунду колдонууга аргасыз болушту. Атүгүл тамактын сапаты жана көлөмү да азайган. Үй чарба деңгээлинде газ баллондорун алуу үчүн узун кезектер пайда болду.
Бул кырдаал инфраструктуранын чектелгендиги менен да күчөп жатат. Үйлөрдүн болгону 5 пайызы гана шаардык газ тармагына туташкан, калгандары толугу менен газ баллондоруна көз каранды.
Саясий жактан да кризис сезилерлик. Премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтү өзгөчө өлкө маанилүү мезгилде турган чакта күчөгөн басымга туш болууда. Рынокту көзөмөлдөө жана импортту көбөйтүү аракеттерине карабастан, кризистин белгилери элдин күнүмдүк жашоосунда дагы эле айкын көрүнүп турат.
Чек арадан ашкан кризис
Бул кризистин кесепеттери бул эки тармак менен гана чектелбейт. Улуу Британияда айрым кеңири таралган дары-дармектердин баасы көтөрүлүп, инфляциянын жаңы толкуну тууралуу кооптонуулар күч алууда. Башка өлкөлөрдө Таиланддагы туризмдин төмөндөшүнөн тартып Шри-Ланкадагы күйүүчү майдын чектөөсүнө чейин экономикалык чыңалуу белгилери байкалууда.
Азыр калыптанып жаткан көрүнүш — дүйнөлүк экономиканын бири-бири менен тыгыз байланышта экенинин айкын сүрөтү. Бир аймактык кризис бүткүл дүйнө боюнча бир катар таасирлерди жаратты: аэропорттон ашканага чейин, дарыканадан базарга чейин жеткен чынжыр реакция.
Жыйынтык
Ормуз кысыгындагы кризис — географиялык аралык мындан ары иммунитетти билдирбей турганын көрсөтүп турат. Согуштун кесепеттери дүйнө жүзүндөгү адамдардын күнүмдүк жашоосуна: билеттердин баасына, дасторкондогу тамак-ашка жана жашоо-тиричиликтин негизги чыгымдарына чейин акырындык менен кирип баратат.