Ирандын ТИМ башчысы Исламабадга келди

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы диалогго ортомчулук кылып жаткан Пакистандын борборуна келди.

Бул тууралуу Tasnim News маалымат агенттиги кабарлады.

Аракчини Исламабад аэропортунан Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви жана армиянын башчысы Асим Мунир тосуп алышты.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министрлиги Аракчинин АКШ жана Израил менен болгон жаңжалды токтотуу аракеттерин талкуулоо үчүн Пакистанга, ошондой эле Оманга жана Орусияга сапары тууралуу жарыялаган.

Ошол эле учурда Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролин Левитт атайын элчи Стив Уиткофф жана АКШ президентинин күйөө баласы Джаред Кушнер Ирандын өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Пакистанга баратканын ырастады.

Tasnim маалымат агенттиги булактарга шилтеме бербестен, Аракчи Пакистанда АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын билдирди. Агенттик Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Пакистанга болгон сапар тууралуу билдирүүсүндө АКШ менен сүйлөшүүлөр жөнүндө эч нерсе айтылбаганын белгиледи.

Айрым батыш ЖМКлары Аракчи Пакистандын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөндөн кийин Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы болобу же жокпу, айкын болорун маалымдашууда.

28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы чабуулдарды баштаган. Иран жооп иретинде Израилдин аймагын жана АКШнын  Жакынкы Чыгыштагы аскердик объекттерин бутага алган.

8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумалык ок ​​атышууну токтотууну жарыялашкан. Андан кийин тараптардын Исламабад шаарында өткөн сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктаган.

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышпоо келишими бүтөрүнө бир күн калганда, атышпоо режимин белгисиз мөөнөткө узартканын билдирген. Ирандын расмий өкүлдөрү Исламабадда АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуу ниети жок экенин билдиришкен.