АКШнын чабуулунан кийин Иран Ормуз кысыгын жапты. Мунай баасы өсүүдө

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 9-июнда кайрадан чыңалды. Ага Ормуз кысыгында америкалык аскердик тик учактын атып түшүрүлүшү себеп болду. Тик учактын кулашына АКШ Иранды айыптап, өлкө аймагына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран жооп иретинде Перс булуңундагы америкалык аскердик буталарга чабуул жасады. 11-июнга караган түнү АКШ Иранга кайрадан соккуларды жасады. Буга жооп катары Иран Бахрейн, Кувейт жана Иорданиядагы америкалык аскердик объектилерге чабуул койду.

АКШнын чабуулунун фонунда жана аймактагы туруксуз кырдаалдан улам Тегеран Ормуз кысыгындагы кыймылды толугу менен жабуу чечимин кабыл алганын Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн “Хатам аль-Анбия” борбордук штабы билдиргенин иран ЖМКлары жазды.

Өз кезегинде АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) коммерциялык кемелер Ормуз кысыгы аркылуу өтүүнү улантып жатканын маалымдады.

Ормуз кысыгындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу билдирүүлөрдөн кийин Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы өстү.

Иран тараптын билдирүүсү

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн «Хатам аль-Анбия» борбордук штабы АКШ тарабынан өлкө аймагына жасалган соккулардан кийин Ормуз кысыгындагы бардык кыймылды толук токтотуу чечими кабыл алынганын жарыялады.

Ошондой эле Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү кысык аркылуу өтүүгө аракет кылган эки кемеге сокку урулганын билдирди.

Ирандын Куралдуу күчтөрү аймактагы бардык кемелерди Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө болбой тургандыгы тууралуу эскертип, кысыкка жакындаган ар кандай кеме душман тарап менен кызматташуу катары бааланарын билдиришти.

Мындан тышкары, “Хатам аль-Анбия” штабы АКШ армиясы тарабынан жасалган ар кандай агрессияга Тегеран чечкиндүү жана кыйратуучу жооп кайтарарын белгиледи.

АКШнын билдирүүлөрү

Ошол эле учурда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) коммерциялык кемелер Ормуз кысыгы аркылуу мурдагыдай эле өтүп жатканын билдирди.

«Соода кемелери Ормуз кысыгына кирүүнү жана андан чыгууну улантып жатышат», — деп айтылат америкалык командачылыктын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Ошондой эле CENTCOM Иранга каршы соккулар аяктаганын жарыялады.

Мунайдын баасы көтөрүлүүдө

Лондондогу ICE биржасында 2026-жылдын август айында жеткириле турган Brent үлгүсүндөгү мунай фьючерстеринин баасы 1,91 пайызга өстү. Бул тууралуу соода аянтчасынын маалыматтары көрсөтүүдө.

Ормуз кысыгы боюнча билдирүүлөрдөн кийин Brent мунайынын баасы 2,58 пайызга чейин жогорулап, бир баррели 95,5 АКШ долларына жеткен.

Ошол эле учурда 2026-жылдын июль айында жеткириле турган WTI үлгүсүндөгү мунай фьючерстеринин баасы 2,13 пайызга өсүп, бир баррели 91,95 АКШ долларына жеткен.