Т. Жумадылов: Иран дүйнөгө идеянын күчүн жана мамлекеттин туруктуулугун  көрсөттү

Ирандын айланасында болуп жаткан окуяларды жөн гана аймактык жаңжал катары эмес, дүйнөлүк тартиптин өзгөрүшүнө байланышкан кыйла терең процесстердин көрүнүшү катары кароо зарыл.

Тарыхта дүйнөлүк процесстердин жүрүшүн өзгөрткөн инсандар жана мамлекеттер болгон. Бүгүнкү күндө Ислам Республикасы барган сайын ушундай цивилизациялык борборлордун бири катары кабыл алынууда. Бул тууралуу коопсуздук боюнча эксперт Таалайбек Жумадылов 8-июнда Бишкектеги мейманканалардын биринде «Хомейнинин каршылык көрсөтүү жана адилеттүү дүйнөлүк тартип жөнүндөгү идеяларынын мураскорлугу: эмне үчүн АКШ менен Израиль Иранга каршы согушта жеңилди?»,- деген темада өткөн тегерек столдун жүрүшүндө өз оюн  бөлүштү.

Талдоочу белгилегендей, «иран феномени» деп аталган көрүнүш акыркы айлардагы окуялардын натыйжасында гана пайда болгон эмес.

Ал ондогон жылдар бою калыптанып, коомдун туруктуулугуна, саясий эркке, идеянын болушуна, ишенимге, жетекчиликке болгон колдоого жана тышкы басым шартында ички биримдикти сактап калуу жөндөмүнө негизделген.

Улуттук коопсуздук көз карашынан алганда, анын баамында, Иран ири тышкы чакырыкка карата алдын ала эсептелген жана алдын алуучу реакциянын үлгүсүн көрсөттү.

Эксперттин айтымында, өлкө тобокелдиктерди алдын ала баалап, өзүнүн мамлекеттик түзүлүшүн коргоо системасын түзүүгө жетишти жана каршылаштарынын экономикалык, каржылык, аскердик жана технологиялык артыкчылыгына карабастан басымга туруштук бере аларын көрсөттү.

Жумадыловдун пикиринде, Иран Ислам Республикасынын айланасындагы жаңжал көптөн бери жергиликтүү тирешүүнүн алкагынан чыгып кеткен.

Ал геосаясий, геоэкономикалык, геостратегиялык жана ал тургай цивилизациялар аралык мүнөзгө ээ болду. Бул жерде мамлекеттердин гана эмес, өнүгүүнүн ар кандай моделдеринин, саясий долбоорлордун жана дүйнөлүк тартиптин келечеги тууралуу көз караштардын күрөшү жүрүп жатат.

Эксперт Иран Ислам Республикасынын руханий жана идеологиялык туруктуулугуна өзгөчө маани берет. Анын пикиринде, мамлекетте идея, коомдун биримдиги жана бийлик менен элдин ортосунда үзгүлтүксүз диалог болбосо, финансылык ресурстар, технологиялык артыкчылык жана аскердик күч жеңишке кепил боло албайт. Дал ушул факторлор Тегеранга тышкы басым шартында туруктуулугун сактап калууга мүмкүндүк берди.

Эксперт өзүнчө Ислам Республикасынын саясий салтын да белгиледи. Анда кызмат кылуу, жөнөкөй жашоо образы, элге жакын болуу жана узак мөөнөттүү тарыхый миссияга багыт алуу маанилүү орунду ээлейт.

Анын пикиринде, ушул жагынан Иран материалдык артыкчылыктарды, чет өлкөдөгү активдерди жана жеке жыргалчылыкты биринчи орунга койгон көптөгөн элиталардан айырмаланат.

Эксперт Ирандын тажрыйбасы Борбор Азияда кылдат изилдөөгө татыктуу деп эсептейт.

Анын айтымында, юристтер, мамлекеттик башкаруу тармагындагы адистер, саясат таануучулар жана аналитиктер Ирандын мамлекеттик түзүлүш моделин, конституциялык негиздерин, экономикалык саясатын, баалуулуктар системасын жана улуттук туруктуулук механизмдерин тереңирээк изилдеши керек.

Анын сөзүнө караганда, Батыштын өнүгүү модели терең кризисти башынан кечирүүдө. Ага барган сайын кош стандарттуулук, текебердик жана өз эркин башка мамлекеттерге таңуулоо аракети тууралуу сындар айтылууда.

Мындай шартта суверенитетке, адилеттүүлүккө жана цивилизациялык көп түрдүүлүктү урматтоого негизделген жаңы ыкмаларга болгон муктаждык өсүүдө.

Борбор Азия жана өзгөчө Кыргызстан үчүн Ирандын тажрыйбасы теориялык гана эмес, практикалык мааниге да ээ.

Аймак экономикалык, аскердик жана саясий мүмкүнчүлүктөрү кыйла чоң державалардын кызыкчылыктары кесилишкен жерде жайгашкан. Ошондуктан чакан жана орто мамлекеттер үчүн тышкы басым шартында өзүнүн туруктуулугун кантип бекемдөө жана суверенитетин кантип коргоо керектигин түшүнүү абдан маанилүү, деп белгиледи эксперт.

Ал ошондой эле Ирандын геоэкономикалык маанисине көңүл бурду. Анын пикиринде, Кытайдын «Бир алкак — бир жол» долбоору да, евразиялык интеграциялык демилгелер да, «Түндүк — Түштүк» жана «Чыгыш — Батыш» транспорттук каттамдары да Иран багытысыз толук кандуу өнүгө албайт.

Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн Иран аркылуу өткөн маршрут дүйнөлүк рынокторго чыгуунун эң келечектүү жолдорунун бири болуп калышы мүмкүн.

Эксперт Ислам Республикасы менен кызматташтыкты соода жана логистика жагынан гана эмес, аймактык өнүгүүнүн кеңири стратегиясынын бир бөлүгү катары кароо зарылдыгын белгиледи.

Анын пикиринде, Иран Борбор Азия өлкөлөрү үчүн транспорттук коридорлор, энергетика, коопсуздук жана деңиз портторуна чыгуу маселелеринде маанилүү өнөктөш боло алат.

Эксперттин негизги жыйынтыгы — иран феноменин системалуу түрдө изилдөө зарыл.

Бул жерде сөз Иран Ислам Республикасынын тарыхы же тышкы саясаты жөнүндө гана эмес, анын мамлекеттик түзүлүшү, идеологиясы, башкаруу системасы, экономикасы жана тышкы чакырыктарга каршы туруу механизмдери тууралуу болуп жатат.

Анын корутундусунда айтылгандай, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул тажрыйба коопсуздук, туруктуулук жана улуттук өнүгүү маселелеринде маанилүү багыт берүүчү үлгү болуп калышы мүмкүн.