АКШ: сот Трамптын 100 миң долларлык виза жыйымы боюнча планын жокко чыгарды

АКШнын федералдык округдук сотунун судьясы Лео Сорокин 8-июнь, дүйшөмбү күнү H-1B жумушчу визасын алуу үчүн арыз берүүдө белгиленген 100 миң долларлык жыйымды жокко чыгарды. Бул төлөм 2025-жылдын сентябрында президент Дональд Трамптын администрациясы тарабынан киргизилген.

Соттун пикиринде, бул чечим Конгресстин добуш берүүсүн айланып өтүү аркылуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарынан чыгып кеткен. Ак үй болсо бул чечимге каршы даттануу ниетин билдирди.

Ишти кароого АКШнын 20 штаты тарабынан берилген жамааттык доо арыз негиз болгонун Deutsche Welle маалымдады. Иш материалдарын изилдеп чыккандан кийин сот талаш жараткан төлөм мыйзамсыз салык болуп эсептелет деген жыйынтыкка келди.

«Президент H-1B визасы боюнча арыз берүү үчүн салык киргизүүгө укукка же ага берилген ыйгарым укуктарга ээ болгон эмес», — деп айтылат соттун чечиминде.

Өз кезегинде Ак үйдүн басма сөз катчысы Тейлор Роджерс H-1B программасы ондогон жылдар бою туура эмес пайдаланылып келгенин белгилеп, президент Дональд Трамп бул көйгөйдү жөнгө салуу үчүн чараларды көргөнүн билдирди.

«H-1B программасын кыянаттык менен пайдалануу улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат, анткени ал америкалыктарды илим жана технология тармагындагы карьерадан алыстатып, АКШнын бул багыттардагы лидерлигине коркунуч келтирет», — деп мурда билдирген Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп.

H-1B визалары жогорку квалификациялуу адистер үчүн берилет. Аларды көбүнчө ири технологиялык компаниялар колдонушат. Бекитилген арыздардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү Индиядан келген адистерге туура келет.

Дональд Трамптын мындай визаларды тариздөө үчүн алынуучу төлөмдү 100 миң долларга чейин жогорулатуу тууралуу жарлыгы анын миграциялык саясатты катаалдаштыруу багытынын бир бөлүгү болуп, 2025-жылдын сентябрында күчүнө кирген.

Ак үйдүн администрациясы бул чечимди АКШ жарандары үчүн жумуш орундарын коргоо зарылдыгы менен түшүндүргөн. Төлөм жогорулатылганга чейин H-1B визасын тариздөөнүн баасы 5 миң доллардан ашкан эмес.