Эксперт: Ормуз кысыгынын кайра ачылышы үчүн америкалык аскерлер аймактан чыгарылышы керек

Ирандык саясий талдоочу Мохсен Пакаин Ормуз кысыгы АКШ менен Израилдин кол салуусуна чейин ачык болгонун жана бул суу жолу эми АКШнын күчтөрү аймактан чыгарылгандан кийин гана толук ачылышы мүмкүн экенин билдирди.

Пакаиндин айтымында, АКШ Иранга жасаган жаңы соккулары Ормуз кысыгында коопсуздуктун бузулушуна жана акырында кысыктын жабылышына алып келди. Бул окуя Ормуз кысыгы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрүнүн акылдуу башкаруусунун аркасында чыр-чатакка катышпаган мамлекеттер үчүн ачык бойдон турган учурда болуп жатат.

Бул башкаруунун алкагында күн сайын болжол менен 30–40 мунай жана соода кемеси Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүп турган, ал эми мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланыштар кадимки жана коопсуз шарттарда жүргүзүлүп келген.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Apache тик учагынын кыйратылышын шылтоо кылып, Иранга каршы кайрадан жаңы агрессия жасап, бул Ирандын аймактык эгемендигин бузууга жана Ормуз кысыгын кооптуу абалга алып келип, кысыктын толугу менен жабылышына себеп болду.

Америкалык чалгынчы тик учак эмне үчүн жана кандай жагдайда кыйраганына карабастан, бул тик учак Ирандын аймактык аба мейкиндигинде кандай уруксат менен учуп жүргөн жана кайсы эл аралык мыйзам мындай аракетке жол берет деген негизги суроону жаратууда.

Эксперт белгилегендей, америкалык тик учактын Ирандын аба мейкиндигинде болушу эл аралык мыйзамдардын жана нормалардын көз карашында көз карандысыз мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузуу болуп саналат жана АКШнын аскерлери бул мыйзамсыз аракет үчүн жазаланышы керек болчу. Ошол эле учурда CENTCOM азыркыга чейин Ирандын Apache тик учагына кол салганын далилдеген эч кандай фактыларды көрсөтө элек жана бул боюнча иликтөө дагы эле уланып жатканын билдирүүдө.

Анын айтымында, АКШнын коргоо министри Пит Хегсеттин билдирүүлөрү АКШнын Иранга каршы жасаган жаңы чабуул Apache тик учагынын кыйратылышынан улам эмес, дипломатиялык жеңилдиктерди алуу жана АКШнын кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөнүн ачык көрсөтөт. Хегсетт чабуул алдында: «Бүгүнкү түнкү соккулар дипломатиялык позицияны бекемдеп, АКШ аскерлеринин кызыкчылыктарын камсыздайт» деп билдирген. Бул сөздөр АКШ дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Ормуз кысыгындагы туруксуздуктун жаралышындагы өзүнүн ролунан буруп, жалган дооматтарды жайылтууга аракет кылып жатканын көрсөтөт.

“Бүгүнкү күндө дүйнөгө 40 күндүк согуш башталганга чейин Ормуз кысыгы ачык болгонун жана кемелер тоскоолдуксуз өтүп турганы жакшы белгилүү. Бул суу жолундагы туруксуздукка жана анын жабылышына чындыгында АКШнын Иранга жасаган агрессиясы алып келди”, – деп Мохсен Пакаин.

Ал белгилегендей, Ормуз кысыгындагы негизги коопсуздук коркунучу толугу менен жоюлмайынча, башкача айтканда, АКШнын аскердик күчтөрү аймактан чыгарылмайынча, бул кысыктын жабылышы улана бериши керек жана АКШ күчтөрү кеткенден кийин кемелердин бул кысык аркылуу өтүүсү кайрадан улантылышы зарыл.

Пакаин эгер Иран мындай чечим кабыл алса, ал күчтүү логикалык негизге жана токтотуучу мүнөзгө ээ болуп, Вашингтондун чабуулдарына жана басымдарына жооп катары ишке ашырыларын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, эгер АКШ Ормуз кысыгы эмне үчүн жабылганын билгиси келсе, анда ал биринчи кезекте өзүнүн аракеттерине баа берип, аймактан чыгып кетүү аркылуу коопсуздукту калыбына келтирүүгө жана Ормуз кысыгын ачууга жол ачышы керек. Ирандын Куралдуу күчтөрү Иран элинин талаптарын колдоо максатында ар дайым өлкөнүн кызыкчылыктарын чечкиндүү коргойт жана АКШнын аскердик же маалыматтык басымдарынын алдында Ормуз кысыгындагы кыймылдын кадимки абалга кайтып келишине жол бербейт.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 9-июнда кайрадан чыңалды. Ага Ормуз кысыгында америкалык аскердик тик учактын атып түшүрүлүшү себеп болду. Тик учактын кулашына АКШ Иранды айыптап, өлкө аймагына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран бул дооматтарды четке кагып, жооп иретинде Перс булуңундагы америкалык аскердик буталарга чабуул жасады.

11-июнга караган түнү АКШ Иранга кайрадан соккуларды жасады. Буга жооп катары Иран Бахрейн, Кувейт жана Иорданиядагы америкалык аскердик объектилерге чабуул койду.

АКШнын чабуулунун фонунда жана аймактагы туруксуз кырдаалдан улам Тегеран Ормуз кысыгындагы кыймылды толугу менен жабуу чечимин кабыл алганын, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн “Хатам аль-Анбия” борбордук штабы билдиргенин иран ЖМКлары маалымдашты.