Ирандын Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами өлкөсү ядролук технологиянын жана аны жергиликтүү шартта өздөштүрүүнүн жардамы менен күрүчтүн түшүмдүүлүгүн гектарына 2,5 эсеге көбөйтүүгө жетишкенин IRIB News агенттигине берген маегинде билдирди.
“Ядролук билим ар тараптуу билим болуп саналат жана ар кандай тармактарда өндүрүш жана түшүм жыйноо ыкмаларын жакшырта алат”, – деди Эслами.
Анын айтымында, күрүчтүн булганышын жоюу жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү – айыл чарба тармагындагы тынчтык максатындагы ядролук технологияларды колдонуунун бир бөлүгү болуп саналат. Мындай иштер арпа жана буудай сыяктуу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнө карата да жүргүзүлгөн.
Эслами белгилегендей, нурлантуу технологиясынын жардамы менен айыл чарба үрөндөрүн зыянкечтерден коргоого, булганууну азайтууга, үрөндөрдүн туздуу сууга жана кургакчылыкка туруктуулугун жогорулатууга болот. Бул мүмкүнчүлүктөр айыл чарба продукциясынын жылдык өндүрүшү 130 миллион тоннага жеткен Иран үчүн чоң жардам.
Атомдук энергия уюмунун жетекчиси өсүмдүктөрдү коргоо азык-түлүк коопсуздугуна салым кошорун, ал эми ядролук билим айыл чарбасындагы жоготууларды азайта аларын кошумчалады.