ХАМАС кыймылы Израил тарабынан сунушталган жаңы Газа боюнча жөнгө салуу келишимине жакынкы эки күндүн ичинде жооп берет.
Asharq News телеканалынын маалыматына караганда, учурда кыймылдын жетекчилиги бул жаңы сунушту ички кеңешүүлөрдө талкуулап жатат жана жакынкы 48 саат ичинде ортомчуларга өз жообун берет. Ошондой эле, ХАМАС «Газада толук жана ар тараптуу ок атууну токтотуу» боюнча пункт камтылбаган эч кандай демилгени же чечимди кабыл албасын билдирген.
Анклавда кармалып турган барымтадагылар маселеси боюнча, ХАМАСтын өкүлү мындай деди: кыймыл «жалпы макулдашуу жетишилген шартта, [Израилге] өткөрүлө турган адамдардын саны боюнча эч кандай кыйынчылык жок»,- деп эсептейт.