АКШнын, Израилдин жана Перс булуңунун өлкөлөрүнүн ракеталык тоскоолдук (перехват) арсеналы бир нече күндүн ичинде түгөнүшү мүмкүн, эгер Иран жооптук соккуларды жогорку темпте уланта берсе.
Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.
Билдирүүгө караганда, Тегерандын жооптук чабуулдары менен канчалык деңгээлде күрөшө алаары мамлекеттердин ракеталык тоскоолдук каражаттарына байланыштуу болот. Анын кору өткөн жылы Ислам Республикасынын күчтөрү менен болгон интенсивдүү кагылышуудан кийин критикалык төмөн деңгээлде болушу ыктымал, деп кошумчалайт агенттик.
Эгер Ирандын ракеталары алардын душмандарынын тоскоолдук ракеталарынан көп болсо, анда Тегерандын соккулары максаттарына жетет деп белгилейт Bloomberg.