Бириккен Улуттар Уюму Судандагы кагылышуулар башталгандан бери 2,8 миллион кишинин жер которгондугун билдирди. Бириккен Улуттар Уюму Судандагы кагылышуулар башталгандан бери 2,8 миллион кишинин жер которгондугун билдирди. БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу (OCHA) Суданда кагылышуу башталган 15 – апрелден бери чогулткан маалыматтарды жарыялады. Жазуу түрүндөгү билдирүүдө Суданда акыркы 11 аптада 15 гуманитардык жардамчынын каза болгону белгиленди. Суданда 2 миллион 800 миң кишинин жер которууга аргасыз болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө 2 миллион 200 миң кишинин өлкө ичинде…
Прочитайте большеКАБАРЛАР
Украина менен Орусия Запорожье АЭС боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат
Украинанын президенти Зеленский Орусия АЭСке коркунучтуу провокацияга даярданууда экенин айтса, Орусия Киев Запорожье АЭСине кол салууну пландап жатат деп божомолдоду. Украинанын президенти Зеленский Орусия Запорожье атомдук электр станциясына карата кооптуу провокацияга даярданып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, орус аскерлери АЭСтин айрым энергоблокторуна жардыргыч затка окшош нерселерди коюшкан. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги да АЭСте ыктымал жарылуу болгон учурда эмне кылуу керектиги боюнча сунуштарын берди. Орусиядан тескерисинче Украинага каршы айыптоо келди. Орусиянын «Росэнергоатом» атомдук энергетикалык компаниясынын башкы кеңешчиси…
Прочитайте большеИзраилдеги кол салуудан сегиз киши жаракат алды
Тель-Авивде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, бычак менен кол салуудан кеминде сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу The Jerusalem Post кабарлады. Социалдык тармактардагы видеого караганда, унаа тротуарга чыгып кетип, бир нече жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу унаадан чыгып, өтүп бара жаткандардын бирине бычак сайган. Бир жабырлануучунун абалы оор экени кабарланууда. Полициянын маалыматы боюнча, кол салган адам Иордан дарыясынын батыш жээгинде жашаган палестиналык болгон. Ал 20 жашта болчу жана Израилге дарылануу үчүн кирген. Алдын ала иликтөөлөргө…
Прочитайте большеМирзиёев Швецияда Курандын өрттөлүшүн «оор кылмыш» деп атады
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Швецияда Куран китебинин өрттөлүшүн айыптап, аны “оор кылмыш” деп атады. Бул туурасында ал 5-июлда Ташкенттеги шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда билдирген. “Динди жана жер шарындагы миллиондогон адамдын асыл сезимдерин кемсинткен мындай нерселерге жол берилбеши керек”, – деди Мирзиёев. Ошондой эле ал “түрдүү элдердин диний баалуулуктарын сыйлабаган радикализм менен экстремизмдин кандай гана түрү болбосун баарына каршы экенин” белгиледи. 28-июнда Швециянын баш калаасы Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китеби өрттөлгөн. Бул акцияны Швецияга Ирактан…
Прочитайте большеСи Цзиньпин ШКУ өлкөлөрүнө улуттук валютада эсептешүүлөрдү көбөйтүүнү сунуштады
Шанхай Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрү биримдиктин алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдү көбөйтүүсү керек. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 4-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги саммитинде билдирди. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммити Нью_делиде онлайн-форматта өтүп жатат. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда. “Уюмдун алкагында улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатка ылайыктуу…
Прочитайте большеШКУнун саммити. Ооганстандагы кырдаал ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизеби?
Бүгүн, 4-июлда, Нью-Делиде видео-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Ооганстандагы кырдаал тууралуу да сөз болду. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышууда. Кыргызстан Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар Коопсуздук маселелерине токтолгон президент Садыр Жапаров ооган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды. “Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Ооганстандагы…
Прочитайте большеИран ШКУга толук кандуу мүчө болду
Иран Ислам Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болду. Бул туурасында ШКУнун Нью-Делидеги онлайн саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган декларацияда айтылат. “Мүчө мамлекеттер Иран Ислам Республикасынын ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет катары кабыл алынышынын тарыхый маанисин баса белгилешти”, — деп айтылат документте. Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары Беларустун уюмга кирүү боюнча милдеттенмелери тууралуу меморандумга кол коюшту. Индиянын төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан…
Прочитайте большеИзраиль Батыш Шериага абадан кол салды
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин аба күчтөрүнүн Женин шаарына кол салуусунун натыйжасында 3 палестиналыктын каза болгону, үчөө оор 13 палестиналыктын жараланганы белгиленди. Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 5 палестиналыкты өлтүрүп, 27си жаралады. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Женин шаарына абадан кол салуусунда 4 палестиналыктын каза болгондугу, Аль-Бире шаарында да израилдик аскерлер тарабынан атылган октун натыйжасында 1 палестиналыктын башына ок тийип каза болгону белгиленди.. Израилдин Женинге жасаган кол салуусунда 7си оор…
Прочитайте большеШвециядагы абал…
Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады. Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем Стокгольмдо Курман айттын биринчи күнү, 28-июнда мечиттин алдында Куран өрттөлүшү анын өлкөсүнүн жакшы имиджин жаманга айландырышы мүмкүн экенин айтты. Биллстрем Швецияда Куран өрттөлгөн провокацияга болгон реакциялар тууралуу Syndsvenskan гезитине билдирүү жасады. Биллстрем: «Швецияда Курандын өрттөлүшү өлкөбүздүн жакшы имиджин жаман өңүткө айландырышы мүмкүн», – деди. Швециянын аброюн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканын белгилеген…
Прочитайте большеФранцияда башаламандыктын бешинчи түнүндө 700дөн ашуун киши кармалды
Францияда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин башталган тополоңдун бешинчи түнүндө 719 киши кармалды. Бул тууралуу BFM телеканалы өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. 700дөн ашык адамдын 194ү Парижде, 65и Марселде кармалган. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманиндин айтымында, өлкөнүн коопсуздугун сактоого 45 миңден ашык полиция жана жандармдар тартылды. Анын айтымында, бул түн мурункуга караганда “тынч” өттү. 1-июлга караган түнү 1300дөн ашуун адам кармалган. Беш күндө камалгандардын жалпы саны 3 миңден ашат. Тополоңдор жана кагылышуулар учурунда кеминде 45…
Прочитайте большеСаясий серепчи: Иран ШКУнун коопсуздугун бекемдейт
Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө болуп кирүү ыктымалы жогору, анткени бул өлкө аймактагы коопсуздуктун маанилүү элементи. Бул тууралуу РФ президентине караштуу Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин мүчөсү Богдан Безпалко РИА Новостиге билдирди. Буга чейин Индиянын Тышкы иштер министрлиги ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйырма үчүнчү саммити 4-июлда виртуалдык форматта өтөөрүн билдирген. Россия президентинин ШКУ боюнча атайын өкүлү Бахтиёр Хакимов Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө катары кабыл алынышы ШКУнун Нью-Делидеги саммитинде негизги чечим болорун билдирген. “Ирандын ШКУга кирүү…
Прочитайте большеИслам Кызматташтык Уюму Швецияда кезексиз чогулат
Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сауд Арабиянын талабы боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун ачык катышуучу болгон аткаруу комитетинин алдыдагы жумада Жиддадагы башкы кеңсесинде чогула турганы белгиленди. Ислам Кызматташтык Уюму Швецияда Куран Каримдин өрттөлүшү боюнча кезексиз чогулат. Ислам Кызматташтык Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кезектешкен башкаруучу Сауд Арабиянын талабы боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун ачык катышуучу болгон аткаруу комитетинин алдыдагы жумада Жиддадагы башкы кеңсесинде чогула турганы белгиленди. Жыйында Швецияда Курман айт майрамынын биринчи күнүндө Куран Каримдин…
Прочитайте большеРоссиянын президенти Путин Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү
Палестинанын лидери Аббас Россия башкаруусунун 24 – июндагы окуяларда конституциялык тартипти жана мыйзамды коргоого карата таштаган кадамдарына толук колдоо бергендигин билдирди. Россиянын президенти Владимир Путин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлден берилген маалыматка караганда Палестинанын лидери Аббас Россия башкаруусунун 24 – июндагы окуяларда конституциялык тартипти жана мыйзамды коргоого карата таштаган кадамдарына толук колдоо бергендигин билдирди. Эки лидер сүйлөшүүдө Россия менен Палестинан ортосундагы карым – катнаштарды мындан ары өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдиришти. Орус тарабы Палестина …
Прочитайте большеФранцияда башаламандык басаңдай элек. 400дөн ашуун киши кармалды
Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин башталган башаламандыкта 400дөн ашуун киши кармалды. Бул тууралуу Figaro басылмасы ички иштер министрлигиндеги булактарга таянып жазды. Жумага караган түнү жалпы 421 тартип бузуучу кармалган, алардын көбү 14 жаштан 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр. https://t.me/rt_russian/163939?embed=1 Башаламандыктардын чыгышына 27-июнда Париждин четиндеги Нантер шаарында 17 жаштагы өспүрүмдүн полициянын колунан каза табышы себеп болду. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу өспүрүм тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү…
Прочитайте большеИран Батыштын катаал санкцияларына карабай 5 миллиондон ашуун качкынга башпаанек берген
Иран Батыш өлкөлөрү киргизген катаал санкцияларга карабай 5 миллиондон ашуун качкынга башпаанек берген. Бул тууралуу Ирандын Ички иштер министри Ахмад Вахиди Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнүнө карата өткөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал өз сөзүндө Ирандын кучагы ар дайым муктаждарга ачык болуп, иран эли бул маселеге дайыма көңүл буруп келгенин баса белгиледи. Анын айтымында, Иран акыркы 44 жылда өз өлкөлөрүнүн кетүүгө аркасыз болгон ондогон өлкөлөрдөн, анын ичинде Ооганстандан качкындарды кабыл алган. “Качкындар кайдан чыгышат? Аларга таңууланган согуштардан жана режимдерден чыгат. Батыш…
Прочитайте больше