Өзбекстан Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында курулуп жаткан «Хайр аль-Мударис Имам Бухари» медресесин каржылайт. Бул тууралуу Podrobno.uz. сайты жазды. 21-августта өткөн иш-чарага Балх провинциясынын губернаторунун орун басары Нур аль-Ходи Абу Идрис жана Өзбекстандын Ооганстандагы башкы консулу Фархад Назаров катышты. «Хайр аль-Мударис Имам Бухари» медресеси 0,6 гектар аянтка жайгашып, 1000 окуучуга диний билим берет. Ооган маалымат каражаттары билдиргендей, курулуштун баасы 6 миллион долларга бааланган. Диний окуу жайдын курулушун бир жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Медресенин курулушу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы…
Прочитайте больше01
Демократтар Камала Харристи президенттикке талапкер кылып көрсөттү
АКШнын Демократиялык партиясы вице-президент Камала Харристи президенттик кызматка талапкер кылып расмий көрсөттү. Ага Чикагодогу улуттук курултайдын 4567 делегаты же 99% добуш берди. Харрис жана вице-президенттикке тандалган Тим Уолз ошол маалда Милуокиде шайлоо алдындагы митинг өткөрүп жатышкан. Харристи экс-президент Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обама колдошоту. Мурдагы биринчи айым демократ-шайлоочулар арасында абдан популярдуу. 19-августта жыйында президент Жо Байден чыгып сүйлөп, дагы бир жолу Харриске колдоосун билдирген. Туура бир ай мурун Байден жарыштан чыкканын, вице-президентин талапкер катары колдоорун…
Прочитайте большеКриштиану Роналдунун YouTube каналына жазылуу рекорд койду
Сауд Арабиясынын “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду YouTube′да өзүнүн каналын ачары менен эки сааттын ичинде ага 2 миллиондон ашык адам жазылды. Ал эми 18 сааттан кийин каналга жазылгандардын саны 15 миллиондон өттү. «Күтүү убактысы өттү. Менин YouTube каналым акыры ачылды. Жазылыңыз жана бул сапарда мени менен бирге болуңуз», – деп жазды ал. Көп өтпөй, YouTube ага “Алтын баскыч” белек кылганын да жарыялады: “Алтын баскыч… менин алтын балдарым үчүн”,-деди ал видеосунун алдында. 39 жаштагы футболчу быйыл “Аль-Наср” менен…
Прочитайте большеИран парламенти Пезешкяндын министрлер кабинетин бекитти
Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкян сунуштаган тизмедеги бардык министрлердин талапкерлиги Ислам республикасынын парламенти (мажлиси) тарабынан бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. “Жаңы 14-өкмөттүн министрликке сунушталган бардык талапкерлер парламенттин ишеним вотумун ала алышты жана кызматтарына бекитилди”, — деп айтылат билдирүүдө. Саясатчылардын ысымдарын Межлистин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф окуп берди. Пезешкян парламентке талапкерлердин тизмесин 11-августта тапшырган. Ошентип мунай министринин кызматына мурда бул ведомствонун башчысынын орун басары болуп иштеген Мохсен Пакнежад келди. Тышкы иштер министрлигинин жаңы жетекчиси белгилүү дипломат, тышкы иштер министринин…
Прочитайте большеИранда биринчи жолу Жол жана шаар куруу министри болуп аял дайындалды
Ирандын парламенти (межлис) тарабынан биринчи жолу Жол жана шаар куруу министри болуп аял бекитилди. Фарзане Садег өлкө тарыхында бул кызматка келген биринчи аял министр болуп калды. Ал кызматка парламентте жалпы 288 добуштун 231не ээ болуп бекитилди. 47 жаштагы Фарзане Садег буга чейин 13-өкмөттө шаар куруу жана архитектура боюнча кеңешчи болуп иштеген. Ал Иран Ислам Республикасынын тарыхында министр болуп шайланган жана министрликти жетектеген экинчи аял болду. Буга чейин Марзие Вахид Дастджерди министрлик кызматта иштеген жалгыз аял болгон. Ал мурдагы…
Прочитайте большеИран менен Ооганстан баңгизатка каршы күрөшүүдө маалымат алмашат
Иран менен Ооганстан баңгизатка каршы күрөштү активдештирүү максатында маалымат алмашууну макулдашты. Бул тууралуу Ирандын баңгизатка каршы күрөшүү штабынын камсыздоо жана эл аралык иштер боюнча директорунун орун басары Мохаммад Зарей журналисттерге билдирди. Ал Иран делегациясынын Кабулдагы ооган өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү менен болгон жолугушууларынын жана отурумдарынын жыйынтыктарына токтолуп, бул жолугушууларда баңги заттарга каршы күрөшүү, алдын алуу, баңгизатка болгон муктаждыкты азайтуу жана баңгизатка көз карандыларды дарылоо маселелери талкууланып, пикир алмашуу болгонун билдирди. “Баңги заттарына каршы күрөшүү боюнча маалымат…
Прочитайте большеИрандын Израилге жообу мурунку операциялардан айырмаланышы мүмкүн
Иран Палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүргөндүгү үчүн Израилге жооп кайтарууда убакытты көпкө чоюшу мүмкүн. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий өкүлү, генерал-майор Али Мохаммад Наэини брифингде билдирди. “Убакыт биз тарапта, жооп күтүү узакка созулушу мүмкүн”, – деди ал. Наэини Иранга жасалган бир дагы чабуул жоопсуз калбагынын жана душман тиешелүү убакта ойлонулган жана так соккуларды күтүшү керек экенин баса белгиледи. “Ирандын жообу мурунку операциялардан айырмаланышы мүмкүн”, – деп билдирди ал. Ислам революциясынын…
Прочитайте большеРоссияда мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда
Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын депутаттарынан турган топ 19-августта мигранттардын Россияга үй-бүлө мүчөлөрүн алып кирүүсүн чектей турган мыйзам долбоорун сунуштады. “Мыйзам долбоору менен Россияга эмгек келишиминин негизинде иштегени келген чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлөсүн алып кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда”, – деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө. Документтин авторлорунун айтымында, кеп Россияда эмгек келишминин же патенттин негизинде иштей турган төмөнкү квалификациядагы адистиктер жөнүндө болууда. “Мигранттардын үй-бүлөлөрү аларды мекенинде күтүшү керек. Чет өлкөлүк жумушчулардын Россияга келген жакындары топтошуп жашап, өз…
Прочитайте большеАКШнын Мамдепартаменти Түштүк Кореяга сокку уруучу 36 тик учак сатууну жактырды
АКШнын Мамлекеттик департаменти Түштүк Кореяга 3,5 миллиард долларга 36 Apache тик учагын сатууга макулдук бергенин Пентагондун Коргоо кызматташтыгы агенттиги билдирди. «Мамлекеттик департамент Түштүк Кореяга 3,5 миллиард долларга Apache тик учактарын жана ага тиешелүү жабдууларды сатууну жактырды», – деп билдирет ведомство. Маалыматта Сеул Вашингтондон 36 AH-64E Apache тик учак, ошондой эле T700-GE-701D кыймылдаткычтарын, AGM-114R2 ракеталарын, AGM-179A аба-аба классындагы ракеталарды жана AAR-57 жалпы ракеталык чабуулду эскертүүчү системаларды сураганы айтылат. “Defence News” сайтынын маалыматына караганда, Сеул 2013-жылы АКШдан…
Прочитайте большеКелечекте Борбор Азия Батышка каршы күчтүү коалициянын бир бөлүгү болот
Дүйнөдөгү азыркы кырдаалда Борбор Азия өлкөлөрүндө көп векторлуу саясаттын уланышы мүмкүн эмес. Бул аймак сөзсүз түрдө Батыш менен же болбосо батыштык эмес блок, анын ичинде Кытай, Орусия, Иран жана башка өлкөлөр менен биригүүгө туура келет. Бул тууралуу америкалык Diplomat журналы жазат. Басылманын автору Ахмад Тарик Нурзаде, Украина жаңжалынын фонунда Вашингтондун жана анын союздаштарынын болуп көрбөгөндөй кысымына карабастан, Орусия Борбор Азиядагы позициясын сактап жатканын айтат. Автор белгилегендей, Казакстан менен Орусиянын мамилеси туруктуу бойдон калууда. Ал эми Орусияда иштеген…
Прочитайте большеИран АКШдагы шайлоого кийлигишүүдө деген сөздү четке какты
Ирандын БУУдагы миссиясы Тегеран АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүдө деген дооматтарды четке кагып, аны “негизсиз” деп атады. Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан дүйшөмбү күнү журналисттерге таратылган билдирүүдө эгерде Вашингтон өзүнүн айыптоолорун негиздүү деп эсептесе, Ирандын бийлигине Тегерандын Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу далилдерди бериши керекти айтылат. “Мындай айыптоолор негизсиз. Эгерде АКШ өкмөтү өзүнүн дооматтарынын негиздүүлүгүнө ишенсе, анда биз аларга тиешелүү жооп берүүбүз үчүн бизге тиешелүү далилдерди, эгерде бар болсо, бериши керек”, – деп айтылат маалыматта….
Прочитайте большеХАМАС: кандай гана келишим болбосун Газада ок атууну толук токтотууга кепилдик бериши керек
Катардын борбору Дохада Израиль менен ХАМАС тобунун ортосунда ок атышпоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болуп өттү. Бул сүйлөшүүлөр Газа тилкесинин эки миллион жашоочусунун жана былтыр 7-октябрда туткунга алынган израилдик барымтачылардын тагдырын гана эмес, бүткүл аймактын келечегин чечиши мүмкүн. Израиль тарап Газа тилкесинде ок атышпоо маселеси боюнча палестиналык ХАМАС кыймылы менен пикир келишпестиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан АКШнын жаңы сунушун кабыл алганын Израилде иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тель-Авивде журналисттерге сүйлөп…
Прочитайте большеИран ТИМи Газадагы апаатка кимдер жооптуу экенин айтты
Газа тилкесинде болуп жаткан коркунучтуу апаат үчүн бардык өкмөттөр, элдер жана эл аралык уюмдар жооптуу, эгер алар керектүү чара көрбөсө, тарыхтын сотунда түбөлүк жоопко тартылып, айыпталууга татыктуу болушат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштенр министрлигинин расмий өкүлү Насер Канани соцтармактагы баракчасынан билдирди. Канани эл аралык уюмдардын аракетсиздигинен, ислам жана араб өлкөлөрүнүн натыйжалуу аракеттерди көрбөгөндүгүнөн жана АКШнын Израиль режимине тынымсыз аскердик колдоо көрсөтүүсүнөн улам Газада каза болгон палестиндердин саны 40 миңден ашканын билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун 15 миңге…
Прочитайте большеЛукашенко Беларусь армиясынын үчтөн бири Украина менен чек арага жөнөтүлгөнүн билдирди
Александр Лукашенко Украина Беларусь менен чек арасына жакын аймакка 120 миңден ашуун күчтөрүн жайгаштырганын, Беларусь ага жооп катары чекарага армиясынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн жайгаштырууга аргасыз болгонун билдирди. Бул тууралуу ал “Россия-1” мамлекеттик телеканалына берген маегинде билдирди. “Алар беларус-украин чек арасында 120 миңден ашык украиналык аскерлерди биздин чек арада кармап турушат. Алардын агрессивдүү саясатын көрүп, биз аскерлерибизди бүт чек арага жайгаштырдык”, – деди Лукашенко. Беларусь лидери ошондой эле чек арадагы кырдаалдын курчушу июнь айынын аягы – июлдун…
Прочитайте большеИлон Маск дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингинде башкалардан алда канча алдыда. Цукерберг үчүнчү орунда
Белгилүү Bloomberg басылмасы жарыялаган дүйнөнүн эң бай адамдарынын акыркы рейтингине ылайык, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск лидерлик позициясын сактап калууда. Bloomberg миллиардерлеринин рейтингинде Илон Масктын байлыгы 235 миллиард долларга бааланган, бул ага эң жакын атаандаштарынан бир топ алдыга чыгууга мүмкүндүк берет. Рейтингде экинчи орунда Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы Жефф Безос турат, анын байлыгы 193 миллиард долларга жеткен. Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингинде башкалардан алда канча алдыда. Цукерберг буга чейин 3…
Прочитайте больше