Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бардык ислам өлкөлөрүн Израиль менен саясий мамилелерди чектөөгө жана аны менен экономикалык байланыштарды үзүүгө чакырды. Бул тууралуу Ирандын лидери Тегеранда бир катар мамлекеттик кызматкерлер, ислам өлкөлөрүнүн элчилери жана “Ислам биримдиги” эл аралык конференциясынын катышуучулары, ошондой эле коомдун түрдүү тармактары менен жолугушууда билдирди. Хаменеи Израилдин Газа тилкеси, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги операциялары ошондой эле Ливан менен Сирияга кол салуулары тууралуу айтып жатып, «Бүгүн сионисттик режим уялбастан жана ачыктан-ачык кылмыш кылууда», – деп…
Прочитайте больше02
Газада набыт болгондор 39 миңден ашты. Ал жердеги урандыларды тазалоого эле 10 жыл керектелери айтылды
Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 39 миңден ашканын Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. «Өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 39 006га жетип, 89 818 адам жарадар болду», – деп айтылат Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө. Министрликтин билдирүүсүндө ошондой эле Газада акыркы 24 саатта Израилдин кол салууларынан 23 киши каза болуп, 90дон ашууну жаракат алганы белгиленди. 17-июлда Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Газа тилкесинде болуп жаткан окуялар тарыхтагы эң документтештирилген геноцид экенин…
Прочитайте большеИранда Ислам республикасынын негиздөөчүсү Хомейнини эскерип жатышат. Сүрөт
Бүгүн, 3-июнь Иран боюнча Ислам республикасынын негиздөөчүсү Имам Рухулла Хомейнинин дүйнөдөн кайткандыгынын 35 жылдыгы белгиленип жатат. Жыл сайын бул күнү өлкөнүн бардык аймагында ислам революциясынын шыктандыруучусунун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык конференциялар, семинарлар жана форумдар өткөрүлөт. Хомейнинин мавзолейинде жекшемби күнү өткөн эскерүү иш-чарасына жогорку даражалуу адамдар, анын ичинде өлкөнүн убактылуу президенти Мохаммад Мохбер катышты. Бул күнгө карата Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи да сөз сүйлөйт. 1 of 6 -+ Ислам революциясынын лидери 1989-жылдын 3-июнунда…
Прочитайте большеЭлиана Сатарова: Газа качкындарынын абалы өтө аянычтуу. Видео
Кыргызстандагы “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду Газада согуш башталгандан бери кыргыз элинин атынан палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп келет. Фонддун жетекчиси Элиана Сатарова палестиналыктарга жардам чогултуу, аны Газа менен Египеттин чек арасына жеткирүү иштери кандай жүргүзүлгөнүн жана ал жердеги газалык качкындарынын аянычтуу абалы туурасында “Eurasia Today” агенттигине маек курду.
Прочитайте большеИрандын жогорку лидери: Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөбүз
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран Дамасктагы Ирандын консулдугуна кол салган Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөрүн билдирди. “Биздин эр жүрөк адамдарыбыз баскынчы режимди жазалайт. Биз аларды бул жана башка ушул сыяктуу кылмыштары үчүн өкүндүрөбүз”, – деп айтылат Ирандын Жогорку лидеринин расмий сайтында. Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулуна жеке жооп кайтарууга, ошондой эле “агрессорду кандай жазалоону” так аныктоого укуктуу экенин билдирген. Ирандын президенти Ибрахим Раиси кол салуу жоопсуз калбайт деген. 2-март күнү кечинде Израилдин аба…
Прочитайте большеОрозонун жана Рамазан айынын пазилети
Суроо: Рамазан айынын пазилети эмне? ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери мындай дейт: Касиеттүү Рамазан айы өтө кадырлуу. Бул айда окулган нафил намазга, зикирге, садака жана бардык нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган парздар сыяктуу. Бул айда орундалган бир парз башка айларда орундалган жетимиш парз сыяктуу. Бул айда бир орозолууга ифтар берген адамдын күнөөлөрү кечирилет. Тозоктон азат болот. Ал орозолуунун сообундай ага да өзүнчө сооп берилет. Ал орозолуунун сообу эч кемибейт. Бул айда кол астындагылардын иштерин…
Прочитайте больше“Палестинага боштондук!”: Израилдин Вашингтондогу элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер каза болду
Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларына нааразычылык көрсөтүп, Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу АКШнын аба күчтөрүнүн басма сөз кызматынын башчысы Энн Стефанек ырастаганын ТАСС агенттиги жазды. АКШнын аба күчтөрүнүн аскери нааразылык акциясын жекшемби күнү Израилдин Вашингтондогу элчилигинин кире беришинин алдында өткөргөн. Ал эмне болуп жатканын Twitch стриминг кызматы аркылуу түз эфирде көрсөткөн. Ал АКШнын Аба күчтөрүнүн аскер кызматчысы экенин билдирген. “Мен мындан ары геноцидге катышпайм”, – деген…
Прочитайте большеИрандын Жогорку лидери Кермандагы теракттын уюштуруучуларына катуу жооп кайтарыларын убадалады
Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Керман шаарындагы жүздөгөн кишинин өмүрүн алган террордук кол салуунун уюштуруучуларына жана аны аткаргандарга катуу жооп кайтарып, өзүнө жараша жаза берерин убадалады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Өлкөнүн Ички иштер министринин акыркы маалыматы боюнча, көрүстөнгө жакын жерде болгон кош жардыруудан набыт болгондордун саны 84кө, жаракат алгандар 284кө жетти. Буга чейин иран ЖМКлары окуядан 103 киши каза таап, 211и жаракат алганын Кермандын чукул кырдаал кызматынын жетекчисине шилтеме берүү менен маалымдашкан. Жардыруулар…
Прочитайте большеИрандын Жогорку лидери: “Батыш цивилизациясынын аялдарга карата мамилеси – пайда жана ырахат алуу”
«Батыш цивилизациясынын аялдар маселесине карата мамилеси эки фактордон турат: пайда жана ырахат алуу”. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү ар түрдүү катмардагы аялдардын тобу менен болгон жолугушуусунда билдиргенин “Fars News” агенттиги жазды. Анын айтымында, Ислам менен Батыштын аялдын иденттүүлүгү, анын баалуулуктары, укуктары, милдеттери, эркиндиктери жана чектөөлөрүнө карата мамилеси бири-бирине карама-каршы келерин айтты. Хаменеи Исламдагы аялдар маселеси Исламдын күчтүү жактарынын бири экенин айтып, Ислам аялдарга тиешелүү бардык тармактарда күчтүү логикага жана рационалдуу колдоого ээ деди….
Прочитайте большеЫймандуу адамды кийин ыймансыздыкка алып бара турчу нерселер
Азыр ыйманы болуп туруп илгериде ыйманынын кетүүсүнө себеп болгон нерселер [40] чамасында: 1- Бидат ээси болуу. Б.а., итикады бузук болуу. [Ахли сүннөт аалымдары билдирген туура итикаддан аз болсо дагы айрылган адам жолдон адашкан же капыр болот. Ишенүү зарыл болгон нерсеге ишенбесе дароо капыр болот. Инешүү зарыл болбогон нерсени четке какса (Бидат) же (Далалат)болот. Акыркы демде ыймансыз кетүүгө себеп болот.] 2- Алсыз ыйман, б.а., амалсыз ыйман. 3- Тогуз мүчөсүн туура жолдон чыгаруу. 4- Чоң күнөө кылууну улантуу. [Бул үчүн алкоголдук ичкилик ичпөө, мусулман…
Прочитайте большеПалестина тарыхы: Сионисттик Израил жүргүзгөн 75 жылдык кыргын
Мындан 75 жыл мурун Израил деген өлкө картада жок эле. Азыр 10 миллионго чукул еврейлер жашаган Жакынкы Чыгышта, Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгинде Иерусалим деген мамлекетте мусулмандар кылымдар бою бактылуу жашап келишкен. Сионисттик Израилдин палестиналыктарга карата зомбулугу быйыл эле баштала калган жок. Палестиналыктар канча кылымдан бери жашап келген жерлеринен, үй-жайынан айрылып, 75 жылдан бери дүйнөнүн көз алдында зулумдукка дуушар болуп келишет. Бул материалдан сионисттер кантип Иерусалимди оккупациялап алгандыгын, миллиондогон палестиналыктардын тагдырын өзгөрткөн адилетсиздик кандайча башталгандыгын…
Прочитайте больше55 жыл Иерусалимдеги Аль-Акса мечитин кайтарган осмон жоокеринин баяны
Бул – болгон окуя. Аны окуган адам көзүнө жаш алып, өзүнүн ислам баалуулуктарынын алдындагы жоопкерчилигин сезери шексиз. Баянды кунт коюп окууга чакырабыз. 1-дүйнөлүк согуштан жеңилүүгө дуушар болгон Осмон дөөлөтү карамагындагы жерлерден, анын ичинде Иерусалимден да чегинүүгө мажбур болот. Анткени эми аларга ээликти согуштан жеңип чыккан тарап жүргүзүшү керек эле. Бирок ошол кездеги эл аралык эреже, салт боюнча, бошотулган жерлерге жеңген тараптын аскерлери келгенге чейин шаардагы тартипти көзөмөлдөп турууга жеңилген тараптын аскерлери дайындалчу. Бул баянда Иерусалимде…
Прочитайте большеБишкекте Палестинаны колдоо акциясы өтүп жатат. Сүрөт, видео
Бүгүн, 28-октябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Палестина элин колдоо митинги Акциянын катышуучулары Кыргызстан менен Палестинанын желектерин көтөрүп, “Палестина — биз сени менен!”, “Палестинага боштондук”, «Геноцидди токтоткула», “Биз Палестинаны колдойбуз” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Алар Израилдин аракеттерин айыптап, Газадагы геноцидди токтотууну талап кылышты. Чогулгандардын арасында Муфтияттын өкүлдөрү, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, жарандык активисттер, “Умма” ислам журналынын редактору Элиана Мариям Сатарова, ошондой эле уюштуруучулардын айтымында, чогулгандардын арасында чет элдик дипломаттар да болду. Алсак, акцияга Ирандын…
Прочитайте большеТурсунбай Бакир уулу: ХАМАСтын лидери менен жеке таанышмын
Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу журналист Нурсейит Анаркуловдун «Накта Подкаст» көрсөтүүсүндө конокто болуп, Палестина-Израиль жаңжалы эмнеден башталды, согуш эмне менен бүтөт жана ХАМАС кыймылы тууралуу ойлорун бөлүштү.
Прочитайте большеТалашка түшкөн Иерусалимдин (Куддустун) 9 артыкчылыгы
Палестинада орун алган акыркы окуялар бүткүл үммөттүн жүрөгүн орутууда. Эмне себептен мусулмандар үчүн Куддус ыйык эсептелинет? Иерусалимдин Исламдагы орду кандай? Алдыда бул суроолордун жообун табасыз. 1. Иерусалим – бардык пайгамбарлар жана периштелердин изи түшкөн жер. Иерусалимде Ибрагим, Исхак, Якуб, Муса, Дауд, Лут, Аюб, Сулайман, Закария, Яхья, Иса (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбарлар жашашкан. Ошондой эле айрым сахабалардын сөөктөрү коюлган. 2. Иерусалим – Мекке жана Мединадан кийинки ыйык эсептелген жер. 3. Куддуста Исламдагы ыйык мечиттердин бири…
Прочитайте больше