Израиль Бейрутка жана Түштүк Ливанга сокку урду. Чек арадагы эскалация

Израиль Бейрутка жана Түштүк Ливанга сокку урду. Чек арадагы эскалация

Израиль Ливандын борборуна сокку урду. Чабуул Ливан-Израиль чек арасындагы кырдаалдын курчушунун фонунда, Ливандагы “Хезболла” кыймылынын мүчөлөрүнүн миңдеген байланыш аппараттарынын жарылуу толкунунан кийин болду. Бул үчүн кыймылдын өкүлдөрү жана Ливандын бийликтери Израилди айыпташты. Израиль армиясы ошондой эле түндүк багытта аскердик операцияларын күчөтүп, Түштүк Ливандагы “Хезболланын” буталарына массивдүү авиачабуулдарды баштады. Ливан тараптан сокку уруу Израилдин Бейрутка жасаган чабуулу Ливандын түштүк райондоруна жасалган чабуул Байланыш аппараттарынын жарылышынын кесепеттери Эл аралык реакция

Прочитайте больше

Ирандын президенти Израилдин Ливандагы террордук аракеттерин айыптады

Ирандын президенти Израилдин Ливандагы террордук аракеттерин айыптады

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Израилдин Ливандагы террордук аракеттерин айыптоо менен бирге, эл аралык уюмдарды бул жааттагы милдеттерин аткарууга чакырды. Пезешкиан бүгүн X соцтармактагы баракчасына “Биз Ливанга тилектешпиз” деген хештег менен мындай деген билдирүү калтырды: “Террордук режимдин жай тургундар менен башкаларды бөлбөстөн байланыш каражаттарын жардыруу менен ишке ашырган чыккынчы массалык террорунун натыйжасында миңдеген ливандык жарандардын каза болушу жана жарадар болгондугуна байланыштуу Ливандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кылмышкер сөзсүз адилеттүү жазасын алат. Иран Ислам Республикасы ливандыктарды бутага…

Прочитайте больше

Түштүк Кореянын президенти КЭДР менен Орусияны коркутту

Түштүк Кореянын президенти КЭДР менен Орусияны коркутту

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Түндүк Корея менен Орусиянын аракеттери өз өлкөсүнө коркунуч жаратса, Сеул үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эскертти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Агенттик белгилегендей, Москва менен Пхеньяндын кызматташтыгы жана Украинага курал-жарак жеткирүү мүмкүнчүлүгү боюнча комментарий берип жатып, Түштүк Кореянын лидери «Түндүк Корея менен Орусия Түштүк Кореянын коопсуздугуна коркунуч туудурса, кесепеттерге дуушар болушат»,- деп билдирди. «Биздин жарандардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурган эч кандай аракеттерге жол берилбейт», – деп кошумчалады президент…

Прочитайте больше

Иран Ливандагы элчисине кол салуу болгондугуна байланыштуу чара көрөт

Иран Ливандагы элчисине кол салуу болгондугуна байланыштуу чара көрөт

Тегеран Израилдин Ливандагы акыркы террордук чабуулу учурунда өзүнүн элчиси Можтаба Аманиге кол салууга байланыштуу чара көрөт. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ираванинин Коопсуздук Кеңешине, БУУнун баш катчысына жана 79-Башкы Ассамблеянын төрагасына жолдогон катында айтылат. «Иран Ислам Республикасы Ливандагы элчисине кол салуу болуп, анын жарадар болушуна байланыштуу тиешелүү чараларды көрөт жана мындац жийиркеничтүү кылмышка жана мыйзамдардын бузулушуна жооп кайтаруу үчүн зарыл чараларды көрүү үчүн эл аралык укукка негизделген укуктарын өзүнө калтырат”, – деп айтылат катта….

Прочитайте больше

АКШ Конгресси Израилди сынга алды

АКШ Конгресси Израилди сынга алды

Израиль Ливан боюнча бир катар жардырууларды жасап, эл аралык гуманитардык мыйзамды бузду. Бул аракеттер “Хезболла” кыймылына каршы багытталган. Caliber.Az маалымдагандай, бул тууралуу АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Александрия Окасио-Кортес өзүнүн X (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы аккаунтунда билдирди. “Израилдин бул чабуулу ачык жана так эл аралык гуманитардык укукту бузган жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кеңири жаңжалды болтурбоо аракеттерине шек келтирет”, – деп сындады конгрессмен. Окасио-Кортес “Конгресске Ливандагы жардыруулар боюнча толук отчет керек”,- деп баса белгиледи, анын ичинде Мамлекеттик департаменттин…

Прочитайте больше

“Борбор Азия+Германия” саммити: Глобалдык чакырыктардын фонунда өнүгүүнүн жаңы перспективалары

“Борбор Азия+Германия” саммити: Глобалдык чакырыктардын фонунда өнүгүүнүн жаңы перспективалары

Астанада “Борбор Азия+Германия” саммити аяктап, ал Борбордук Азия менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап болуп калды. Акыркы жылдары популярдуулукка ээ болуп жаткан бул формат региондогу өлкөлөргө жана Германияга экономикалык өнүгүү болобу, энергетика же коопсуздук болобу, глобалдык чакырыктарга бирдиктүү мамиле жасоого мүмкүндүк берет. Экономикалык демилгелер жана инфраструктуралык долбоорлор Талкууланган негизги маселелердин бири транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү болду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азияны Европа менен Трансевропалык транспорт тармагы (TEN-T) аркылуу байланыштыра турган Ортоңку коридор боюнча ишти активдештирүүнү…

Прочитайте больше

Пейджер жарылуусу: Иран Ливанга куткаруучуларды жана хирургдарды жөнөттү

Пейджер жарылуусу: Иран Ливанга куткаруучуларды жана хирургдарды жөнөттү

Ирандык куткаруучулар жана дарыгерлер Ливандагы байланыш каражаттарынын массалык жарылуусунан жабыркагандарга жардам берүү үчүн Бейрутка келишти. Бул тууралуу Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хоссейн Коливанд билдиргенин Иран өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Коливанд Ливандагы чабуулду айыптады. Анын айтымында, Ирандын Кызыл Жарым Ай коому Эл аралык Кызыл Крест комитети жана Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашып, гуманитардык жардамдын алкагында Ливанга куткаруу топторун жана офтальмолог-хирургдарды жеткиришти. Ал ошондой эле Иран бийлиги оор жаракат алгандарды дарылоо үчүн Ислам Республикасына…

Прочитайте больше

Пейджерлердин жарылуусу. Дүйнө коомчулугу Ливандагы чабуулду айыпташууда

Пейджерлердин жарылуусу. Дүйнө коомчулугу Ливандагы чабуулду айыпташууда

Ливанда бир эле убакта миңдеген адамдардын пейджерлери жарылды. Натыйжада 11 адам казат таап, жаракат алгандардын саны төрт миңден ашканын Ливандын Саламаттык сактоо министри Фирас Абьяд билдиргенин жергиликтүү OTV телеканалы кабарлады. Жабыркагандардын көбү бетинен, колунан жана курсагынан жаракат алышкан. Ливандык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Бейрут, Сайде жана Тирдеги ооруканалар жабырлануучуларга жык толуп калды. Миңдеген аппараттардын бир убакта жарылуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок Ливандын улуттук NNA агенттиги аппараттардын жарылышы «жогорку технологиялык таасирден» улам болгонун жазды. Ливан…

Прочитайте больше

Шойгу Иранга барып, өлкө президени Пезешкиан менен жолукту. Сүрөт

Шойгу Иранга барып, өлкө президени Пезешкиан менен жолукту. Сүрөт

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу 17-сентябрда Ирандын баш калаасына келгенин Ирандын мамлекеттик IRIB телеканалы билдирди. Сапардын алкагында Шойгу өлкө президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту. Жолугушууда Шойгу Пезешкианга Россиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусун тапшырганын IRIB билдирди.  “Иран Ислам Республикасынын президенти менен жолугушууда Шойгу мырза ага Россиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусун берип, Пезешкян мырзага жетишилген макулдашуулар боюнча отчетту көрсөттү”, — деп айтылат телеканалдын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүсүндө. Ирандын президенти Тегеран Москва менен алакасын өнүктүрүүнү уланта турганын билдирди. “Он төртүнчү өкмөт эки өлкөнүн ортосундагы…

Прочитайте больше

Ливанда пейжерлер массалык түрдө жарылып, 11 киши каза таап, 4 миңден ашууну жаракат алды. Видео

Ливанда пейжерлер массалык түрдө жарылып, 11 киши каза таап, 4 миңден ашууну жаракат алды. Видео

17-сентябрда Ливандын ар кайсы аймактарында пейджерлер бир убакта массалык түрдө жарылды. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фирас Абъяд окуянын натыйжасында 11 киши каза таап, 4 миңден ашууну жарадар болгонун билдирди. Жаракат алгандардын арасында Ирандын Ливандагы элчиси Можтаба Амани да бар экенин иран маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, анын жарааты жеңил, өмүрүнө коркунуч жок. Көзөмөл камераларынан алынган видеолордун биринде соода борборунда жүргөн адамдын чөнтөгүнөн жарылуу болгонун көрүүгө болот  Саламаттыкты сактоо министрлиги тез жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды…

Прочитайте больше

Chamran-1. Иран космоско изилдөөчү спутнигин учурду

Chamran-1. Иран космоско изилдөөчү спутнигин учурду

Иран “Chamran-1” деп аталган изилдөө спутнигин орбитага чыгарды, анын негизги милдети орбиталык маневр технологиясын сыноо болуп саналат. Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун расмий сайтында айтылат. “Бүгүн эртең менен “Chamran-1” изилдөө спутниги “Qaem-100″ ракета алып жүрүүчүсү аркылуу космоско учурулду жана 550 километр бийиктиктеги орбитага ийгиликтүү чыгарылды”, — деп айтылат жарыяланган билдирүүдө. Маалыматка караганда, “Chamran-1” Жерге алгачкы сигналдарды жиберди. Спутниктин негизги милдети орбиталык маневр жасоонун технологиясын текшерүү учун программалык жана аппараттык каражаттарды сыноо болуп саналат. Qaem-100…

Прочитайте больше

Хуситтер Израилге ракета менен сокку урду

Хуситтер Израилге ракета менен сокку урду

Жекшемби күнү эртең менен Израилдин борбордук бөлүгүндөгү көптөгөн шаарларда аба чабуулунун сиреналары жаңырып, көп өтпөй Израиль армиясы Йеменден атылган «жер-жер» үлгүсүндөгү ракета Модиин шаарына жакын жерде кулаганын жарыялады. Израилдин Коргоо армиясы кийинчерээк алгачкы иликтөөлөр ракета абада сыныктарга бөлүнүп жарылганын көрсөткөнүн билдирди. Ракета калк жашаган жерге түшкөн, бирок андан жабыркагандар болгон жок. Йемендик “Ансар Аллах” кыймылы (хуситтер) сокку Тель-Авивдин жанындагы Яффа шаарындагы аскерий объектиге жасалганын жарыялаган. Кыймылдын маалымат боюнча соккудан эки миллиондой израилдик бомбадан баш калкалоочу…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Россияда өтө турган БРИКСтин саммитине катышат

Ирандын президенти Россияда өтө турган БРИКСтин саммитине катышат

Ирандын президенти Масуд Пезешкян Россиянын Казань шаарында өтө турган БРИКСтин саммитине катышат. Муну Ирандын Россия Федерациясындагы элчиси Казем Жалали БРИКСтин медиа саммитинин алкагында ырастады. «Иран Ислам Республикасынын Президенти Пезешкян мырза, Казань саммитине катышат», – деди ал Песковдун сөзүнө комментарий берип жатып.  Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Москва “дипломатиялык каналдар аркылуу” Иран президентинин саммитке катышуусун ырастоосун күтүп жатканын билдирген. БРИКСтин медиасаммити 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин Москвада өтүп жатат, ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 60тан ашык маалымат каражаттарынын жетекчилери…

Прочитайте больше

Тажикстан аскердик бюджетин 92 млн долларга көбөйтүүнү пландоодо

Тажикстан аскердик бюджетин 92 млн долларга көбөйтүүнү пландоодо

Тажик бийлиги 2025-жылга карата мамлекеттик бюджетке коргонуу, укук коргоо органдарын жана сотторду каржылоого 4,7 миллиард сомони (446 миллион доллар) бөлүүнү пландоодо. Бул сумма бекитилсе, бюджетинин чыгаша бөлүгү 2024-жылга караганда 972,4 миллион сомониге (92 миллион доллар) көп болот. Каржы министрлигинин документинде 2025-жылы Тажикстандын армияга жана укук коргоо органдарына жумшаган чыгымы ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 2,8 пайызын түзөрүн көрсөткөн. 2024-жылы Тажикстандын бул максаттарга жумшаган чыгымы өлкөнүн ИДӨсүнүн 2,6 пайызын же 3,7 миллиард сомонини (354 миллион доллар) түзгөн.

Прочитайте больше

Дональд Трамп Камала Харрис менен экинчи дебаттан баш тартты

Дональд Трамп Камала Харрис менен экинчи дебаттан баш тартты

Республикалык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Демократиялык партиянын талапкери, учурдагы вице-президент Камала Харрис менен шайлоо алдындагы кезектеги дебатка катышуудан баш тартты. “Үчүнчү дебат болбойт!” — деп жазды экс-президент өзүнүн Truth Social социалдык тармагына. Трамп-Харрис теледебаты ушул аптада Филадельфияда өткөн. Батыш маалымат каражаттары Харрис талаш-тартыштарды башынан эле көзөмөлдөп, атаандашын коргонууга коюп, социалдык тармактарга тараган бир катар жалган билдирүүлөргө түрткөнүн белгилешти. CNN сурамжылоочулары жана көптөгөн саясий серепчилер демократты жеңүүчү деп ойлошкон. “Мушкер мушташта жеңилип калганда, анын айткан биринчи сөзү: “Мен…

Прочитайте больше
1 6 7 8 9 10 117