Лукашенко Беларусь менен Иран тышкы кысымга туруштук берип жатканын айтты

Лукашенко Беларусь менен Иран тышкы кысымга туруштук берип жатканын айтты

Беларусь менен Иран аларга жасалып жаткан тышкы кысымга туруштук берип, окшош абалда туруп, кызматташтыкты өнүктүрүп жатыканына өкүнбөйт. Бул тууралуу Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Минсктеги Эгемендүүлүк сарайында Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен жолугушууда билдиргенин БЕЛТА жазды. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында Беларусь менен Иран тууралуу жалган маалымат таратуу аракеттери көрүлүп жатат. “Маалыматтык тиреш жүрүп жатат – биз муну түшүнөбүз, тажрыйбалуу адамдарбыз. Балким, маалыматтык согуштун элементтери менен да. Ошентсе да биз санкцияларга жана башка…

Прочитайте больше

Орус армиясы Курск аймагында каршы чабуулга өттү

Орус армиясы Курск аймагында каршы чабуулга өттү

Орус аскерлери Украинанын куралдуу күчтөрүн Орусиянын аймагынан сүрүп чыгаруу үчүн каршы чабуулга өткөнүн бир нече Telegram каналдары кабарлашты. Украиналык Deep State аскер порталы  Коренево аймагында орус бөлүктөрү алдыга жылып жатканын билдирди. Порталдын Telegram-каналы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бул багыттагы маанилүү таянычы болгон Снагост айылын көздөй россиялык бронетранспортёрлордун колонналары баратканын көрсөткөн кадрларды жарыялады. Кадрларда кеминде сегиз танк жана бронетранспортер бар. Deep State порталынын билдирүүсүндө, орустар “активдүү чабуул операцияларын баштады, адегенде бронетранспортерлер менен Сейм дарыясын кечип, андан соң…

Прочитайте больше

Ирандын президенти биринчи чет элдик сапарын Иракка жасады

Ирандын президенти биринчи чет элдик сапарын Иракка жасады

Ирандын президенти Масуд Пезешкян июль айында кызматка киришкенден берки биринчи чет элдик расмий сапары менен Иракка келди. Аны Багдад эл аралык аэропортунда Ирактын премьер-министри Мохаммад Шиа ал-Судани тосуп алды. Пезешкиан Багдадга конгондон кийин бул шаардын аэропортундагы ирандык генерал Касем Сулеймани менен ирактык командачы Абу Махди Аль-Мухандистин шейит болгон жерге барып, алардын элесин эскерди. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Аны менен кошо бир нече офицер…

Прочитайте больше

Иран БРИКСтин ичинде коопсуздук боюнча атайын структура түзүүнү сунуштады

Иран БРИКСтин ичинде коопсуздук боюнча атайын структура түзүүнү сунуштады

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян БРИКСтин ичинде коопсуздук боюнча атайын структура түзүүнү сунуштады. Анын Санкт-Петербургда өтүп жаткан БРИКС+ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерине жооптуу жогорку өкүлдөрүнүн жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн видеосун Tasnim агенттиги жарыялады. Ал терроризм, экстремизм, биологиялык курал жасоо, баңги аткезчилиги, адам сатуу, жасалма интеллект жана спутниктик системалар сыяктуу инновациялык технологияларды мыйзамсыз колдонуу сыяктуу жалпы коркунучтарга каршы туруу, ошондой эле кибермейкиндикте жана деңиз ташууларында жалпы коопсуздук мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн БРИКСтин атайын структурасын…

Прочитайте больше

Израиль барымтачылардын ордуна ХАМАСтын лидерине Газадан коопсуз чыгууну сунуштады

Израиль барымтачылардын ордуна ХАМАСтын лидерине Газадан коопсуз чыгууну сунуштады

Израиль ХАМАСтын лидери Яхья Синварга барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа тилкесинен коопсуз чыгууну сунуштады, деп билдирет Bloomberg. «Мен Синварды, анын үй-бүлөсүн, ага кошулууну каалагандардын бардыгын коопсуз өткөрүүгө даярмын… Биз барымтадагылардын кайтарылышын каалайбыз. Биз Газаны башкара турган жаңы системаны демилитаризациялоону, дерадикализациялоону каалайбыз», – деди Израилдин уурдалган жана дайынсыз жоголгон жарандары боюнча комиссары Гал Хирш. Агенттиктин маалыматына караганда, Хирш бул сунушун кыймылдын өкүлдөрүнө жөнөткөнүн билдирди. “Ошол эле учурда мен B, C жана D планынын үстүндө иштешим керек, анткени мен барымтадагыларды үйгө…

Прочитайте больше

Камала Харрис менен Дональд Трамп дебатта биринчи жолу жолугушту

Камала Харрис менен Дональд Трамп дебатта биринчи жолу жолугушту

АКШ президенттигине талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамп ноябрь айындагы добуш берүүнүн алдында ABC News телеканалынын түз эфиринде шайлоо алдындагы биринчи жана балким, жалгыз теледебатын өткөрүштү. Дебат шайлоого эки айга жетпеген убакыт калганда өттү. Дискуссиянын биринчи бөлүгү жана ABC телеканалынын алып баруучусу Дэвид Муир берген биринчи суроо экономикага багытталды. “Америкалыктар төрт жыл мурункуга караганда жакшыраак жашайт деп ишенесизби?” — деп сурады ал. Харрис алгач жооп берип, “мүмкүнчүлүк экономикасын” курууну пландап жатканын айтты. Ал турак-жай маселесин чечүүгө, жаш үй-бүлөлөргө жана чакан бизнеске…

Прочитайте больше

Армения Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр

Армения Азербайжан менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жакын арада Азербайжан менен тынчтык келишиминин макулдашылган текстине кол коюуга даяр экенин ырастады. Бул тууралуу Armenpress маалымат агенттиги жазды. Пашинян тынчтык келишиминин учурда макулдашылган бөлүгүндө Армения менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча жобо бар экенин белгиледи. “Ошондуктан, биз ушундай чечимдерди кабыл ала алабыз, биз бул сунушту ачык жана расмий түрдө жасадык жана мен жакынкы келечекте тынчтыкты жана мамилелерди орнотуу боюнча сүйлөшүүнүн макулдашылган текстине кол коюуга даяр экенибизди ырастагым келет”, –…

Прочитайте больше

Ооганстандын Улуу Британиядагы элчилиги ишин токтотот

Ооганстандын Улуу Британиядагы элчилиги ишин токтотот

Ооганстандын Улуу Британиядагы элчилиги жергиликтүү бийликтин талабы менен 27-сентябрдан тарта ишин токтотот. Бул тууралуу ооган дипломатиялык миссиясынын башчысы Залмай Расул X соцтармактагы баракчасынан билдиргенин Associated Press агенттиги билдирди. Британ бийликтери мындай чечимди Ооганстанда бийликти алган “Талибан” кыймылы Кабул менен кызматташуудан баш тарткан ооган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тараткан документтерди таануудан баш тарткандан кийин кабыл алган. Талибдер түзгөн Тышкы иштер министрлиги мурда кабарлагандай, алардын арасында Ооганстандын Австралия, Австрия, Бельгия, Греция, Италия, Канада, Норвегия, Польша, Франция, Швейцария жана Швециядагы…

Прочитайте больше

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Россияга жөнөп кетти

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Россияга жөнөп кетти

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиян Россияга жөнөп кетти. Ал 10-12-сентябрда Санкт-Петербургда өтө турган БРИКС жана БРИКС+ өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерин тейлеген жогорку өкүлдөрүнүн он төртүнчү жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, Ахмадиян Санкт-Петербургга шейшемби күнү россиялык кесиптешинин чакыруусу менен жөнөп кетти. Россия тарап менен жолугушууда өзгөчө көңүл Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү кырдаалга жана экономикалык, саясий жана коопсуздук чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкка бурулат. Бул саммитте БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн жыйынынан тышкары, биримдикке мүчө…

Прочитайте больше

Вьетнамда тайфун көпүрөнү кулатып, транспорттор жана адамдар дарыяга агып кетти 

Вьетнамда тайфун көпүрөнү кулатып, транспорттор жана адамдар дарыяга агып кетти 

Өткөн дем алыш күндөрү Вьетнамдын түндүк райондорун каптаган «Яги» тайфуну токтой элек. Дүйшөмбү күнү Пху Тхо провинциясында автомашина  көп каттаган Фонг Чау табигый кырсыкка туруштук бере албай урап түшүп, 10 унаа жана эки скутер Хонг Ха дарыясына кулап түштү. Үч адам куткарылып, 13 адам дайынсыз болууда, деп маалымдайт жергиликтүү бийлик. Узундугу 375 метр болгон көпүрө толугу менен урап калган жок, бирок аба ырайынын начар шартында калыбына келтирүү иштери тууралуу сөз жок. Аскерлерге тез арада калкыма…

Прочитайте больше

Кремль Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка жооп берди

Кремль Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка жооп берди

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Иран Россияга ракета жөнөтүп жатат деген маалыматка комментарий берип жатып, мындай маалыматтар ар дайым эле чындыкка дал келе берберин билдирди. 6-сентябрь эртең менен америкалык басылмалар, анын ичинде CNN өз булактарына таянып, Иран Россияга Украинадагы согуштук операцияларда колдонуу үчүн жакын аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды өткөрүп бергенин кабарлашкан. «Биз бул билдирүүнү көрдүк, мындай маалымат ар дайым эле чындыкка туура келе бербейт. Иран – биздин маанилүү өнөктөшүбүз, биз соода-экономикалык мамилелерибизди, кызматташтыгыбызды жана диалогубузду бардык…

Прочитайте больше

Лавров: Жакынкы Чыгыш ири аймактык согуштун босогосунда турат

Лавров: Жакынкы Чыгыш ири аймактык согуштун босогосунда турат

Жакынкы Чыгыш ири согуштун босогосунда турат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия – Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин министрлеринин жыйынында билдирди. «Жакынкы Чыгыш кайрадан ири аймактык согуштун босогосунда турат жана аны болтурбоо биздин жалпы милдетибиз», – деди ал. Лавров белгилегендей, дүйнөлүк коомчулуктун Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтото албаганы бүткүл Жакынкы Чыгышта: Ливан менен Израилдин чек арасынан Кызыл деңизге чейин аскердик-саясий кырдаалдын кескин начарлашына алып келди. Ошол эле учурда Израиль менен Ирандын…

Прочитайте больше

Тель-Авивде 500 миң киши Газада элдешүүнү талап кылып, көчөгө чыкты

Тель-Авивде 500 миң киши Газада элдешүүнү талап кылып, көчөгө чыкты

Тель-Авивде 500 миңдей адам ХАМАС кыймылы менен элдешүү жана израилдик барымтадагыларды кайтарып берүү талабы менен нааразылык акциясына чыкты. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазып чыкты. Барымтадагы үй-бүлөлөр форумунун эсебинде, 7-сентябрда Тель-Авивде 500 миңдей, өлкөнүн башка шаарларында 250 миңдей адам демонстрацияга чыккан. Басылманын маалыматына караганда, барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрү ар жуманын ишемби күндөрү нааразылык акцияларын өткөрүшөт. Бул жолу биринчи жолу демонстрация бир нече айдан бери Коргоо министрлигинин штабынын алдында өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык акциялары…

Прочитайте больше

Көчмөндөр оюндары: Бүгүнкү күндүн программасы

Көчмөндөр оюндары: Бүгүнкү күндүн программасы

Бүгүн, 9-сентябрда  V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, таяк тартыш, кураш, казак күрөшү жана эр эңиш боюнча мелдештер өтөт. Бардык мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө, ал эми финалдык беттештер саат 17:00дө башталат. Эр эңиш боюнча мелдешке Жекшенбек Турдубеков (60 кг), Бактыгул Райхан уулу (70 кг) жана Калыбек Бусурманкул уулу (80 кг) таймашат. Казак күрөшү боюнча килемге эркектер арасында Кемал Оболбеков (55 кг), Тугөл Канатбек уулу (60 кг), Байбол Саламат…

Прочитайте больше

Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

Кыргызстан “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарганын КР Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий тастыктады. “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт. Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат”, – деп…

Прочитайте больше
1 7 8 9 10 11 117