Акрык бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус боюнча 202 учур катталып, 591 бейтап илдеттен айыгышты.
Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык шатб кабарлады.
Сонку 24 сааттын ичинде Бишкек шаарында 107 учур, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 46, Ош облусунда 2, Талас жана Нарын облустарында 3төн учур, Ысык-Көл облусунда 18, Жалал-Абад облусунда 14 жана Баткен облусунда 7 учур катталган.
Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 199 164кө жетип, анын ичинен 189 983ү дартты жеңген.
Учурда ооруканаларда 966 бейтап дарыланып жатат жана 359 бейтаптын абалы оор болсо, 68 кишинин абалы өтө оор деп бааланганы айтылды. Ошондой эле, 3 784 адам медициналык жардамды амбулатордук шартта алып жатышат.
Акыркы бир күндө илдет өлкө боюнча үч кишинин өмүрүн алып, жалпы курмандыктардын саны 2896га жетти.
Эскерте кетсек, кечээ, бейшемби күнү Республикалык штабдын кезектеги жыйыны өтүп, саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну бүттү деп жарыялаган.
Анын айтымында, коронавирус жуктургандар менен ооруканага жаткырылгандардын санын карап төртүнчү толкундун бүткөнү боюнча тыянак чыгарууга болот.