FT: Кытайда төрөлүүнү жогорулатуу кампаниясы башталды

Кытай калкынын арасында төрөлүүнү стимулдаштыруу кампаниясын кеңейтти.

Бул тууралуу Financial Times (FT) жазып чыкты.

Ар кандай жолдор менен бойдокторду үйлөнүүгө, ал эми үй-бүлөлөргө бир нече балалуу болууга үндөшөт. Стимулдаштыруучу иш-чаралар жергиликтүү жана улуттук деңгээлде өткөрүлүүдө.

Жергиликтүү аткаминерлер турмушка чыккан аялдарга телефон чалып, качан балалуу болууну көздөп жатканын түз сурашат. Макалада айрым кытайлык аялдар ден соолугун текшерүү үчүн антенаталдык клиникаларга чакырылганы айтылат. Буга чейин бир же бир нече баласы бар үй-бүлөлөргө көп балалуу болгон үчүн атайын жөлөк пул берилет.

Мындан тышкары, Кытайдын университеттеринен жалгыз бой студенттерге багытталган “үй-бүлө куруу жана сүйүү курстарын” киргизүү талап кылынган.