ISPR: Пакистан Афган чек арасындагы 25 согушкерди жок кылды

Пакистандын коопсуздук күчтөрү эки чек ара району аркылуу өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган 25 согушкерди жок кылышты. Бул тууралуу Пакистан куралдуу күчтөрүнүн Коомчулук менен байланыш боюнча башкы башкармалыгы (ISPR) билдирди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 24–25-октябрда «Фитна аль-Хаваридж» деп аталган, Пакистандын «Техрик-е Талибан Пакистан»* кыймылы менен байланышкан экстремисттик түзүмдүн эки тобу чек ара аркылуу өтүүгө аракет кылган. Атышуу маалында 15 согушкер Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан аймагында, дагы 10 киши Куррам районунда жок кылынган. Окуя болгон жерден көп өлчөмдө курал-жарак, ок-дарылар жана жардыргыч заттар табылган.

Терроризмге каршы бул операциялардын жүрүшүндө Пакистандын беш аскери каза болду. Жаракат алгандар тууралуу маалымат берилген жок. ISPR билдиргендей, бул окуялар Пакистан менен Афганистандын делегацияларынын Түркиядагы жолугушуусунун фонунда орун алган. Исламабад Кабулдан чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү жана афган аймагын Пакистанга каршы чабуулдар үчүн колдонууга жол бербөө боюнча так чараларды күтүп жатканын белгиледи.

Маалыматка караганда, Пакистан Афган чек арасындагы 19 блокпостту өз көзөмөлүнө алган соң, Стамбулда чек ара коопсуздугу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өткөн. Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф билдиргендей, эгер тараптар келишимге келе албаса, өлкө «ачык согушка чейин барууга даяр».

* Бул кыймылдын ишмердүүлүгү БУУнун чечими менен тыюу салынган.