Politico: Ак үй Израилди тымызын колдогон

Америкалык расмий өкүлдөр Израилди Ливандын “Хезболла” кыймылына аскерий кысымды күчөтүү чечимин колдой тургандыктарына тымызын ишендиришкен.

Бул тууралуу Politico гезити израилдик жана америкалык расмий булактарга таянуу менен билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, АКШнын атайын чабарманы Амос Хокстин жана Улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Бретт МакГурк азыркы окуялардан бир нече жума мурун Израилдин жогорку даражалуу өкүлдөрүнө Кошмо Штаттары «Израилдин премьер-министринин стратегиясы менен макул» деп айтышкан. Биньямин Нетаньяху “Хезболланы” сүйлөшүүгө мажбурлоо үчүн жөөт мамлекетинин аскерий аракеттеринин борбору түндүккө жылышын билдирген. Кошумчалай кетсек, сентябрдын орто ченинде Израил тарап менен болгон сүйлөшүүдө Хокстин менен Макгурк акыркы айларда “Хезболланын”  алсыраганын эске алуу менен операциянын убактысын ушул учурга ылайыктуу деп сыпатташкан.

Ошол эле учурда, деп жазган Politico, Израилдин аракеттерин колдоо боюнча америкалык администрацияда бир пикир болгон жок. Жөөт мамлекетинин Ливанда операция жасоо чечими Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакка тартылып калышынан чочулаган “Кээ бир Пентагондун, Мамлекеттик департаменттин жана АКШнын чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнүн каршылыгын жаратты”.

Басылманын булактары ошондой эле америкалык тарап Израилдин операциясынын чоо-жайын билбегенин жана жөөт мамлекетин жаңжалды толук масштабдуу аймактык согушка алып баруу коркунучун жараткан ашыкча эскалациядан карманууга чакырганын белгилейт.

Комментарий жиберүү