АКШнын Сенаты келерки жумада Ак үйдүн башчысы Дональд Трамптын Иран менен болгон жаңжал боюнча ыйгарым укуктарын чектөө маселесин добушка коёт.
Бул тууралуу Конгресстин жогорку палатасындагы азчылыктын лидери Чак Шумер билдирди, анын сөздөрүн Reuters келтирет.
«Конгресс өзүнүн ыйгарым укуктарын тастыкташы керек, айрыкча мындай кооптуу учурда», — деп белгиледи сенатор.
Ошондой эле Шумер Трамптын билдирүүлөрүн «тең салмаксыз» деп атап, АКШнын аскердик аракеттерин сынга алды. Анын айтымында, бул аракеттер Иран бийлигин алсыраткан жок жана анын өзөктүк программасын токтотууга жардам берген жок, ошол эле учурда дүйнөлүк күйүүчү май баалары өсүп жатат.
Материалдын авторлору белгилегендей, акыркы айларда Конгресстин эки палатасындагы демократтар аскердик ыйгарым укуктар боюнча резолюцияларды кабыл алууга аракет кылып келишкен. Бул документтер президентти аскердик операцияларды баштоодон мурда мыйзам чыгаруучулардын уруксатын алууга милдеттендирмек. Бирок азырынча бул аракеттер ийгиликке жеткен жок.
АКШнын Конституциясына ылайык, согуш жарыялоо укугу президентке эмес, Конгресске тиешелүү. Бирок бул чектөө кыска мөөнөттүү операцияларга же өлкөгө түздөн-түз коркунуч жаралган учурларга колдонулбайт.