WSJ: Трамптын кеңешчилери ага Иранга каршы согуштан чыгуу жолун табууну сунуштоодо

АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчилери жеке сүйлөшүүлөрдө ага Иранга каршы согуштан чыгуу жолдорун издөө керектигин сунуштап жатышат. Максаты — коомдук колдоону жоготуп албоо. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) гезити өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Тегеран багынып берүүдөн баш тартып жатканы америкалык лидерди таң калтырган.

Президенттин айланасындагылар аскердик жаңжалдан чыгуу боюнча план түзүү зарыл деп эсептешет. Бул планды АКШнын Куралдуу күчтөрү коюлган максаттарга жеткенден кийин операция аяктады деген түрдө коомчулукка көрсөтүү сунушталууда.

Коомдук колдоо төмөндөшү мүмкүн

WSJ белгилегендей, Иранга каршы кол салууга чейин эле  коомдук колдоо анча жогору эмес болчу. Эгерде бул жаңжал узакка созулган согушка айланып кетсе, колдоо дагы да азайышы мүмкүн.

Трамптын штаттан тышкаркы экономикалык кеңешчиси Стивен Мур аталган гезитке мындай деген:

«Газ менен мунайдын баасы өскөндө, башка бардык нерселердин баасы да өсөт. Товарлар менен кызматтардын жеткиликтүүлүгү буга чейин эле көйгөй болуп келген, эми баалар дагы көтөрүлсө, бул олуттуу маселелерди жаратат».

Трамптын билдирүүсү

Дүйшөмбү күнү АКШ президенти журналисттерге берген маегинде Иранга каршы операция жакын арада аяктайт деп ойлой турганын билдирген.