Төө менен саякаттаган ирандык турист Азербайжандын Гянджа шаарына жетти

Төө менен саякаттаган ирандык турист Азербайжандын Гянджа шаарына жетти

Дүйнө жүзүн төө менен кыдыруу үчүн Хормозгон провинциясынан сапарга чыккан ирандык турист Мохаммад Амири Рудан Азербайжандын экинчи ири шаары деп эсептелген Гянджа шаарына жетти. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Азербайжандын “Аpa” агенттигинин кечээ, 19-январдагы билдирүүсүндө, ирандык саякатчы төө менен саякаттоосун мындан 9 ай мурун баштаганы жана ал Азерайжандын бир катар аймактарын басып өтүп, Гянджа шаарына киргендиги айтылды. Ирандык саякатчы кабарчыларга берген маегинде, Гянджа шаарынын тарыхы жөнүндө уккандыгын жана бул сапарында акын Низами Гянджевинин күмбөзүнө барарын билдирди. Ал…

Прочитайте больше

“Д” витамини менен боор майынын байланышы.

“Д” витамини менен боор майынын байланышы.

Ирандын медициналык ЖОЖунун илимий тобу “боор майы” илдети боюнча изилдөө жүргүздү. ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, “Фаса” илимий тобу боор майынын себептерин аныкташты. Белгилей кетсек, статистикага караштуу Иран калкынын 34%ы боор майы илдети менен жабыркашат. Мындай изилдөө башка өлкөлөрдө 30-40% экени белгилүү болгон. Боор майынын спирттик ичимдиктерден эмес болгон себептери бир канча болушу ыктымал. Алардын эң негизгиси , туура эмес тамактануудан. Ал эми ирандык медициналык тармактагы жаш илимпоздор бул илдеттин дагы бир себеби: “Д” витамининин жетишсиздиги…

Прочитайте больше

Өкмөт дары-дармек рыногун жөнгө салуунун жолун тапты

Өкмөт дары-дармек рыногун жөнгө салуунун жолун тапты

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Маалыматтардын электрондук базасын киргизүү дары-дармектер рыногун жөнгө салып, контрафакт менен күрөшүүгө жардам берет. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дары каражаттары жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жыйын учурунда дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасын киргизүүнүн I-II баскычтарын ишке ашыруу боюнча отчет сунушталып, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын жана фармацевтика чөйрөсүн…

Прочитайте больше

Саякатчылар үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды

Саякатчылар үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды

International SOS компаниясынын медицина жана коопсуздук боюнча эксперттери саякатчылар үчүн эң кооптуу делген өлкөлөрдүн рейтингин түздү. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай,  International SOS компаниясынын эксперттеринин баалоосу боюнча, 2020-жылы саякатчылар үчүн эң кооптуу өлкөлөр делип Ливия менен Сомали эсептелди. Эксперттер рейтингди түзүүдө үч жагдайды эске алышты: медицина, жеке коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугу. Эксперттердин айтымында, туристтердин ден соолугу үчүн кооптуу өлкөлөр делип Түштүк Судан, Гвинея, Либерия, Борбордук Африка Республикасы, Сьерра-Леоне, Нигер жана Эритрея аталды. Туристтердин жеке коосуздугуна көп коркунуч…

Прочитайте больше

Кыргызстандык жаран Нигериянын айылдарынын бирине таза суу чыгарып берди

Кыргызстандык жаран Нигериянын айылдарынын бирине таза суу чыгарып берди

Кыргызстандык Альберт Токторбаев Нигериянын суу таңкыс болгон “Майли Май 2” айылынын жашоочуларына таза суу чыгартып берди. Бул тууралуу анын туугандарынын бири Муртаза Жолдошев билдирди. Маалыматка караганда, чыгарылган таза суу айылда жашаган 150 тургунга кызмат кылат. Мурда бул айылында ичүүчү таза суу такыр болгон эмес. Көксөгөнүнө жетишкен айыл жашоочулары жердешибизге ыраазычылык билдиришти. Кошумча ирээтинде айта кетсек, Токторбаев Мьянма Өкмөтүнүн кысмагынан улам, Бангладешке качып өтүп, баш паанек алды делген рохинжа мусулмандары турган лагерге да таза суу чыгарып…

Прочитайте больше

Ирак жетекчилиги: 3,5 миллиондон ашуун зыяратчылар чегаралардан өтүп, өлкөгө киришти

Ирак жетекчилиги: 3,5 миллиондон ашуун зыяратчылар чегаралардан өтүп, өлкөгө киришти

Ирактын чегара кызматынын командири имам Хусейндин (а.с) кыркын эскерүү жөрөлгөсүнө  катышууга 3,4 млн. зыяратчы өлкөгө киргенин билдирди. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын чегаралык штабынын жетекчиси Хамед Абдуллах Ибрахим өлкөнүн чегараларынан 3,5 миллионго чукул зыяратчылар өтүшкөнүн кабарлады. Берилген маалыматтарга караштуу, зыяратчылардын көпчүлүгү  Ирандан келишкен жана бүгүнкү күнгө чейин зыяратчылардын саны 4 миллионго жетмекчи. Зыяратчылардын ден соолуктарын көзөмөлгө алууга Исландия, Англия, Австралия, Ирландия, Швеция, Голландия, Румыния, Украина, Иран, Пакистан, Арабстан жана Ирактан бардыгы болуп 130 дарыгерлер Кербаланын…

Прочитайте больше

Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 5 млн/ сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү. Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү. Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү…

Прочитайте больше

Ирандын чегараларынан 90 өлкөнүн жараны өттү

Ирандын чегараларынан 90 өлкөнүн жараны өттү

Сафар айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин 170 миң чет өлкөлүк зыяратчы Ирандын 6 чегараларынан Иракты көздөй өтүштү. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын “Рахиянэ – нур” базасынын командири өлкөнүн төрт чегараларын текшерүү пунктундагы ыктыярчылар чет өлкөлүк зыяратчыларга көмөктөшүп жатышканын билдирди. Белгилей кетсек, чегаралык пункттарда Иракка жөө бет алышкан зыяратчыларга турак жай, тамак-аш берүү жана медициналык кызматтар көрсөтүлүүдө. Рахиянэ – Нур базасынын командири Якуб Сулеймани  мындай кызмат көрсөтүүлөр өлкөдө 4-жылы катары уюштурулуп жатканын белгиледи. Сулеймани чет өлкөлүк…

Прочитайте больше

Өзбек ырчылары тойлорго киргизилген чектөөгө нааразы

Өзбек ырчылары тойлорго киргизилген чектөөгө нааразы

Өзбек ырчылары үйлөнүү үлпөттөрүндө аткаруучулардын санына чектөө киргизилишине нааразы. Сентябрда Өзбекстан парламенти той чыгымдарын азайтуу үчүн музыканттардын, коноктордун жана кортеждеги транспорт каражаттарынын санын кыскартуу боюнча жаңы эреже кабыл алган. Бирок көптөгөн өзбек ырчылары тойлордо кызмат кылуу менен өздөрүнүн эле эмес, көптөгөн үй-бүлөлөрдү багышарын билдиришүүдө. Ырчы Муниса Ризаева үйлөнүү тоюнда төрт ыр аткарып, 800 доллар табарын жана аны жамааты менен бөлүшөрүн айтты. Бул сумманын ичинен 450 доллар алты музыкантка, эки айдоочуга жана эки жан сакчыга бөлүштүрүлүп…

Прочитайте больше

Иран ашканасы: тоок котлети

Иран ашканасы: тоок котлети

Тоок эти “универсалдуу” эт азыгы болуп саналат. Seeiran/ir агенттигинин маалыматына ылайык, тоок эти кызыл эттин ордун толуктоочу ылайыктуу диеталык эт азыгына кирет. Ар бир 120 грамм тоок эти организмдин 70% протеинин камсыздайт жана анын майсыз жана эттүү бөлүгү  төшү экени белгилүү. Тоок этинен көп түрдүү тамактарды жасаса болот. Ал эми Иран ашпозчулары тоок этине көбүнчө шафран татымын кошуу менен даамдуураак жасашат. Төмөндө назарыңыздарга Иран ашканасындагы тоок этинен даярдалган дагы бир тамакты даярдоо ыкмасын сунуштайбыз: Тоок котлети…

Прочитайте больше

Бүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө

Бүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө

Аталган майрам дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде 30 жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет. Салттуу түрдө бул майрамда салтанаттуу иш-чаралар жана фестивалдар өтөт. Бул майрам Кыргызстанда дагы белгиленип, анда туристтик компаниялар тарыбынан өлкөбүздүн кооз аймактарына атайын турлар уюштурулат. Майрам жыл сайын 27-сентябрда белгиленет. Максаты – туризмди жайылтуу, өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан туризм багытын даңазалоо. Өлкөлөр аралык байланышты, достукту өнүктүрүү. Белгилей кетсек, 1979-жылы Испаниянын Торремолино шаарында Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдардын Башкы ассамблеясында 27-сентябрь туризм күнү деп бекитилген….

Прочитайте больше

Кыргызстанда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгилене баштады

Кыргызстанда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгилене баштады

Өлкөдө Мамлекеттик тил, башкача айтканда, кыргыз тили тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына 30 жыл болду. Ага карата жыл сайын атайын пландар бекитилип, майрамдоо иш-чаралары өткөрүлөт. Быйыл да 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн майрамдоо башталды. Мисалы, бүгүн, 20-сентябрда, Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинде 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекеме, ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана студенттер катышты. Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош кыргыз улуттук драмалык театрынын артисттеринин, окуу жайлардын чыгармачыл топторунун…

Прочитайте больше

Ош шаарында түрк кино күндөрү башталды

Ош шаарында түрк кино күндөрү башталды

Түрк кино күндөрү “Семетей” кино театрында “Бөрү” аттуу кинонун көрсөтүлүшү менен башталды. Кыргызстанда Жергиликтүү ой  – пикир коому Ош шаарында түрк кино күндөрү иш – чарасын өткөрдү. Бул жылы Ош шаары  Эл аралык түрк маданият уюму ТҮРКСОЙ тарабынан маданий  борбор шаар деп жарыяланган. Ош «Семетей» кино театрында «Бөрү» киносунун көрсөтүлүшү менен башталган жана «Нур» кино  театрында бүгүн да улантыла турган иш чаранын негизинде «Биз үчүн чемпион» жана «Жигердүү топ» кинолору акысыз көрсөтүлөт. Түркиянын Бишкектеги элчиси…

Прочитайте больше

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарынын акыркы даярдык иштери жүрүүдө

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарынын акыркы даярдык иштери жүрүүдө

Быйыл Кыргызстан 16-19-сентябрга чейин Улуттук көчмөндөр оюнун өткөрүүнү пландаган. Анын алкагында өлкөнүн 7 облус, 2 шаарынан катышуучулар келип, өз аймактарынын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшөт. Ошондой эле спорттук оюндар менен кошо маданий иш-чаралар дагы өтмөкчү. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан ca-irnews.com/kg/ сайтына кабарлашкандай, эртең, 5-сентябрда, улуттук маданий борборунун кызматкерлери Таласка кетишет. Алар акыркы даярдык иштерин көрүшөт. Улуттук көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү катары кыз-келиндердин боз үйдү тез чечүү сынагы болмокчу. 16-сентябрда улуттук ат оюндары башталса, 19-сентябрдан тарта…

Прочитайте больше

Үй жаныбарлары бар адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болот

Үй жаныбарлары бар адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болот

Окумуштуулар үй жаныбары бар адамдарда, айрыкча ит баккан кишилерде жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу аз болорун аныкташты. Бул тууралуу чехиялык дарыгерлер билдирип чыкканын MedicalXpress басылмасы жазды. Окумуштуулар жүрөк-кан тамыр системасы калыбында болгон 1 миң 769 адамга изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө катышкан адамдардын жашоо образы, тамактануусу, кан басымы, кандагы канттын өлчөмү, салмагы, холестерин жана физикалык активдүүлүгү эске алынган. Жыйынтыгында, үй жаныбарларын кармаган адамдар көп кыймыл аракетте болору жана туура тамактанары аныкталган. Ал эми, ит ээлеринин (жаш курагы,…

Прочитайте больше
1 2 3 5