Газада набыт болгондор 39 миңден ашты. Ал жердеги урандыларды тазалоого эле 10 жыл керектелери айтылды

Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 39 миңден ашканын Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

«Өткөн жылдын 7-октябрынан бери Израилдин агрессиясынын курмандыктарынын саны 39 006га жетип, 89 818 адам жарадар болду», – деп айтылат Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Министрликтин билдирүүсүндө ошондой эле Газада акыркы 24 саатта Израилдин кол салууларынан 23 киши каза болуп, 90дон ашууну жаракат алганы белгиленди.

17-июлда Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Газа тилкесинде болуп жаткан окуялар тарыхтагы эң документтештирилген геноцид экенин билдирген.

Газа тилкесиндеги гуманитардык катастрофа болуп көрбөгөндөй масштабга жетип, 40 миңден ашуун адам каза болду, ал жердеги урандыларды тазалоого 10 жыл керектелерин Евробиримдиктин тышкы саясат кызматынын башчысы Жозеп Боррель бүгүн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынына келгенде журналисттерге билдирди.

“Газада болуп көрбөгөндөй чоң адам жасаган гуманитардык катастрофаны көрүп жатабыз, 70 миң бала жетим калды, 40 миңден ашуун адам өлдү. Газаны кайра курууда урандыларды тазалоо үчүн эле 10 жыл керек”, – деди Боррель.

Андан мурда БУУ 100дөн ашык жүк ташуучу унаадан турган парк Газаны 40 миллион тоннага жакын таштандыдан тазалоо үчүн 15 жыл керектелеп, операциянын баасы 500 миллион доллардан 600 миллион долларга чейин болорун билдирген. Уюм Газада 137 миң 297 имараттын зыянга учурагандыгын тактап, бул жалпы имараттардын жарымынан көбүн түзөрүн кошумчалаган.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал былтыр 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алганын билдирген. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин Газадагы абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.

12-февралдан баштап Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштаган. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган.

Комментарий жиберүү