28-апрелде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин Кеңешмеси мамлекеттик №1 резиденцияда өтүп, өз ишин жыйынтыктады.
Жыйындын алкагында Иран Ислам Республикасынын Коргоо министринин орун басары, генерал-майор Реза Талаи Ник кеңири баяндама жасап, аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелерине токтолду.
Өз сөзүнүн башында ал Иранда АКШ менен израилдик режимдин биргелешкен террордук чабуулдарында шейит болгон Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи, Коргоо министри Азиз Насирзаде, аскер командирлери, “Дена” фрегатынын офицерлери жана жай тургундар, айрыкча Минаб шаарындагы 168 мектеп окуучусунун элесин эскерди.
Реза Талаи Ник Иран тарыхында эч качан башка мамлекеттерди колониялаштырууга же алардын үстүнөн үстөмдүк орнотууга аракет кылган эместигин, тескерисинче, өлкө ар дайым аймакта тең салмактуулукту сактоого жана туруктуулукту камсыздоого салым кошуп келгенин белгиледи. Ал Ирандын акыркы он жылдан ашык убакытта Россия менен биргеликте терроризмге каршы күрөшүн, айрыкча ИШИМ террордук уюмун талкалоо багытындагы аракеттерин өзгөчө белгиледи. Бул аракеттер аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту калыбына келтирүүгө өбөлгө түзгөн.
Ал акыркы бир жыл ичинде Иран эки жолу 2025-жылдын июнунда жана 2026-жылдын февралында АКШ жана Израиль тарабынан чабуулга кабылганын билдирди. Анын айтымында, бул аракеттер Батыш Азиядагы абалды курчутуп, аймакты олуттуу кризиске алып келген. Мындай аракеттер региондун саясий келечегине гана эмес, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте бүтүндөй эл аралык коомчулуктун саясий климатына жана коопсуздук архитектурасына таасир этиши мүмкүн.
Генерал-майор душмандардын агрессиясы Ислам Республикасы АКШ менен сүйлөшүүгө макул болгон учурда жасалганын белгилеп, бул кадамдарды “кооптуу, аморалдуу жана мыйзамсыз” деп баалады. Ошондой эле ал жарандык инфраструктуралар — мектептер, ооруканалар, заводдор, аэропорттор, көпүрөлөр, темир жолдор, диний жана тарыхый объектилер жабыркаганын баса белгиледи.
Анын пикиринде, бул агрессия БУУнун Уставынын, анын ичинде күч колдонууга тыюу салган негизги принциптердин одоно бузулушу болуп саналат. Мындан тышкары, ал бул аракеттерди аскердик кылмыш жана мамлекеттик терроризм катары мүнөздөдү.
Иран өкүлү өлкө өзүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянып, БУУ Уставынын 51-беренесине ылайык өзүн-өзү коргоо укугун пайдаланып, өзүнүн коопсуздугун, улуттук эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн чечкиндүү жана пропорционалдуу чараларды көргөнүн айтты. Натыйжада Иран агрессорлордун алгачкы эсептөөлөрүн үзгүлтүккө учуратты.
Ошондой эле ал АКШнын коңшу мамлекеттердеги аскердик базалары бул чабуулдарга катышканын айтып, натыйжада бул базалар Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу аскердик бутага айланганын билдирди. Мындан тышкары, Ормуз кысыгындагы соода кемелеринин тоскоолдуксуз өтүшү согуштук аракеттер аяктагандан кийин Ирандын коопсуздугуна коркунуч келтирбеген протоколдорду сактоо шартында калыбына келтирилерин кошумчалады.
Сөзүнүн кийинки бөлүгүндө Реза Талаи Ник бул жаңжал бир гана аймактык маселе эмес, глобалдык тенденция — күч колдонуу аркылуу маселелерди чечүү аракетинин белгиси экенин айтты. Бул, анын айтымында, эл аралык ишенимге жана эл аралык коомчулуктун нормаларына жана жалпы таанылган принциптерине олуттуу сокку урууда.
Ал АКШнын учурдагы саясатын кескин сынга алып, аны “коркунучтуу жана көзөмөлдөн чыгып бара жаткан багыт” катары мүнөздөдү. Ошондой эле дүйнө кооптуу жана алдын ала айтууга мүмкүн болбогон абалга жакындап бара жатканын белгиледи.
Реза Талаи Ник бүгүнкү дүйнө өтө татаал, көйгөйлөрдү коркутуу тили жана күч колдонуу аркылуу чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.
Анын айтымында, АКШнын өкмөтү азыркы мамилесинде адамзаттын, адеп-ахлактын жана маданияттын бардык чектерин ашып өтүп, мурдагыдан да ачыгыраак түрдө башка элдер менен болгон мамиледе айыптоо, коркутуу жана кемсинтүү риторикасын колдонуп жатат. Бул өлкөнүн президенти башка мамлекеттердин жаратылыш ресурстарын ээлеп алуу, бүтүндөй элдердин цивилизацияларын жок кылуу, географиялык аталыштарды өзгөртүү, башка өлкөлөрдүн мыйзамдуу аймактарына доо коюу жана мыйзамдуу өкмөттөрдү алмаштыруу тууралуу оңой эле сүйлөп калды. Мындай көрүнүштөр Венесуэла жана акыркы мезгилде Кубада да байкалууда.
Тилекке каршы, мындай ыкманын үстөмдүк кылышы дүйнөнү кооптуу, көзөмөлдөн чыкчу жана алдын ала айтууга болбой турган абалга жакындатууда. Бул өз кезегинде башка мамлекеттер үчүн да, аймактык жана эл аралык уюмдар, анын ичинде ШКУ сыяктуу көп тараптуулукту жана адилет дүйнөлүк тартипти колдогон түзүмдөр үчүн да чоң саясий чыгымдарга жана коопсуздук коркунучтарына алып келиши мүмкүн.
Ал акыркы окуялар эл аралык түзүмдөрдүн жана системалардын Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын аткарууда жана агрессорлорго каршы турууда натыйжасыздыгын дагы бир жолу ачыкка чыгарганын белгиледи.
Анын айтымында, учурдагы абалдан чыгуу үчүн чыныгы диалогго берилгендик, мамлекеттердин эгемендигин урматтоо жана бир тараптуу аракеттерден баш тартуу керектигин кошумчалады.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн субъективдүүлүгүнүн жана активдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу менен биргелешкен жамааттык коопсуздук концепциясынын алкагында аймакта жана дүйнөдө натыйжалуу роль ойноого жөндөмдүү.
Реза Талаи Никтин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы согуш бир тараптуу аракеттер кандай коркунучтарды жана тобокелдиктерди жаратарын дагы бир жолу көрсөттү. Азыркы АКШ жана “сионисттик режим” менен болгон каршылыкты жөн эле эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал катары эмес, Америка жетектеген үстөмдүк кылуучу системага каршы Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн каршылыгы катары түшүнүү керек. Бул согуш дүйнөгө бир тараптуулуктун жана глобалдык диктатуранын алсырап, кыйрай баштаганын жана көп уюлдуу дүйнөнүн түзүлүшү мүмкүн экенин ачык көрсөттү.
Ал мындан тышкары, ар бир аймактын маселесин ошол аймактагы өлкөлөр өздөрү чечиши керектигин айтып, араб өлкөлөрүнө кайрылып, Иран алар менен түбөлүк коңшу, тарыхы жана дини бир элдер экенин баса белгиледи. “Сионисттик режим” жетимиш жылдан ашуун убакыттан бери Батыш Азия аймагында туруксуздуктун жана коопсуздуктун булагы болуп келгенин унутпаш керектигин айтты.
Жыйынтыгында Иран ШКУ өлкөлөрүнө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, Ислам Республикасы ШКУнун жамааттык коопсуздукту чыңдоого жана жалпы коркунучтарга каршы турууга багытталган бардык демилгелерине, айрыкча терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүүгө активдүү катышууга толук даяр экенин билдирди.