Ирандын Mehr News маалымат агенттиги АКШ менен тынчтык келишиминин долбоорунда камтылган негизги жоболорду жарыялады. Маалыматтар Тегерандын сүйлөшүү тобуна жакын булак тарабынан берилген.
Булактын айтымында, документ 14 пункттан турат.
Алардын эң негизгилеринин бири — бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда дагы согуштук аракеттерди дароо жана толук токтотуу болуп саналат.
Вашингтон Иран Ислам Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, өлкөнүн эгемендигин урматтоого, деңиз блокадасын 30 күндүн ичинде толугу менен алып салууга жана Иранга чектеш аймактардан өз аскерлерин чыгарууга милдеттенет.
Мындан тышкары, Ирандын эрежелерин сактоо менен Ормуз кысыгын 30 күндүн ичинде ачуу каралган.
Документтеги башка пункттардын арасында Ирандын мунайына жана мунайдан өндүрүлгөн товарларга карата киргизилген санкцияларды алып салуу, ошондой эле Тегеранга финансылык булактарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу маселелери дагы камтылган.
«Ошондой эле АКШ жана анын өнөктөштөрү Иранды калыбына келтирүү үчүн кеминде 300 миллиард долларлык долбоорду сунуштоого тийиш», – деп айтылат материалда.
Андан кийин тараптар 60 күндүн ичинде өзөктүк маселе, АКШнын бардык санкцияларын толук алып салуу, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Башкаруучулар кеңешинин айрым резолюцияларын жокко чыгаруу боюнча акыркы макулдашууга жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантышат.
Бул мезгил аралыгында АКШ аймактагы аскердик катышуусун күчөтүүдөн жана жаңы чектөөлөрдү киргизүүдөн баш тартууга тийиш.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Тегеран Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдин (ДНЯО) алкагындагы ядролук курал өндүрбөө милдеттенмесин баса белгилеген. Өз кезегинде Вашингтон тынчтык жараяны башталары менен Ирандын бөгөттөлгөн активдеринин бир бөлүгүн бошотот. Сөз жалпысынан пландалып жаткан сумманын жарымына барабар болгон 12 миллиард доллар тууралуу болуп жатат.
Акыркы келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин атайын резолюциясы аркылуу бекитилиши керек. Келишимдин жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тараптар атайын механизм түзүүнү да пландаштырууда.
Акыркы сүйлөшүүлөр Ирандын тоңдурулган каражаттарынын жарымы бошотулганча, Ирандын мунай санкциялары токтотулганга жана деңиз блокадасы алынып салынганга чейин башталбайт.
Ал эми Ирандын ракета программасы жана каршылык көрсөтүү топторун колдоо боюнча талкуулар күн тартибинен биротоло алынып салынган.
Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен келишимдин бардык негизги шарттары боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилгенин жана документке жакынкы дем алыш күндөрү Европада кол коюлушу мүмкүн экенин билдирген.