Израилдин президенти Ицхак Герцог Казакстанга эки күндүк иш сапары менен келди. Бул Герцогдун Казакстанга болгон алгачкы расмий иш сапары. Аны “Акорда” резидентциясында президент Касым-Жоомарт Токаев тосуп алып, мамлекет башчыларынын жолугушуусу өттү. Эки тараптуу жолугушууда кызматташтык, түз каттамдар жана Авраам келишими боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

Бул аралыкта мамлекеттик саясий ишмер, эксперт, генерал-лейтенант Токон Мамытовго кайрылып, Астана менен Тель – Авивдин кызматташуусунун жаңы баскычтары боюнча бир катар суроолорду узаттык.
– Токон Болотбекович, Казакстан менен Израилдин ортосундагы саясий байланыштардын күчөшүнө кандай баа бересиз?
– Эки мамлекеттин саясий байланыштардын күчөшүнө баа бере турган болсок, Ицхак Герцог менен Касым-Жомарт Токаевдин ортосундагы дипломатиялык активдешүү – бул кокустук эмес, регионалдык жана глобалдык стратегиялардын кесилишинде пайда болгон мыйзам ченемдүү процесс. Бул жерде үч негизги фактор бар:
Биринчиден, прагматикалык көп векторлук саясат. Казакстан салттуу түрдө Россия, Кытай, Батыш жана Ислам дүйнөсү менен тең салмакты сактоого аракет кылат. Израиль менен жакындашуу – ушул саясаттын логикалык уландысы.
Экинчиден, технологиялык жана инновациялык кызыкчылык. Израиль дүйнөдөгү жогорку технологиялар, агротехнология жана киберкоопсуздук тармагында алдыңкы орунда. Казакстан үчүн бул – экономиканы диверсификациялоонун реалдуу булагы.
Үчүнчүдөн, Авраам келишимдеринин кеңейүү эффектиси.
Авраам келишимдери – Жакынкы Чыгыштагы геосаясий архитектураны өзгөрттү. Казакстандын бул процесске кызыгуусу – жаңы регионалдык альянстарга интеграциялануу аракети катары каралат.
Бул жакындашуу – идеологиялык эмес, таза прагматикалык жана экономикалык кызыкчылыктарга негизделген саясат.



– Херцогдун Казакстанга болгон сапары кызматташтыктын жаңы этабын белгилейби же күчтүү державалардын таасир талашуусубу?
– Бул суроого “же бул тарап – же тиги тарап” деп жооп берүү туура эмес. Чынында, эки фактор тең бар. Жаңы этап катары саясий диалог жогорку деңгээлге чыгууда. Экономикалык жана технологиялык кызматташтык кеңейиши мүмкүн. Мындан тышкары, Борбор Азия – Израиль байланыштары институционалдаша башталышы мүмкүн.
Казакстан төмөнкү державалардын кызыкчылыктарынын кесилишинде турат:
1. РФ – коопсуздук жана тарыхый байланыштар.
2. КЭР – экономика жана инфраструктура.
3. АКШ – инвестиция жана саясат.
4. Израиль – технология жана коопсуздук.
Ошондуктан, бул сапарды “чоң державалардын күрөшү” катары эмес, Казакстандын баланс сактоо стратегиясынын бир элементи катары түшүндүрүү туура.
– Израил – Палестина, АКШ – Иран конфликти курчуп турган шартта Астананын Тель-Авив менен кызматташуусу геосаясатта кандай таасир калтырат? Муну эки өлкөнүн кызматташтыгы жакшырып, Астана Тель-Авивге ооп баратат деп түшүнсөк болобу?
– Астана үчүн бул өтө сезимтал маселе. Казакстан нейтралдуулукту сактоого аракет кылат. Ал Палестина маселесинде салттуу түрдө БУУнун позициясын колдойт.
Менимче, Казакстандын Израиль менен кызматташтыгы – бул автоматтык “оошу же жылышы” эмес. Бул дипломатиялык нормалдуу практика. Көп өлкөлөр бир эле учурда Израиль менен да, араб дүйнөсү менен да кызматташат.
Ал эми АКШ-Иран чыңалуусу контекстине келе турган болсом, Иран Борбор Азия үчүн коңшу жана маанилүү оюнчу. Ошондуктан Казакстан эч качан ачык бир тарапты тандабайт.
Казакстандын Израиль менен жакындашуусу – бул геосаясий “бурулуш” эмес, диверсификация.
Израиль- Казакстан байланыштары күчөшү глобалдык кайра түзүлүп жаткан дүйнө тартибинин бир бөлүгү.
Бул процесс – экономика, технология жана коопсуздук кызыкчылыктарына негизделген. Казакстан бир тарапка өтүп жатат деген тезис – саясий жана илимий жактан негизсиз болуп калат. Себеби, Астана өзүнүн негизги стратегиясын сактайт. Бул көп векторлук саясат, нейтралдуулук жана баланс.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева