Ирандын жогорку лидери: ХАМАС тирүү жана жашай берет

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Израилдин чабуулунда шейит болгон ХАМАСтын Саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвардын өлүмү “Каршылык огун” токтотпой турганын айтты.

“ХАМАС тирүү жана жашай берет”, – деп Хаменеи мусулман элдерине жана аймактагы эр жүрөк жаштарга кайрылып жатып билдиргенин анын khamenei.ir расмий сайты жазды.

Ирандын Жогорку лидери бүт өмүрүн баскынчы душманга жана эзүүчүгө каршы күрөшкө арнап өткөн Яхья Синвардын жасаган иштерин жогору баалады.

“Мужахид-баатыр колбашчы Яхья Синвар өзүнүн шейит шериктерине кошулду. Ал Каршылык көрсөтүүнүн жана Жихаддын эң мыкты инсаны болгон. Ал өзүнүн болоттой бекем эрки менен эзүүчү-душманга жана  агрессорго каршы туруп, акылман чечими жана кайраттуулугу менен 7-октябрдагы орду толгус соккуну аймактын тарыхына түбөлүккө калтырып, андан кийин сыймыктануу менен шейит болду. Бүт өмүрүн баскынчы-душманга жана эзүүчүгө каршы күрөшкө арнаган ага окшогон адам бир гана тагдырга – шейиттикке татыктуу”, – деди Хаменеи.

Ал Синвардын өлүмү Каршылык көрсөтүү фронту үчүн албетте оор экенин, бирок бул фронт шейх Ахмад Ясин, Фатхи Шакаки, ар-Рантиси жана Исмаил Хания сыяктуу улуу инсандардын шейит болушунан улам токтобостон кыймылын улантышканын, Синвардын шейит болушу менен да фронт бир саамга да токтобой турганын кошумчалады.

Ирандын жогорку лидери Яхья Синвардын үй-бүлөсүнө жана жолдошторуна көңүл айтты.

Эске салсак, буга чейин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да Синвардын өлүмү агрессия жана оккупацияга каршы күрөштө каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ишин үзгүлтүккө учуратпасын билдирген.

ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун жетекчиси Яхья Синвар 17-октябрда Израиль армиясынын (ЦАХАЛ) Газанын Рафах шаарына жасаган чабуулунда каза болгон.

Синвар ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун жаңы жетекчиси болуп август айында шайланган. Ал Тегеранда Израилдин кол салуусунда өлтүрүлгөн Исмаил Ханиянын ордуна келген болчу.

Көбүнчө Абу Ибрагим деген ат менен белгилүү, 62 жаштагы Синвар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис качкындар лагеринде төрөлгөн.

Буга чейин Синвар Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болгон. Ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Израилдин түрмөсүндө өткөргөн. 1988-жылы ал Израилдин бийликтери тарабынан камакка алынып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Кийин ал 2011-жылы палестиналык туткундарды израилдик жоокер Гилад Шалитке алмашуу учурунда абактан бошотулган.

Түрмөдөн чыккандан көп өтпөй Синвар ХАМАСтын саясий бюросуна кирип, 2017-жылы Газа тилкесиндеги кыймылдын лидери болуп шайланган.

Комментарий жиберүү