Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана президенти Масуд Пезешкиан Израилдин чабуулуна комментарий беришти.
Аятолла Али Хаменеи Израиль Иранга сокку урууда жаңылып калганын айтты.
Бул туурасында ал шейит болгон коопсуздук күчтөрүнүн үй-бүлөлөрү менен жекшембиде болгон жолугушууда билдирди.
Ал өз сөзүндө Израилдин Иранга жасаган соккусун ашыкча баалоого ошол эле учурда эч нерсе болгон жок деп көңүлгө албай коюуга да болбой турганын айтты.
“Алар (Израиль – ред.) Иранга байланыштуу жаңылыш эсептөөлөрдү жасашты. Анткени алар Иранды жана Ирандын жаштарын жана элин билишпейт. Алар дагы эле Иран элинин күчүн, жөндөмүн, демилгесин жана күчүн туура түшүнө элек, муну биз аларга түшүндүрүшүбүз керек”, – деди Хаменеи.
Ал Израилге Иран улуту ким экенин жана анын жаштары кандай экенин түшүндүрүү үчүн жана иран элинин кызыкчылыгы үчүн так эмне кылуу керектигин өлкөнүн аткаминерлери чечерин белгиледи.
Ал эми өлкө президенти Масуд Пезешкиан Иран согушту каалабай турганын, бирок элдин жана өлкөнүн укуктарын коргоп, Израиль режиминин агрессиясына тиешелүү жооп кайтарарын жекшемби күнү министрлер кабинетинин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, Иран эли жана Ислам Республикасы 45 жылдан бери ар кандай агрессиянын алдында эч качан багынбай турганын көрсөттү.
Ал бүгүнкү күндө Израиль режиминин кылмыштары бүткүл дүйнөгө далилденгенин айтты.
“Бүгүнкү күндө баскынчы режимдин Америка баш болгон жактоочулары адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу сүйлөп жатып, бирок ошол эле учурда ырайымсыз израилдик режимдин он миңдеген аялдардын жана балдардын канын төгүп жатканыны унчукпай турганыны бүт дүйнө жүзү күбө болуп отурат. Бул балдар террорчу беле? Газадагы эзилген элдердин тамак-аш жана дары-дармек өтүүчү жолун тосуу согуштун жана цивилизациялуу дүйнөнүн принциптеринин бириби?”, – деди Пезешкиан.
Аны айтымында, бүгүн дүйнөдө ойгонгон абийирлер сионисттик режимди жана бул ырайымсыз режимдин кылмыштарын жек көрүүдө.
Ал сионисттик режимдин агрессиясы жана кылмыштары улана берсе, аймакта чыңалуу күчөй турганын белгиледи.
“Эгер сионисттик режимдин агрессиясы жана анын кылмыштары улана турган болсо, анда чыңалуу күчөйт жана Израилди бул трагедияларга АКШ түртүп жатканын биз билебиз. Алар (АКШ-ред.) бизге каршы согушту токтотууга убада беришкен, бирок өз убадаларын аткарган жок”, – деп кошумчалады Пезешкиан.
Эске салсак, 26-октябрга караган түнү Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын аймагына сокку урган.
Ислам Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрү Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы аскердик борборлорго сокку урулганын билдирип, Абадан коргонуу күчтөрү чабуулдун мизин кайтарганын, чабуулдан чектелген гана зыян келтирилгенин белгилеген.
Чабуулдан Иран армиясынын эки жоокери каза болгон.