Орусия дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын тизмесинде биринчи орунга чыкты

Дүйнөдөгү эң күчтүү отуз мамлекеттин армиясынын тизмесинде постсоветтик өлкөлөрдөн Украина, Өзбекстан жана Азербайжан бар. Кыргызстан бул катарга кирген эмес.

Азербайжандын куралдуу күчтөрү дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын рейтингине кирет.

Бул тууралуу Caliber.Az америкалык U.S. басылмасынын маалыматына таянуу менен билдирди. News and World Report басылмасынын жазганына караганда, Азербайжан армиясы рейтингде 29-орунга чыкты.

Рейтингге ылайык, Орусия Федерациясы дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын тизмесинде 1-орунда, ал эми Украина 8-орунда. Рейтингде 2-орунда АКШ, 9 миллион калкы бар Израил 3-орунда, 1,4 миллиард калкы бар Кытай армиясын басып өткөн.

Түрк армиясы да рейтингдин алдыңкы 10уна кирди. Ал эми Казакстандын армиясы 22-орунда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Тажикстан, Армения жана Грузия тизмеде жок.

Комментарий жиберүү