Азербайжан Тоолуу Карабакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялады

Азербайжан Тоолуу Карабакта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында операция баштаганын республиканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Үч тараптуу билдирүүнүн жоболорун камсыз кылуу, карабах экономикалык районунда масштабдуу провокацияларды токтотуу, куралсыздануу жана Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн түзүмдөрүн биздин аймактардан чыгаруу жана Азербайжандын конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында  аймакта антитеррордук иш-чаралар башталды», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта жогорку тактыктагы куралдарды колдонуу менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн турумдары катардан чыгарылып жатканы белгиленет.  Ведомство жарандык калкка жана инфраструктуралык объектилерге чабуул жасалбаганын билдирди.

Баку Россиянын бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгына жана түрк-орус байкоочу борборунун жетекчилигине маалымат бергенин белгиледи.

Тоолуу Карабактагы Степанакерттин жашоочулары шаар аткылоого кабылганын айтышкан Sputnik Армения маалымдады. Социалдык тармактарда ок атуулардын жана жардыруулардын үнү угулуп, шаарда абадан эскертүү берилип жаткан видеолор тарады.Видеоплеер

Комментарий жиберүү