Эрдоган: Украинадагы жаңжал узакка созулат

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган америкалык PBS телеканалына берген маегинде Украинадагы жаңжал узакка созулат деп эсептей турганын билдирди.

«Эгер ачык жана так айта турган болсок, бул согуш узакка созулаары жана жакында бүтпөй турганы айкын» деген Эрдоган.

Анын айтымында, Россиянын президенти Владимир Путин «жаңжалдын эртерээк аякташын жактайт».

«Путин мырза да согуштун эртерээк аякташын жактайт. Мен муну анын сөзүнөн гана айтып жатам, Путин бул согуштун мүмкүн болушунча тез бүтүшүн каалайт. Бул анын айткандары жана мен анын сөздөрүнө ишенем», — деп баса белгиледи Эрдоган.

Ал ошондой эле Россияга жана Путинге Батыштан кем эмес ишенерин айткан.

«Менде ишенбей коюуга негиз жок. Батыш кандай ишенимдүү болсо, Россия да ошондой ишенимдүү. 50 жылдан бери Евробиримдик бизди босогосунда күтүүгө мажбурлап келет. Азыр мен Россияга Батыштан кем эмес ишенем», — деген Эрдоган.

Россия Украинада атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Орус президенти Владимир Путин анын максатын «сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кордук жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо» деп атаган. Ал белгилегендей, атайын операция аргасыздан жасалган чара болуп саналат: Орусия «башкача кылууга эч кандай мүмкүнчүлүк калган жок, коопсуздук коркунучтары жаралгандыктан, башка ыкмалар менен жооп кайтаруу мүмкүн эмес».

Комментарий жиберүү