Ыйык Орозо айынын акыркы жумасында “Eurasia Today” маалымат агенттигинин кеңсесинде бүткүл дүйнөлүк “Эл аралык Кудс күнүнө” карата тегерек стол болуп өттү.
44 жылдан бери жыл сайын мусулмандардын Ыйык Орозо айынын акыркы жума күнүндө палестиндерге тилектештик билдирген “Аль-Кудс” күнү белгиленип келет. Бул жылы ал күн 14-апрелге туш болду.
Бул күн 1979-жылы Ирандын Жогорку лидери Аятолла Хомейнинин демилгеси менен Палестина элине тилектештиктин белгиси катары жана алардын укуктары үчүн күрөштү колдоо максатында бекитилген.
Жыл сайын бул күнгө карата Палестинанын кайгысына кайдыгер карабаган эл аралык коомчулук ар кандай иш чараларды өткөрүшөт. Кудс күнү дүйнө жүзү боюнча мусулмандар бир нече жылдардан бери Израилдин сионисттик режиминин эзүүсүнө туш болуп, жерлери тартылып алынып, укуктары тепселген боордош жана диндеш Палестина элине тилектештик сезимин билдиришип, аларга моралдык жактан колдоо көрсөтүшөт.
Бул күнгө арналган тегерек столго саясат таануучулар, эксперттер, саясатчылар катышып, Палестина маселесин чечүүнүн кандай жолдору бар жана Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши эмне менен аяктайт деген суроолорго өз пикирлерин билдиришти.
Саясат таануу илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Алина Молдокееванын айтымында, араб-израил жаңжалынын өтө узак тарыхы бар, тилекке каршы, ал эч кандай жол менен чечилбей келет. Бул кырдаал тараптардын өздөрү тарабынан демилгеленген эмес, ал үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнүн натыйжасы.
“БУУ бул маселени чечүү мүмкүн эмес экенин моюнга алып, Иерусалимге эч бир мамлекетке кирбеген эл аралык шаар статусу берилген. Белгилей кетсек, Палестинаны дүйнөнүн 198 мамлекетинин ичинен 138и мамлекет тааныйт, бирок эмнегедир Израиль Палестина жерлерин аннексиялоону улантууда”, – деп белгиледи саясат таануучу.
Анын айтымында, 2017-жылы Дональд Трамптын администрациясы Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, элчилиги Тель-Авивден Иерусалимге которулганын жарыялашы бүткүл дүйнөлүк коомчулукту оор абалга алып келген демарштын бир түрү болгон. Анткени Иерусалим – көптөгөн диндердин, атап айтканда, үч негизги диндин бешиги болуп саналат.
Ал ошондой эле апрель айынын башында, Орозо айында Израиль аскерлеринин Аль-Акса мечитинде палестиндерге каршы жасаган аракетине токтолуп, түнкү убакта адам коргонууга даяр эмес убакытта кол салганы атайын бир максатты көздөгөнүнөн кабар берерин жана ал кооптуу сигнал болуп саналарын белгиледи. Анткени мындай окуялар өрчүп олтуруп, олуттуу кандуу окуялардын башталышына алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Саясат таануучу араб өлкөлөрү Палестина боюнча бирдиктүү эмес экенин да баса белгиледи. Анын айтымында, АКШ жана Батыш Израилди өнүктүрүүдө абдан жигердүү колдоо көрсөткөнү эч кимге жашыруун эмес, Израилдин азыркы кездеги бардык аскердик артыкчылыктары Тель-Авив менен Вашингтондун ортосундагы коп жылдык достуктун натыйжасы болуп саналат.
“Жакынкы Чыгышта, башкача айтканда, Иракта, Кувейтте жана Сирияда болуп өткөн окуялар, Батыш коомчулугу көп жылдар бою экономикалык себептерден улам, көбүнесе саясий себептерден улам Жакынкы Чыгышты алсыратууга, аларга исламдын же кандайдыр бир демократиялык өзгөрүүлөрдүн желеги астында биригүүгө мүмкүнчүлүк бербөөгө аракет кылып келгенинен кабар берет. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан бул окуялардын баары бизге түздөн-түз дин көз карашынан таасир этет. Себеби биздин калкыбыздын басымдуу бөлүгү мусулмандар. Ошого жараша дүйнөнүн аркы тарабындагы мусулмандарга эмне болуп жатса, биздин коомдо да резонанс жаратат, – деди Молдокеева.
Ал Кыргызстан, албетте, АКШ, Россия жана Кытайдан айырмаланып, макрооюнчу эмес экенин, бирок ошого карабастан, Борбор Азиянын көпчүлүк мамлекеттери сыяктуу эле бир айкын позицияга ээ болушу керек экенин белгиледи.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы акыйкатчы, КР Малайзиядагы мурдагы элчиси Турсунбай Бакир уулу Палестина маселеси чечилбеген маселеге айланганын айтып, анын себептеринин бири – АКШнын Тель-Авивдеги сионисттик режимди ар тараптан колдоп жатканы деди.
Анын айтымында, Палестина – дүйнөдөгү бардык мусулмандарды бириктирүүчү фактор болгон маселелердин бири, суннит, шиит же светтик өлкөлөр болобу ага карабастан бул фактор бардык мусулмандарды бириктирет.
“Палестиналыктардын азабы ар бир мусулмандын жүрөгүн сыздатат. Ал бүгүн биз баарыбыз израилдик аскерлер Орозо айында Аль-Акса мечитинде палестиндерге агрессивдүү аракеттерди жасап жатканын жана ырайымсыздык менен басмырлап жатканын көргөндө ого бетер күчөп баратат”, – деди Жогорку Кеңештин экс-депутаты.
Саясатчы, тилекке каршы, бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугунун палестиналыктардын көйгөйүнө карата реакциясы митингдер, акциялар жана дипломатиялык билдирүүлөр менен гана чектелип жатканын, бул маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлбөй, алдыга жылбай жатканын белгиледи.
Ал Палестина көйгөйү чечилбеген маселеге айланганын айтып, бир кезде Россия менен Япония Курил аралдары жана Сахалин боюнча талаш-тартыштарды чечүүнү өз урпактарына таштоо чечимине келишкенин эске салып, Палестина маселеси дагы бул сыяктуу урпактарга калтырыларын айтып, азыркы өлкөлөрдүн бийликтери бул маселени чече алышпарын билдирди. Анын себептеринин бири АКШнын Тель-Авивдеги сионисттик режимди колдоп жатканы деди саясатчы.
“Мен азыркыга чейин Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныгым келбейт. Кээде Кыргызстан Израиль менен кошуна өлкө болбогондугуна өкүнүп кетем. Анткени азыр бир Тель-Авивдин саясатына түздөн-түз таасир эте албайбыз”, – деди Бакир уулу.
Анын айтымында, “Аль-Акса” мусулмандар үчүн ыйык жер, анткени ал жер мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон. Бул мечиттин маанилүүлүгүнүн дагы бир себеби Мухаммад пайгамбар дал ушул жерден Миражга көтөрүлгөн.
Саясатчы бүгүнкү күндө кырдаал жана жалпысынан дүйнө мурдагы жылдарга салыштырмалуу түп-тамырынан бери өзгөргөнүн, буга Украина кризиси далил экенин белгиледи. Ал бул олуттуу бурулуш (Украинадагы жаңжал) Палестина үчүн да маанилүү деди.
“Учурда соцтармактарда Батыштын оккупация маселеси боюнча саясатындагы кош стандарттуулугу тууралуу талкуулар болууда. Алар эмне үчүн Батыш өлкөлөрүнүн Украинага келгенде Россияны катуу жемелеп жатканын угабыз дагы, Израиль Палестина жерлерин басып алганы туурасында үн каткандарын укпайбыз деген суроолорду беришүүдө. Алар окшош жагдайларга бирдей мамиле кылуу керектигин айтышып, келгиле Палестина маселесин дагы Украинадай көтөрөлү, келгиле Израилди изоляциялап, Палестина элине каршы жасап жаткан кылмыштары үчүн санкцияларды киргизели деген сыяктуу пикирлерди билдиришүүдө”, – деди ал.
Анын айтымында, дүйнөлүк процесстердин өзгөрүшү Кытайдын саясаты менен да байланыштуу.
“Кытай бүгүн эки мусулман өлкөсүн: Иран менен Сауд Аравияны элдештирүүгө жетишти. Бул окуянын биз үчүн да оң мааниси бар. Эки алдыңкы ислам мамлекети кайрадан дипломатиялык алакаларды башташты жана алардын алдында турган негизги темалардын бири Палестина кризисин чечүү маселеси болот деп ойлойм”, – деп билдирди Бакир уулу.
Анын айтымында, учурда Израиль жөн олтурган жок. Ал саясатты өз кызыкчылыгына өзгөртүүгө аракет кылып, башка өлкөлөр менен иш алып барууда. Бул жерде катуу коррупция болууда. Малайзияда элчи болуп турганда Израиль оппозицияны сатып алуунун жана каржылоонун артында турган. Ал эми бүгүн европалыктар менен америкалыктардын Тель-Авивди колдоп жатканы Израилдин Тышкы иштер министрлиги жана Моссаддын жасаган иштеринин натыйжасынын бири.
“Биздин аткаминерлер да Израилге лоялдуу экени байкалган, менимче бул да бекеринен болгон эмес. Балким, баары эле эстей бербесе керек, бирок Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев бир жолу Кыргызстан Иерусалимди Израилдин борбору катары тааный турганын билдирген. Анда чоң жаңжал чыгып, бир катар араб өлкөлөрү менен мамиле солгундап кеткен. Атамбаевди канча урушпашсын, анын тушунда араб өлкөлөрү менен мамиледе жылышуу башталган”, – деп билдирди экс-депутат.