«Палестинада дүйнөлүк ири державалардын саясый кызыкчылыгы бар…»

 Жыл сайын Ыйык Рамазан айынын акыркы жума күнү бүткүл дүйнө жүзүндө Эл аралык Аль-Кудс күнү белгиленип келет – бул Ирандын диний коомчулугу тарабынан демилгеленген палестина элинин көзкарандысыздыгы үчүн болгон күрөшүнө тилектештик күн.

Бүгүнкү күндө бул маселе мурдагыдан да маанилүү жана көйгөйлүү болууда. Анткени бир гана палестина элине карата зордук-зомбулук эмес, ошондой эле Израилдин өзүнүн ичиндеги саясий тирешүүлөр да күч алып жатат.

Жакында эле бул аймакта дагы бир чыр-чатак орун алды. «Аль-Акса» мечитинде Ыйык Рамазан айына карабастан кечки намаз учурунда Израиль аскерлери палестиналыктарга зомбулук көрсөтүштү. Куранда Иерусалим мааниси боюнча исламдын үчүнчү ыйык жайы  катары эсептелет.

Бул  тирешүү азырынча болгону кандайдыр бир майда көрүнүш катары эсептелген менен кийинчерээк окуя андан ары курчуп кетиши мүмкүн.

Палестина кайрадан эл аралык коомчулукту израилдик аскерлердин ыйык жайга басып кирүүсүн айыптоо менен Жакынкы Чыгыштын көңүл борборунда болууга аракет кылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, 4-апрелден 5-апрелге караган түнү израилдик полиция Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине кирип барган.

Мындай кезектеги баскынчылыктын себебин Израиль мечиттин ичине палестиналык жаштар чогулуп алып, 5-6-апрелде иудейлердин Храмга чокунуу үчүн бара турган жолун торошу мүмкүн деп билдирди. Бул тирешүүнүн натыйжасында израиль аскерлери палестиналыктарды граната жана газ баллон менен аткылашып, бир нечеси жабыр тартты.

“Евразия Тудей” маалымат агенттиги 14-апрелде Аль-Кудс күнүнө карата Кыргызстандагы белгилүү дин таануучулардын, эксперттердин катышуусунда тегерек стол өткөрдү. Алардын бири, теолог, “Ислам изилдөө илимий институтунун” директору Маметбек Мырзабаев буларга токтолду:

– Менин оюмча Палестина маселеси мусулмандардын кайсы бир бөлүгүнүн гана маселеси эмес. Ошон үчүн бул көйгөй ушул күнгө чейин чечилбей келет. Орусча айтканда “Моя хата с краю” же мага жакшы болсо болду деген мамиле болбош керек.Ошондуктан бул жалпы эле мусулмандардын, мусулман өлкөлөрүнүн маселеси. Буга чейин эмне үчүн Палестина ушундай күчсүз абалга келди? Себеби мусулман мамлекеттери өздөрү менен өздөрү болуп, тилектештигин көрсөтө алышкан жок. Кыргыз элинде “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет”,- дейт. Бөлүнүп жүрүп ушул ахывалга келдик. Бул биринчиси.

Экинчи мен айта турган нерсе, Палестиналыктардын маселеси геосаясый жактан колдонулбаш керек. Себеби көп мамлекеттер Палестина маселесин көтөрөт, бирок өзүнө ылайыктуу жагдайда колдонот. Реалдуу бир Палестинага жардам бергендери деле жок. Кандай жардам берет? Мисалы, ошол эле гуманитардык жардам же болбосо геосаясый жактан Палестина элинин мамлекетин куруу боюнча олуттуу кадамдар ташталбайт, колдоо көрсөтүлбөйт деген сөз. Андыктан бул маселеде айтылган сөз менен жасалган иштин ортосунда айырма бар. Бул жагдай качан гана бири-бирине дал келсе, натыйжа болот. Сөз жүзүндө колдоо оңой, бирок иш жүзүндө колдоо кыйын.

Үчүнчүсү мындай, мусулман дүйнөсү Палестина маселесин чечиш үчүн биринчи кезекте Палестинанын күчтүү болушу шарт эмес. Алгач мусулман мамлекеттер экономикалык, геосаясат жагынан күчтүү болуш керек. Ошондо гана бир эле палестиналыктардын эмес, жалпы эле мусулмандардын кызыкчылыгын геосаясый деңгээлде коргой алат. Андыктан менин оюмча, биринчиден мусулман мамлекеттер өздөрү күчтүү болуш керек. Тилекке каршы азыркы учурда мусулман мамлекеттери өздөрү күчсүз. Ошондуктан бирдиктүү позицияны кармана албайт. Дал ушул жагдайдан улам Палестина маселесинде белгилүү бир позицияны кармана албайт, көз каранды. Бул маанилүү маселе. Ошондуктан менин оюмча, бул маселени биринчи кезекте мусулман мамлекеттери күчтүү болгондо гана чече алат. Мусулман мамлекеттери күчтүү болгондо гана сөздөрү угумдуу болгон. Ошол учурларда гана буга чейин дүйнөлүк деңгээлде өздөрүнүн айткандарын аткарып келишкен. Азыр мусулман мамлекеттир күчсүз болгондуктан бирөөсү оңду, бирөөсү солду карап калган. Керек болсо мусулман мамлекеттеринин бирдиктүү позициясын мындай коёлу, өздөрүнүн арасында да араздашуу бар. Ошондо гана Палестина, Аль-Акса боюнча белгилүү бир жыйынтыкка жетет деген ойдомун.

Ооба, мусулман мамлекеттеринин башын бириктирген Ислам кызматташтык уюму бар. Өткөндө чогулду, жакында дагы чогулабыз деп атышат. Бирок салмагы жок болуп жатпайбы. Мисалы, Иерусалимди борбор катары таанууда деле позициялары ар түрдүү болду. Себеби мусулман мамлекеттери биринчиден эркин эмес, экинчиден экономикалык жактан күчтүү эмес. Башка жакка көз каранды. Эгер бири-бирине көз каранды болсо деле жаман эмес. Тилекке каршы сыртка көз каранды. Бири оң уюлга көз каранды болсо, экинчиси сол уюлга көз каранды. Биримдиктин жоктугунун да себеби ошол. Мисалы, Европа союзунун ич ара анча-мынча пикир келишпестиктери болгон менен бирдиктүү позициясын билдире алат. Айтсак, Франция революциясынан кийин экономикалык жактан өнүгүүгө багыт алып, ошонун тегерегинде бириге алды. Идеолгияны ыр деп койсок болот. Курсагың ток болсо гана ырдайсың. Ошондуктан диний маселе менен алектенүү экономикалык жактан өнүгүүнүн натыйжасында болот. Радикализация да экономикалык маселелердин чечилбегендигинин идеологиялык жол менен чечилүүсүнүн айтылышы. Айтор, мусулман мамлекеттеринин экономикалык маселеси чечилгенде гана Палестина жана башка көйгөйлөрү чечилет деген пикирдемин.

Жакында Аль-Акса мечитине кол салынышы Израиль мамлекетинин Палестинаны провокация кылуусунун эң оңой жолу деп эсептеймин. Мисалы, Европа мамлекеттеринде Ыйык Куранды өрттөп жатпайбы. Бул мусулмандардын жинине тийүү болсо, Палестина маселесинде да Израиль тараптын кандайдыр бир деңгээлдеги ички саясый маселесин чечүүсү болуп саналат. Эгер байкасак, Израилде жергиликтүү же башка шайлоолор жакындаганда Палестинада ар кандай чагымчылдык аракеттерди көбөйтөт. Ошондуктан Палестина, Кудс маселеси Израилдин колундагы бир чагымчылдык кылуучу куралга айланды. Алардын Палестина маселесин чечүү максаты жок. Палестинанын экинчи аты – үстү ачык түрмө. Израилге үстү ачык түрмө керек. Бул биринчиден, мусулман дүйнөсүнө карата курал. Экинчиден, ички жана тышкы саясатында керек жагдай. Мисалы, шайлоо учурундагы ураандарын карасак деле канчалык деңгээлде бул жагдай колдонулгандыгын көрөбүз.

Комментарий жиберүү