Э. Эргешов: «Палестинада дүйнөлүк ири державалардын саясый кызыкчылыгы бар…»

 Жыл сайын Ыйык Рамазан айынын үчүнчү жумасынын жума күнү  эл аралык деңгээлде “Аль-Кудс” күнү белгиленип келет.

Бул Иран Ислам Республикасынын рухий лидери Аятолла Хомейни тарабынан демилгеленген Израиль  жерин басып алып, эли кордук көрүп келаткан Палестинага тилектештикти билдирген иш чара болуп саналат. “Евразия Тудей” маалымат агенттиги да кеңсесинде “Аль-Кудс” күнүнө карата тегерек стол өткөрдү. Анда Кыргызстан Ислам Университетинин Гуманитардык факультетинин деканы Эрмамат Эргешов өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

– Эгер тарыхый булактарга таяна турган болсок, “Диндер тарыхы” деген илим анык Палестина менен иудейлердин – жөөттөрдүн ортосундагы мамилеге жакындан алектенген предмет болуп саналат. Ошол диндер тарыхынын көз карашы боюнча караганыбызды негизинен азыркы учурдагы Аль-Акса мечити турган жер Байтул Макдус деп аталат. Ал Ыйык жер дегенди түшүндүрөт. Еврей маалыматтарына таянып караганыбызда, ошол жерлер жөөттөргө Кудай тарабынан убада кылынган жер деп аталат. Негизинен алардын тили менен айтканыбызда ал топурактар, ошол чек аралар жөөттөрдүн карамагындагы жерлер болуп саналат. Иврит тилинде Палестина деген сөздүн котормосу келгиндер деген маанини түшүндүрөт экен.

Жалпысынан караганда Палестина менен Иерусалимдин ортосундагы жаңжалда ошол ыйык деп эсептелген жерге ээлик кылуу же саясый өңүткө караганда көбүрөөк диний негиздеги салгылашуу болуп саналат. Ошондуктан дүйнө коомчулугу бул маселеге киришип, чечкенден оолак туруп калууда. Тилекке каршы Палестинанын кызыкчылыгын коргоо үчүн мусулман өлкөлөрүнүн баары эле бир позицияда эмес. Эгер Палестина өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоп коё турган болсо, ошол эле башка мусулман өлкөлөрү менен мамилеси бузулуп калышы мүмкүн. Андыктан БУУга мүчө өлкөлөр бул маселеге жакындаша албай атат деп ойлоймун.

Себеби бул жерде диний ыйыктык маселеси бар. Эгер ушул диний ыйыктык маселесине басым жасала берсе, анда бүгүнкү күндө Медина, Мекке шаарларынын да актуалдуулугу төмөндөп калуу коркунучу турат. Ошондуктан мусулмандар ал жердеги окуяларга түздөн-түз кийлигишип, өздөрүнүн активдүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көргөзө албай атат деп ойлоймун. Себеби өзүңүздөр билгендей эле тарыхта 1897-жылы булардын алгачкы аракети башталып, алардын “Жараткан тарабынан тартууланган жерине” кайтуу жүрүшү башталган. Палестина менен Израилдин ортосундагы келишпестик жарым кылымдан бери жүргөн болсо, еврейлер фараондордун доорунан бери эле куугунтукталып жүргөн калк да. Булар иудаизмдин дин катары сакталуу статусун сактап калуу менен улутташып кетүүсү да ушундан улам.

Негизи иудаизм белгилүү бир улутка түшкөн дин эмес. Бул христиан, ислам дининдей эле жалпы адамзатка келген диндер катары каралууга тийиш. Бирок өздөрүнүн улутташтыруу саясаты дагы акырындык менен бүгүнкү күндө ошол Израиль мамлекетинин түптөлүшүнө карай жасалган кадамдар болуп эсептелет деп эсептеймин. Эгер 1897-жылы алгачкы жерпайы түптөлгөн болсо, 1917-жылы эң негизги окуя бул Бальфур келишими болуп саналат. Ошол окуядан кийин дагы араб улутундагы элдердин жөөт улутундагы элдерди жок жерден өлтүрдү деген күнөөлөр менен  жаңжал дагы күчөдү. Бул жерде чоң күчтөр бар экендигин дүйнө жүзү билип турса дагы унчуга албайт. Тарыхый жактан маалымат катары айта турган болсок, бул жерде Англиянын түздөн-түз кийлигишүүсү бар. Анткени Бальфур келишими улуу британиялыктар тарабынан сунушталган. Ал келечекте Палестина аймагында Израиль мамлекетин куруунун алгачкы кадамы болуп саналат. 1947-жылдары Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Палестинага еврейлердин көчүп барышы, 1947-1949-жылдары уруштун күч алышы, 1948-жылы Палестина менен Израилдин ортосундагы дүйнөлүк деңгээлдеги көңүл бурууну жараткан согуштун чыгышы баары Батыш өлкөлөрүнүн Жакынкы Чыгыш аймагына үстөмдүгүн күчөтүү, башкача айтканда израилдиктерди колдонуу менен өздөрүнүн үстөмдүгүн бул аймакта орнотуу болуп саналат.

Чыгыш өлкөлөрүнүн өздөрүнүн маданияты, саясаты, цивилизациясы жүрүп атат да. Муну бир чети Осмон империясынын учурунда орнотулган эрежелерди жокко чыгаруу аракети катары да карасак болот. Акыркы эле маалыматтарды алсак, палестиналык аалымдардын башчысы Ясин өз сөзүндө жагдайды диний өңүттөн жоромолдоп берди. Бүгүнкү күндө бул мечиттин жарымын еврейлер өзүнүн синагогасы катары колдонгусу келет. Себеби 5-6-апрель алардын өздөрүнүн ыйык диний жөрөлгөлөрүн өткөрүүчү күн болуп атат. Ошонун алдында мусулмандарга кол салынышы, бир чети мусулман жаштардын еврейлерге каршы турушу да ошол мечитти ортосунан бөлүп, өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонуу максаты.

Негизи акырындык менен ыйык жерди ээлеп ала турган болсо, бүтүндөй бул аймактарды, мамлекеттерди толук кандуу өз көзөмөлүнө алууну көздөшүүдө деп эсептеймин. Мүмкүн саясый өңүттө дүйнөгө башка айтылып аткандыр, бирок бул жаңжалдын түпкү себеби- диний кызыкчылык. Себеби 1947-жылы булардын БУУ тарабынан Израиль мамлекетин кайра түзүү саясаты, ошол эле Израилдин 1948-жылы өзүнүн Эгемендүүлүгүн жар салышы. Бирок БУУга кирген 192 мамлекеттин 163ү гана алардын Эгемендүүлүгүн тааныган. Мындан тышкары Израилдин Эгемендүүлүгүн тааныган менен кайра кабыл албаган да 4-5 өлкө бар экен. Мына ушуларды эске алганда, азыр кайра калыптандыруу процесси жүрүп жатат. Анан 1993-1995-жылдары Осло келишимин эске ала турган болсок, дүйнө жүзү Палестинанын кызыкчылыгын коргоону, эркиндикке жетүүсүнө кайдыгер экендигин көрсөк болот. Осло келишими өзү күчтүү документ. Адам укуктары каралган. Бирок Палестинага келгенде эле Осло келишими ишке ашпай калып жатат.

Демек, бул жерде Батыштын кызыкчылыгы жогорку деңгээлде туруп, Чыгыш өлкөлөрүнүн укугу корголбогондугун көрөбүз. Палестинадагы окуяларга Россия менен Украинанын ортосундагыдай деңгээлде баа берилген жок. Мусулман өлкөлөрүнүн да буларга кийлигише албай жаткандыгы да ыйыктык маселесинде өздөрүнүн кызыкчылыгына доо кете турган кандайдыр-бир себептер бар. Болбосо арабдардын лигасы түзүлгөн да. Палестинада болсо арабдар жашайт. Арабдардын укугун коргоп беребиз деп чыкса болот. Бирок бул жерде алар дүйнөлүк деңгээлде өздөрүнүн ордун жоготуп алуудан чочулашат. Бир чети диний ыйыктык жагдайын колдонуу менен бул аймактын табигый кен байлыктарына үстөмдүк жүргүзүүнү көздөгөн түпкү кызыкчылык бар. Айтор, еврейлер кайсы бир дүйнөлүк державанын куралына айланып калууда.

Эки диндин өкүлдөрүн уруштуруп коюп, андан ары өздөрүнүн саясатын жүргүзүүнү көздөп жаткандыгын байкасак болот. Кээде мусулмандар бириккенде эле Палестина маселеси чечилип калат деген түшүнүк бар. Жок, андай эмес. Кээ бир учурда мусулмандардын сөзү өтпөй кала турган жагдай бар. Бул жерде ошол уюмдардын көңүлү тоюп же кызыкчылыгы башка жакка оогондо гана Палестина маселеси чечилет. Бир чети Палестинадагы Аль-Акса мечити жайгашкан жер үч дин үчүн да маанилүү болгон жер. Демек, бирөөнүн эле менчиги, ыйыктыгы деп кесе айтууга да болбойт. Чек ара көйгөйүн израилдиктер менен палестиналыктар өздөрү эле чечип коё турган маселе. Качан гана кошуна элдер ич ара тил табышса, дүйнө жүзү андан кийин жардам бере алат. Акыркы маалыматтар боюнча, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Махмуд Аббас менен Бенжамин Нетаньяху жок дегенде туристтер келген учурда урушпай туралы деп келишим түзүштү.

Араб лигасына мүчө төрт өлкөнүн “Аль-Кудс” күнүн  колдоого алып  жаткандыгын айтсак болот.

Даярдаган Эмилбек Момунов.

Комментарий жиберүү