Орусия жана Казакстандын президенттери Владимир Путин менен Касым-Жомарт Токаев “Орусия жана Казакстан элдеринин ортосундагы достуктун жана жакшы коңшулуктун жети пайдубалы жөнүндө” биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, деп билдирет ТАСС.
Азем Путиндин Казакстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Астанадагы Көз карандысыздык сарайында өттү.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков мурда билдиргендей, “Жети пайдубал” билдирүүсүндө эки тараптуу мамилелердин негизги принциптери бекемделген:
- бирдиктүү тарых жана аны объективдүү түшүнүү үчүн жоопкерчиликтүү мамиле;
- евразиялык интеграцияны өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттер, аймакта кызматташтык, коопсуздук жана диалог мейкиндигин түзүү;
- бирдиктүү чек аралар жакшы коңшулук жана кызматташуу мейкиндиги катары;
- экономикалык өнөктөштүк;
- тилдик жана маданий ар түрдүүлүк салттуу баалуулуктардын биргелешкен мурасы катары;
- жаштар, билим берүү алмашуулары жана спорттогу кызматташтык;
- келечекке карата биргелешкен көз караш.
Мындан тышкары Орусия менен Казакстан Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту. Токаев долбоорду колдогону үчүн Путинге ыраазычылык билдирди. “Бул долбоорду жеке колдооңуз үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет. Атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимдин стратегиялык маанисин кеңири баяндап берүүнүн кажети жок деп ойлойм, анткени бул баарына түшүнүктүү”, – деди казак президенти.
РИА Новости агенттигинин маалыматы боюнча, Путин Казакстанга үч күндүк мамлекеттик сапар менен келген. Ал бейшемби күнү эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуп, андан кийин тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Астанада Путин ошондой эле Евразиялык экономикалык форумга жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.