Чет элдик ЖМКлар билдиргендей, Израилдин согуштук учактары Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарындагы турак жайларга сокку урду.
Соккулардын бири Сафийеддин көчөсүндөгү Фарес имаратына тийип, өрт чыккан. Ошондой эле Тирдеги “Имам Хусейн” диний комплексине да чабуул коюлган.
Израиль армиясы 27-майда Ливандын түштүгүндө жана чыгышында, анын ичинде Тир жана Набатия шаарларында абадан сокку урууну уланткан.
Тир – Ливандын түштүгүндөгү эң ири шаар жана өлкөнүн эң маанилүү тарыхый борборлорунун бири, мусулмандар да жана христиан жамааттары да жашаган жер.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=576&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1389551586342926%2F&show_text=true&width=767&t=0
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 27-майда Израилдин чабуулдарынан 56 адам каза болуп, 103 адам жаракат алды.
25-майда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ливандагы “Хезболлага” каршы чабуулдарды күчөтүү жана кыймылды “кыйратуучу” жеңилүүгө учуратуу планын жарыялаган.
Эске салсак, Ливан менен Израилдин ортосундагы элчилердин деңгээлиндеги биринчи түз сүйлөшүүлөр 16-апрелде Вашингтондо өткөн. Анын жыйынтыгында АКШнын президенти Дональд Трамп эки тарап тең ок атышууну токтотууга жетишкенин жарыялаган.
Бирок келишимге карабастан, Израиль Ливандын түштүгүнө күн сайын чабуул коюуну улантууда. Жооп катары Ливандын “Хезболла” кыймылы Израиль күчтөрүнө каршы аскердик операцияларды жүргүзүүдө.