Араб өлкөлөрү Израилдин пландарына реакция кылууда

Араб өлкөлөрү Израилге Иранга ыктымал чабуул үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат бербейт.

Бул тууралуу NBC телеканалына дипломат билдиргенин Интерфакс маалымдады.

Ал кайсы бир араб өлкөсү израилдиктерге Иранга сокку уруу үчүн өз аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берери күмөндүү деп эсептейт.

Аймактык мамлекеттердин биринин дагы бир дипломаты белгилегендей, Иран жергиликтүү өлкөлөргө Израилге кандайдыр бир жардам көрсөтсө, бул согушка алып келиши мүмкүн деп эскерткен.

«Булуң өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши чыр-чатакка илинип калууга кызыкдар эмес. Биздин көңүлүбүз кырдаалды басаңдатууга багытталган», – деди ал.

NBC телеканалы Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи мурда Катар жана Сауд Арабияга барганын эске салат. Падышалыкта ал Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Комментарий жиберүү