Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Түркмөнстандын борборунда Владимир Путин менен Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкяндын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы баарлашуу делегациялардын катышуусунда башталып, андан соң сүйлөшүүлөр бетме-бет уланганын Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Владимир Путин: Урматтуу президент! Урматтуу кесиптештер, достор!

Мен, урматтуу  Президент, Сиз менен жеке жолугушууга жана биздин актуалдуу проблемаларыбызды талкуулоого мумкунчулук бар экендигине абдан кубанычтамын.

Иран менен мамилелер биз үчүн артыкчылыктуу жана алар абдан ийгиликтүү өнүгүп жатат. Быйылкы жылы биз соода жүгүртүүнүн өсүшүн көрүп жатабыз. Ырас, былтыркы төмөндөө калыбына келе элек, бирок тенденция жакшы.

Биз эл аралык аренада активдүү иш алып барабыз, дүйнөдө болуп жаткан окуяларга баа берүүбүз көп учурда абдан жакын. Бул тууралуу бүгүн да сүйлөшөбүз деп ишенем.

Иран Шанхай кызматташтык уюмуна жана БРИКСке толук кандуу мүчө болду. Мен Сизди ушул айдын 23-24-де Казанда БРИКС саммитинде күтөм, анда биздин эки тараптуу жолугушуубуз да бар.

Сиз менен дагы бир жолу жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугума абдан кубанычтамын.

Өз кезегинде  Владимир Путин  Масуд Пезешкианды Орусияга расмий сапар менен келүүгө чакырып, Ирандын президенти буга ыраазылык менен макул болгонун РИА Новости билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Путин Пезешкиан менен октябрда Казанда өтүүчү БРИКС саммитинде да сүйлөшүүгө ниеттенип жатканын тактады. «Биз ал жерде дагы эки тараптуу жолугушууну пландаштырып жатабыз», – деп кошумчалады орус президенти

Комментарий жиберүү